Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Төрт багыттын төрт тарабы кыбыла...


Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин башчысы Максим Бакиев агенттик артыкчылык берген төрт багытты аныктады. Ал багыттар өнүктүрүүгө тиешеси барбы?

Кыргыз мамлекетиндеги көп эмес активдерди өнүктүрүүгө жумшоо зарылчылыгынан улам 2006-жылы Өнүктүрүү фонду жөнүндөгү мыйзам кабыл алынып, андан кийин фонддун өзү түзүлгөн. Фондко Кумтөрдөн түшкөн 86 миллион доллар сыяктуу каражаттар берилип, өз кезегинде ал акчалар өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жумшалыш керек деп чечилген.

Өнүгүү болсо бул - заманбап технология менен жабдылган жаңы ишканаларды куруу жана аларда өндүрүлгөн продукциялардын дүйнөдө суроо-талапка ээ болушу экени маалым. Ошондуктан фонддун күчү менен региондордо кайра иштетүүчү ишканаларды куруу идеясы көп айтылган.

Өнүктүрүү фонду да баш ийе турган Максим Бакиев башында турган Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик болсо төрт багытта иш жүргүзөөрүн 2-ноябрда жарыялады. Ал багыттарды Максим Бакиев мындайча атады:


- Биринчиси - ипотекалык компания түзүү. Бул долбоордун максаты - Бишкекте 100 миң, Ошто 50 миң квадрат метр турак-жай куруу. Экинчиси -айыл жергесин каржылай турган микрокредиттик компания түзүү. Үчүнчүсү - агроөнөржайын техника менен камсыздоо үчүн лизинг компаниясын түзүү. Төртүнчүсү - Агроазыктүлүккорпорациясын кеңейтүү.

Булардын баары бир жагынан алганда саясий упай алууга шарт түзө турган жана кызмат көрсөтүү багытындагы долбоорлор. Бул долбоорлор аркылуу Өнүктүрүү агенттиги мамлекеттин каражаты менен шериктеш болгон менчик компанияларына жер, түшүм, турак-жай тармагындагы каймактарды калпып алуусуна шарт түзүп бериши да ыктымал.

Ал эми мурунку вице-премьер-министр Эсенгул Өмүралиев Максим Бакиевдин агенттиги тандап алган багыттар туура деп эсептейт:

- Менимче, бул төрт долбоор тең абдан туура багытта тандалып алынган. Булар абдан керектүү долбоорлор. Бирок анын аркасы кандай болот? Ал кандай ишке ашат, ал башка маселе.

Ал эми оппозициялык саясатчы Мирослав Ниязов буга сын көз карашын билдирди:

- Биринчиден, булар Кыргызстанды кичинекей фирмага айлантып алабыз дегендей ой менен ушундай саясат жүргүзүп жатышат. Бул мамлекеттик көз караш эмес. Бул майда ишкерлердин көз карашы болуп жатпайбы. Кыргызстандын абалын так түшүнбөй, билбей жасалган иш. Мына Кыргызстан көпчүлүк көрсөткүчтөр боюнча дүйнөдө артта калган мамлекет болуп калды. Бул жерде алар өз кызыкчылыгын көздөп гана жүрүшөт. Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы деген бул жерде жок.

Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттикке Өнүктүрүү фондунун баш ийиши менен бийлик тепкичтеринде да кызыктай абал түзүлөт жана агенттик өкмөт башчыны, жалпы эле өкмөттү башкарып калышы ыктымал. Анткени Өнүктүрүү фондунун директорлор кеңешинин төрагасы премьер-министр. Демек Өнүктүрүү фонду Максим Бакиев жетектеген Өнүктүрүү агенттигине баш ийгенден кийин, анын төрагасы премьер-министр Данияр Үсөнов да баш ийет эмеспи.

Бирок Өнүктүрүү агенттигинин ишин көзөмөлгө ала турган президенттен башка орган жок. Ал парламентке отчет бербейт. Ошондуктан мамлекеттеги анча-мынча активдерди, четтен түшкөн насыя, гранттарды каалагандай калчоого мүмкүнчүлүк алган Өнүктүрүү агенттигинин “ээн-эркин” иши мамлекетке зыянын алып келбесе болгону.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG