Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

А. Бекназаров: Бийлик чоң чырга даярданып жатат


БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаровдун баамында, бийлик таза шайлоо өткөргөндөн коркуп, чоң чыр-чатакка даярданып жатат.

- Азимбек мырза, адегенде президенттик шайлоо алдында бийлик жана оппозиция тарабынан кетирилип жаткан мүчүлүштүктөр жайында кеп курсаңыз?

- Биринчиден, оппозиция тарабынан эмес, кыргыз мамлекети тарабынан бир топ кемчиликтер жасалууда. Бүгүн кыргыз мамлекети бир гана Бакиевге иштеп, өздөрү мыйзамды одоно бузуп, мурдагы күндөн тарта шайлоону баштап ийди. Мамлекеттик чиновниктердин бүт бардыгы айыл- айылдарда карапайым элди сатып алып жүрөт. Бул дагы кезектеги одоно мыйзам бузгандык болуп эсептелет. Бүт чиновниктер өздөрүнүн урук – туугандары менен иштеп атат, түздөн – түз президент дайындаган губернатор, аким, министр, милийса болобу, соту болобу, прокурору болобу, ачыктан ачык эле.

Ушулардын бардыгы үчүн укуктук мамлекет болгондо шайлоо мыйзамын буздуң деп, президентти алып салса болот эле. Бакиев бузган жок, ошо Бакиев дайындаган мамлекеттик кызмат адамдары үгүт өнөктүгүн жүргүзүүдө. Туш келген айылда кайсы чиновник болсо, ошол келип, туугандарынын арасында топ жана той уюштуруп, акча берип атат. Камалыш керек болчу булар. Жок, бул мамлекет тарабынан кадимкидей, тескерисинче уюштурулуп, жөнөтүлүп атат.

Ошондуктан, мен ойлоймун, бул шайлоодо кыргыз мамлекети уят болуп атат, кыргыз мамлекети сатып алып атат, кыргыз мамлекети өз элине кыянаттык кылып атат. Оппозиция тарабынан кандай кемчилик кетип атат? Биз ошолордун бардык кемчиликтерин тартып, актилеп, органга берген менен алар “эч нерсе түшкөн жок, эч нерсе көргөн жокпуз, эч нерсе алган жокпуз” деп атат.

Биздин кемчилигибиз – бийликтин ушунчалык мыйзам бузуучулук жана зомбулук менен кылган аракетине каршы аракеттерди жасабай атабыз. Кой, биз адилет шайлоо өткөрөлү, Бакиев айткан таза шайлоону биз ошо жыйырма үчүндө көрсөтүп берели, ошол күнү өзүбүз санап алалы деп, аларга теңелбей, бүгүндөн баштап эле мыйзам бузуучулук менен болду, шайлоо токтотулсун деп чыкпаганыбыз оппозициянын кемчилиги.

- Сиз айткандай, эки тараптан тең кемчиликке жол бербеш үчүн президенттик шайлоону кандай өткөрүү максатка ылайыктуу болот?

- Президенттик шайлоо мыйзам менен өтүүсү керек. Бу чү дегенде эле мыйзам бузуу менен баштабадыбы. Курманбек Салиевич быйыл октябрь айынын акыркы дем малыш күнүнө коюш керек эле шайлоону. Бул тарс этип, июль айына, жумушчу күнгө коюп койду. Беш жыл мөөнөтү бүткөндө коюш керек эле, бул тарс этип, төрт жыл мөөнөтү бүтө электе коюп койду. Жер-жерлерге барганда бүт мамлекеттик кызматкерлерин чогултуп алып, элдин турмушун кандай кылып атасыңар, Камбар-Атанын курулушу кандай курулуп атат, жер айдоо кандай болуп атат деген жыйын өткөргөндөй кылып, жалаң чиновиктерди, өзүнө баш ийген адамдарды чогултуп алып, “мени шайлайсыңар” деп атат.

Мен ойлойм, ушунун өзү президенттин үлгү болгондун ордуна өзү тымпыйып, балдары менен беш – алты тили буруу чет өлкөдөн келгендердин шайлоо кампаниясына иштеп чыккан пиары менен кетип атат. Бул президент адам, журт башчысы, мамлекет башчы катары «ай, бардыгыбыздын укугубуз тең, келгиле, силердин самолетуңар жок экен, менин самолетумда орун бар, чогуу баралы!. Эгер чогуу барбагандарга: “эй акимдер, буларга шарт түзүп бер! Мени кандай күтсөңөр, ошондой күткүлө! Бейбаштык болбосун, дүжүрлөр болбосун, кыйкырык – өкүрүк болбосун” деп айтыш мунун адамдык да , журт башчылык да парзы болчу. Андайды биз Акаевден да, Бакиевден да күтпөй калбадыкпы!

- Сиздин көз карашыңызда шайлоо алдындагы өлкөдөгү кырдаал кандай абалда?

- Кырдаал өтө опурталдуу. Анткени эки- үч күндөн бери жоокерлерди, казыналык мекемелерде иштегендерди массалык түрдө тизмелеп, алдын ала добуш бердиртип, алдын ала мыйзам бузганына мен кооптонуп турам. Эмне үчүн жоокерлерди алдын ала түгөлү менен, күч органдарын , атүгүл суу департаментинде иштегендердин бардыгын мамлекеттик иштер токтоп эле согушка кетчүдөй аракеттерди жасап атканына мен кооптонуп атам. Булар таза шайлоо өткөргөндөн коркуп жатат. Ушунун өзү эле – бийликтин чоң конфликтке даярданып атканынын белгиси, менин чоочуганым ушул болуп турат.

- Эки-үч күн мурда орусиялык стратегиялык изилдөөлөр институтунун сурамжылоосунун талдоосунан көрүндү. Анда түштүк аймактарда суралгандардын ичинде Бакиевди колдогону көп экен, 60 пайыздан ашыгыраак. Ал эми А. Атамбаевдики 2- 7 пайыздан ашпаптыр. Буга кандай жооп айтасыз ?

- Түштүк жергесинин добуш бере турган адамдары бүгүн түштүктө жок. Жок эле дегенде бераагы Бишкек менен Чүйдө жүрөт, дыйканчылык кылып, базарларда иштеп атат. Ошол жактан добуш берет. Экинчиден, көбү Россияда, Казакстанда жүрөт. Түштүктө кимдер калды? Мамлекеттик чиновниктер калган. Бишкекте иштеген чинивниктерди биякка айдаган.

Биз алты дубанды кыдырып келдик. Акыркы дубан – Таласка барганда, жүз элүүдөй машина Өтмөктөн тосуп алып, кайра Өтмөктөн узатып коюшту, эки күн кыдыргандан кийин үч миңден кем адам болгон жок. Бир дагы Бакиевдин сүрөтүн көргөн жокпуз.

Бул Бакиевди жаман көргөндөн эмес, Бакиевдин тура эмес саясат жүргүзгөндүгүнөн элдин көңүлү калгандыгынан болуп атат. Бул Атамбаевдин мыктылыгы эмес, оппозициялык адамдардын бириккендигинде. Бир талапкерди алып чыгып, ынтымакка келгендигин эл жактырып жатат. “Ынтымакка келипсиңер. Ушу ынтымакты жоготпой, эми аягына чейин туу туталы, түштүк – түндүк деп бөлүнбөй, бөлүнсөк адал – арам деп бөлүнөлү” деп, бардык жерде аксакалдар айтып атышат.

Кайсы дубанга барба, ак боз ат мингизип, батасын берип, бардыгыбыздын үмүтүбүз ишке ашса экен деп, үй- бүлөлүк башкаруудан кутулсак экен деген нерсени бардык жерде айтып атышат. Түштүктө сурамжылоодо Атамбаевдики алты – жети пайыз дегенге мен кошулбайм. Бүгүн эле биз Роза Отунбаева экөөбүз үч- төрт жерде жолугуп келдик. Бакиевдин штабынын башчысы деле келди. Үч айыл өкмөттүн башчысы жаныбызда турду. Биз сүйлөп атканда алар деле макул болуп, башын ийкешти.

Мен айттым, аларга «бөлө турган эч нерсе жок. Добушуңду бер, каалайсыңбы Бакиевге бер, каалайсыңбы , үй – бүлөңдү, коңшу , туугандарыңды добуш бергиз! Бирок элдин берген добушун протокол менен бурмалаба, уурдаба! Ага сен үндөбө, бул уурулук – шарият боюнча да, мыйзам боюнча да сен жазаланасың, эртеби- кечпи” деп айтсам, Бакиевдин штабындагылар да башын ийкегилеп атат, ошерге келген айыл өкмөт, акимдери. Бул деген алардын деле ичинен Атамбаевди колдогондугунун белгиси. Бакиевден жеп аткан токоч – нанынан айрылып калбайын деп, аргасы жок, “мойнунан байлаган ит ууга жарабайт” дегендей, көзгө көрүнүп жүргөнү.

- Демек, сиздин ишенимде, бул шайлоодо А. Атамбаев жеңиши ыктымал. Кокус ал утулуп калса, эмне болот, кырдаал кандай болот?

- Таза шайлоо болсо, сөзсүз БЭК жеңет, карапайым эл жеңет. Бул шайлоо кампаниясында Кыргызстанды экиге бөлүп койбодукпу1 Бакиев жалаң чиновниктерге жолугат, жамынып – жашырынып, өзүн курчатып алган милийсасы менен өзүнө баш ийген чиновниктерине. Бакиев карапайым эл менен жолугушууну каалабай жатат.

Эмне үчүн жалаң чиновниктер менен жолугат? БЭКтин талапкери А. Атамбаев ачык жерде карапайым эл менен жолугуп келатат. Эмне үчүн Атамбаевдин жолугушуусуна бир да чиновник басып келбейт?- деп эл өздөрүнчө анализдеп, ойлоно баштады. Коом экиге бөлүндү.

Ошондуктан мен ойлойм, Бакиев менен Атамбаевдин ортосунда эмес күрөш азыр, чиновниктер, коррупционерлер менен карапайым элдин ортосундагы шайлоо болгону турат. Ушундай саясий кризиске келгенде, көпчүлүк учурда карапайым эл жеңген. Аны 2005- жылкы окуялардан улам Бакиевдин өзү да билет.

- Таш-Көмүр шаарындагы жолугушууда президент Курманбек Бакиев оппозициядагылардын көбүнө жумуш бергенин, иштей албагандары кызматтан кеткенин айткан. Коомчулукта айрым саясатчылар оппозицияда бийлик талашкандар топтолуп алган деген пикирди айтып келатышат?

- Оппозицияда бийлик талашкандар болсо, Бакиевдин колтугуна өтө качышты Атамбаевдин партиясынан Бабанов, Артыкбаев, Рысалиев, бир топ адамдар, Эшимканов, Куловго окшогондор. Бийлик талашкан оппозиционерлер деп ошолорду айтса болот. А биз, Бакиев премьер кезинде эле, Акаевдин колтугунда жүргөндөн баштап, ай, үй-бүлөлүк башкарууну сындыралы деп жүргөн адамдар калдык. Бакиевдин колтугунда жүрсөк, Текебаев – спикер, мен баш прокурор болуп жүрө бермекмин.

Акаевдин анча –мынча обьекттерин элге алып берем дебей, Жаныш менен Максимге алып берип коюп, жүрө берсем, жүрө бермекмин. Бирок бизде бүгүн тандалып – ыргалып, он сегиз жылдан бери үй- бүлөлүк башкарууну сындыралы деген гана адамдар калды.Ошон үчүн бүгүн эл БЭКке ишенип, аны колдоп атат.

Бакиев айткандай, айрымдарына кызмат берсем иштей албай койду дегенине мындай айтайын, Бакиев кызмат берем деп чакырбай калыптырбы? Атамбаевди чакырбай калыптырбы? Жакындан бери эле Атамбаевди чакырып атат, кой, антели – минтели деп. Бирок биз кызматты эмес, заманды өзгөртөлү деп атабыз. Үй – бүлөлүк башкарууну сындыралы деп атабыз.

Эртең биз керек болсо, ушуну сындырып алсак, кызматына да барбайбыз. Убактылуу өкмөттө он сегиз жыл бою уурдалгандарды элге кайтарып берип, элдин өзүнө ошо акимдерди, айыл өкмөтүн дагы, участкалык милийсасын дагы шайлап алганга укук берели. Мына булар силерге кул катары кызмат кылып бериши керек.

Мына булар силерди кордобош керек деген заманды алып келип берели деп атабыз. Биздин негизги максатыбыз ушул болгону үчүн эл колдоп атат. Эгер кызмат эле керек болсо, биздин оппозициядагылар үчүн Бакиевдин колтугу ачык. Ошондо жанагы кошомат кылып аткандар быякта эле калат.

Ага эки эле сөздү айтып койсок, « Курманбек Салиевич, биз тура эмес кылып жүрүптүрбүз. Көрсө, сиз туптуура иш кылып аткан турбайсызбы” десек, мына деп кызматка алпарып коет. Кеп – бүгүн кызматта эмес, кеп – президенттикте, мамлекеттик бийликте эмес , кеп – кыргыз улуту өз элинде кул болобу, же ага ээ болобу деген маселе болуп атат.

Коңшу мамлекеттер күндө келип, жериңди ээлеп, басып келатат. Бийлик аны кайтарбай, оппозицияны кайтарып атат. Эл тентип Россияда, көрүнгөн жерден өлүгү келип атат. Өзүбүздзн жерибиздеги кен байлыктарды кошуна мамлекеттин эли казып, алып, ташып кетип атат. Кеп – мына ушул маселелерде болуп атат.

Биздин урпактарга кичине ырыскысы калабы, же жокпу? Мамлекет калабы же жокпу? Мына Чекти ( Ноокен районунда) басып алды, унчуккан жок. Каркыра кетти, унчуккан жок. Алтымыш чакырым Торугартты Кытайга бериптир да, мына эми мойнуна алышып атат, муну бажы менен чек арачылар берип койгон экен деп.

Эгер муну оппозиция көтөрүп чыкпаса, баягы Үзөңгү – Кууш жең ичинен кеткендей, кетет эле да. Ошондуктан мен ойлойм, маселе тап – такыр башкада, бийликте, президенттикте эмес, заманыбызда. Кандай заман алып келебиз? Кандай бийлик орнортобуз? Кандай мамлекет, кандай эл болобуз? Мына ошону көбүрөөк ойлоо керек.

- Азимбек мырза, бийликтин оңдуу жактарын калыстык үчүн айта кетсеңиз? Эл үчүн камкордук көргөнүн байкап жатасызбы?

- Мисалы, Курманбек Салиевич, Камбар-Ата – улуттук, кылымдык курулуш деп оң жагына жарыялап айтат. Мындай курулуш Кыргызстанда эч кандай болгон эмес деп… Ушул Таш-Көмүрдө Аскар Акаевич 2003- жылы эки ГЭСти ишке берген, Таш-Көмүр – 1 – 2 ни, Шамалдуу-Сайда. Биз депутаттар, Апсамат Масалиевич болуп келип, тасмасын кыркканга катышканбыз. Ошол ГЭС эмнеге курулган ? Ушул энергетиканын кирешесинен курулган. Анткени, энергетиканын бир киловатты тогуз тыйын, элге жетимиш тыйындан сатат. Ортосундагы айырма акча каякта?

Көрсө, Акаевдин уурулары азыркы бийликтин ууруларынан азыраак экен. А биз ыңкылапчылар Бакиевди бийликке алып келгенде энергетика кризиске отуруп калбадыбы, жарык өчүп. Тезек терип калдык. Эмне үчүн жамандап аткан ушул Акаевдин маалында эки ГЭС ишке берилет? Ошол ГЭСтердин башчысы эл өкүлдөр палатасынын депутаты Осмон Бакиев деген болгон. Ошол ишке берген. Ошол кезде карыз албай эле ГЭС курдук го!

Бүгүн Россиядан карыз алып куруп, ошонун отуздан ашык канча пайызын Россияга берип, ошолор ээ болот, биз эмес. Жок, бул улуттук курулуш эмес. Уурдабай койсок, андай ГЭСтин он – он бешин өзүбүз эле куруп алмакпыз.Энергетика өтө кирешелүү тармак. Мына, жакшылык жагын айтайын! Бул жакшылык жагын айтайын десең, дагы айткың келбей атпайбы!

- Мазмундуу маегиңиз үчүн чоң рахмат, Азимбек мырза!
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG