Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:43

К.Бакиев продукциясын чыгара элек цемент заводду ачты


Президенттикке талапкер Курманбек Бакиев Кызыл-Кыядагы өз продукциясын чыгара элек цемент заводунда болду. Ал заводду курууга салым кошкон бир катар адамдарга сыйлык тапшырды.

Курулушу мындан үч жыл мурда башталып, өз продукциясын чыгарууну август айынын биринчи он күндүгүнө пландаштырып жаткан Кызыл-Кыя цемент заводду президенттикке талапкер Курманбек Бакиев ачты. Бул жерде президент курулуш, уюштуруу иштеринде өзгөчөлөнгөндөргө мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Аймактагы шайлоочулар менен жолугушуу учурунда Курманбек Бакиев заводдун ишке кирүүсү менен элди куттуктап анын манилүүлүгүн айтты:

-Баарыңыздарды ушул көптөн бери күтүп жүргөн Кызыл-Кыядагы цемент заводунун ишке түшүүсү менен куттуктаймын. Биз ушул заводду ачып келдик. Бул завод жалгыз эле Баткен облусу эмес жалпы Кыргызстан элине, Кыргызстан экономикасына абдан чоң пайдасы тиет. Бул заводдун келечеги абдан чоң.

Андан сырткары аталган ишкананын курулушу башталаарда айтылган мөөнөтүнө бүтпөй калуусун же кечигип ишке берилип жаткандыгын митинг-пикеттер менен байланыштырды: “Башыбыздан абдан татаал мезгил өттү. Азыр эле ушул заводду ачып жатканыбызда айтып жатышат. Эгерде 2 жыл митинг-пикеттер болбогондо бул завод былтыр эле ишке түшмөк. Биз бийликке келгенде элдин бийликке ишеничи таптакыр кетип калган эле”.

Ал эми заводдун курулушунда балдары иштеген Марказ айыл өкмөтүнүн тургуну Разия Сейдакматова болсо Курманбек Бакиев менен жолугушууга келгендер арасында айласыз эле отургандар да болгонун, мактоого алынып жаткан ишкананын курулушунда нараазычылыктар бар экенин айтат:

-Кызыл-Кыядагы жолугушууга ыктыярсыз эле келип отургандарды да көрдүк. Цемент заводдун курулушу толук бүтө электе эле ачылыш жасашты. Бул заводдо биздин балдар да иштеп жүрүштү. 2-3 миң сомдон берип, 12 сааттан иштетип жатышты. 2-3 жолудан ууланып, ооруканага да түшкөндөр болду.

Ал эми президентткке талапкер Алмазбек Атамбаевдин Кадамжай, Кызыл-Кыя аймагы боюнча өкүлү Анвар Билалов болсо шайлоо алдында президент Курманбек Бакиев минтип көптөгөн мекемелерди ачып жатышы элдин ишенимине кирүүнүн бир жолу болуп жатат:

-Президенттик шайлоонун алдынан өзү шайлоочулардын ишенимине кирүү үчүн бүткөн да, бүтпөгөн да объектилердин баарынын ачылышын жасап, элдин көзүн боегонго аракет жасап жатат. Бул азыркы бийликке абийир алып келбейт деп ойлойм. Курманбек Бакиев Кызыл-Кыя шаарына келээрден бир күн мурда талапкер Алмазбек Атамбаевдин 48 үгүт плакаттарын шаар мэринин көрсөтмөсү менен түн ичинде алып салып, шаарды тазалап, биз “Сизди гана колдойбуз” деп, президентке жакшы көрүнүүнүн амалын жасады.

Бул ишкана "Кызыл-Кыя түштүк цемент заводу" жабык акционердик коом катары азыркы Президенттик администрация башчысы Данияр Усеновдун жетекчилиги астында долбоорлоно баштаган. Кийинчерээк бул заводдун курулушун мамлекет колдоого алып, бирок анын ээлик формасы жеке ишкана катары калтырылган. Заводду курууга Кытайдан ири инвестиция жана Казакстандын “Казына” инвестициялык фондунун кепилдиги ири салым болду.

XS
SM
MD
LG