Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:33

Максим Бакиев мамлекеттик кызматка келди


Президент Курманбек Бакиев өзүнүн уулу Максим Бакиевди Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин башчысы кылып дайындады.

Максим Бакиев президент К. Бакиевдин кенже уулу. Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинде окуп билим алган. Буга чейин Кыргызстандын ичинде ишкерлик менен алектенип келди. Курманбек Бакиев уулунун ишкерлик өнөрү күчтүү чыгып, эл аралык деңгээлге жеткенин соңку президенттик шайлоо маалында айтып мактанганы бар.

Максим Бакиев ишкерликтен тышкары Күрөш Федерациясынын президенти катары дагы спорт чөйрөсүнө таанымал.

Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын төрагасы Улугбек Ормонов М. Бакиевди мыкты ишкер, инвестиция тартуу боюнча жөндөмдүү адис экенин айтып, бул дайындоонун туура болгонун билдирди:

- Максим Бакиев ишкер катары өзүн көрсөтүп, сырт жактарда инвестиция менен иштеп жүргөндүгү баарыбызга белгилүү. Ошондуктан бул дайындоо Кыргызстанга инвестиция тартып келүүгө, экономикасын көтөрүүгө жардамын тийгизет.

Өлкөдөгү оппозициялык күчтөр президентти үй-бүлөлүк башкарууга жол берди, анын жакындары мамлекеттик башкарууга аралашып жатат, деп сындап келишчү эле. Бул дайындоо ошол айтылган сындардын далили болуп калбайбы? Улугбек Ормонов бул жерде мындай сындоого негиз жок деп эсептейт:

- Инвестициялык агенттик – бул мамлекеттик башкаруу эмес, тескерисинче Кыргызстанга инвестицияларды тартып өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө болгон аракеттердин бири. Эгерде өкмөт башчы кылып, же өкмөттүн мүчөсү, министр кылып дайындаса бул башка кеп. Максим Бакиев бул иштен өзүн көрсөтсүн. Эгерде чет өлкөлүк ишкерлер менен мыкты иштеп, инвестиция тартып келген болсо, биз аны колдошубуз гана керек

Бирикен элдик кыймылдын мүчөсү Топчубек Тургуналиев Максим Бакиевдин мамлекеттик кызматка келишинде таң каларлык эч нерсе жок деп билдирди. Анын пикиринде, Бакиев бүткүл дүйнөгө реформа деп даңазалап жатканы чыныгы реформа эмес, бул кадамдын стратегиялык максаты бар:

- Курманбек Бакиевдин экинчи мөөнөтү эртең бүрсүгүнү бүтөт. Ошондо бүгүнкү үй-бүлөлүк, тоталитардык, диктатураны ким башкарып калат. Президент Бакиедин туугандарынын, уулдарынын ичинен эң “крутойу” бул – Максим. Бул жерде атасы менен уулунун ою бир чыгууда. Эми алар Максим Бакиевди аз-аздан мамлекеттик башкарууга аралаштырып, эртеңки күнү тажрыйбалуу деп Азербайжандагы Алиевдердин сценарийи боюнча бийликти атадан балага өткөрүүнү көздөөдө.

Топчубек Тургуналиев “Ак жол” фракциясынын төрагасы Улугбек Ормоновдун М. Бакиевди мыкты ишкер, инвестиция тартуу боюнча жөндөмдүү адис катары мактаганын президентке толугу менен көз каранды адамдардын жагынуу пикири катары сынга алды:

- Эгерде Максим өз мээнети менен миллиондогон, миллардаган акчаны таап жатса, эгерде ал эч кандай мыйзамды бузбай Кыргызстандын майлуу сүттү ишканаларын менчиктештирбесе, бир сөз менен айтканда эбегейсиз чоң деңгээлдеги адам болсо татыктуу деп айтсак болот эле. Бүгүнкү Кыргызстанда ким айта алат Максим Бакиев өз эмгеги менен жогорку кызматка жетип жатат деп. Атасынын бийлигин пайдаланып баласы дагы уламдан улам тепкичтерге көтөрүлүп баратат. Ошондуктан аны татыктуу деп эч ким айта албайт.

К. Бакиевдин улуу баласы Марат Бакиев Улуттук коопсуздук кызматынын башкармалыгынын башчысынын орун басары. Иниси Жаныш Бакиев Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси.

Дагы бир иниси Марат Бакиев Кыргызстандын Германиядагы элчиси. Бир тууганы Каныбек Бакиев Сузак районундагы “Ырыс” айыл округунун башчысы. Кийинки иниси Адыл Бакиев Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинде иштейт. Акмат Бакиев Жалал-Абатта жеке ишкер.

Президент К. Бакиевдин дагы бир буйругуна ылайык, Өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп иштеп келген Алексей Елисеев Максим Бакиевдин орун басары болуп бекиди.

XS
SM
MD
LG