Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:58

Иранда оппозиция пир туткан диний ишмердин сөөгү жерге берилди


Ирандын "адам укуктарынын атасын" жерге берүүгө оппозиция лидери Мир Хоссеин (солдо) келди.
Ирандын "адам укуктарынын атасын" жерге берүүгө оппозиция лидери Мир Хоссеин (солдо) келди.

Иранда оппозициядагы динаятчыны жерге берүү аземи өлкөнүн мусулман бийлигине каршы демонстрацияга айланды. Мындан 30 жыл мурда өзү исламдык төңкөрүштү уюштурууга түздөн түз катышкан, бирок кийин бийликтердин кара тизмесине түшкөн Улук аятолла Хоссеин Али Монтазерини акыркы жолго узатууга он миңдеген киши келип, алар бийликке акаарат келтирген ураандарды чакырышты.

Ирандын эң белгилүү диссидент молдосу ыйык Ком шаарынында жерге берилди. Оппозициячыл интернет сайттары жана күбөлөр сөөк коюга он миңдеген киши катышкандыгын билдиришүүдө. Алардын бири Ком шаарынан Азаттыктын Иран бөлүмүнө буларды айтты:

- Монтазеринин үйүнүн алдына эл эртең мененки саат 7ден баштап чогула баштады. Алар «Алла акбар», «Бүгүн аза күтүү күнү», «Йа Хуссеин, Мир Хоссейн» деген сыяктуу адатта оппозициядагы Жашыл кыймылдын жыйындарында айтылчу сөздөрдү кыйкырышты.

Дагы бир күбөнүн айтымында, «Диктаторго өлүм», «Монтазери, сенин ишиңди улантабыз» деген да ураандар болду. Сөөктү узатуу аземинен интернеттеги ЮТЮБ сайтына жайгаштырылган видео тасмада чогулгандар «Саясий айыпкерлер бошотулсун» деп кыйкырганын көрүүгө болот. (http://www.youtube.com/watch?v=qrmYJUY6jms)

Ком шаарынан бүгүнкү көрүнүш
Монтазери 19-декабр күнү 87 жашында көз жумду. Азаттыктын Иран боюнча баяндамачысы Голназ Эсфандиярынын айтымында, ал шийиттердин арасында эң мартабалуу жана эң жогорку диний ишмер деп саналчу. Кезегинде Монтазери Исламдык Иран жумуриятынын негиздөөчүсү Аятолла Хоменейинин ордун басат деп күтүлгөн, бирок кийин ал Ирандын динчил бийлигин айоосуз сындагандардын бирине айланган. Акыркы айларда Монтазери иш жүзүндө Ирандын оппозициядагы Жашыл кыймылынын руханий жол башчысы болуп калган.

Сөөк коюга Ирандын оппозиция лидерлери Мир Хоссеин Мусави менен Мехди Каруби да барып, бул күндү улуттук аза күтүү күнү деп жарыялашканы кабарланууда. Алдыңкы түнү Мондазеринин окуучусу Ахмад Габел бир нече активист менен катар камакка алынган эле. Оппозициячыл уэб-сайттар Монтазерини узатканы келгендер менен бийликтин жактоочулары ортосунда ар жерде кагылышуулар болгондугун жазышууда. Ирандан түшүп жаткан көптөгөн кабарларды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес, анткени чет элдик журналисттерге Ком шаарына барууга тыю салынды.

Бирок ирандыктар өздөрү интернетке жайгаштырган видео-тасмалардан калың эл арасында учурдагы бийликтерге карата нааразылык канчалык күчтүү экендигин жазбай баамдоого болот.

Moнтазери 19-декабрда 87 жашында көз жумган.
Монтазери туулган Нажаф-Абад жана ошондой эле Шираз шаарларында чогулгандар Ирандын учурдагы диний жол башчысы Али Хаменейиге акаарат келтиришип, «Бул кандуу ай болот, улук Али кулатылат,» деп кыйкырып жатышты. (http://www.youtube.com/watch?v=rwRw2ewQDiw)

Бийликтер Монтазеринин өлүмү тууралуу гезиттердин биринчи бетине жазууга тыю салган көрсөтмө бергендиги кабарланууда. Анын аралыгында, Ирандын мурдагы президенти Мохаммад Хаттами Монтазеринин өлүмүн оор жоготуу деп мүнөздөдү. Ал эми Нобелдин Тынчтык Сыйлыгын алган укук коргоочу Ширин Эбади Монтазерини «Ирандагы адам укуктарынын атасы» деп атады.

XS
SM
MD
LG