Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

Тегерандагы кандуу кагылышта төрт адам каза тапты


Тегерандагы жекшемби күнкү кагылыштардан бир көрүнүш. Сара тарткан сүрөт. 2009-жылдын 27-декабры.
Тегерандагы жекшемби күнкү кагылыштардан бир көрүнүш. Сара тарткан сүрөт. 2009-жылдын 27-декабры.

Тегеранда коопсуздук күчтөрү менен өкмөткө каршы демонстранттардын 27-декабрдагы кандуу кагылышынан улам кеминде төрт адам каза тапты. Бул окуя шийилердин өтө маанилүү "Ашура" диний майрамына жана Ирандагы оппозициячыл кыймылдын руханий жолбашчысы, маркум Улуу аятолла Хосейн Али Монтазеринин жетилигине тушташ орун алды.

Бери дегенде төрт адам набыт кетти

Ирандагы оппозициянын өкмөткө каршы ураан-чакырыктарды кыйкырган он миңдеген жактоочулары коопсуздук күчтөрү менен Тегерандын борборунда кагылышканда, кабарларга караганда, төрт адам каза тапты жана андан тышкары бир нече киши да жаракат алды.

Өлгөндөрдүн арасында оппозиция лидери Мир Хосейн Мусавинин жээни да да бар экени айтылууда. Бул маалыматты Мусавинин атын атабоону өтүнгөн бир кеңешчиси “Эркин Европа/Азаттык үналгысынын” Иран кызматына – Фарда радиосуна ырастады.

Окуяга күбө болгондордун Фарда радиосуна билдиришкенине караганда, айтылган ураан-чакырыктардын көбү Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Хаменейиге каршы багытталып турду.

Демонстранттар "Хаменейиге өлүм, Хаменейиге өлүм!", - деп кыйкырып жатышты.

Ирандык оппозициячыл Rahe Sabz интернет сайтынын жазганына караганда, үч демонстрант коопсуздук күчтөрүнөн Тегерандын борбордук Энгелаб көчөсүндө ок жеген.

Ал эми Тегерандык адам укугун коргоочулардын бири “Эркин Европа/Азаттык үналгысынын” кабарчысына айтканына караганда, төртүнчү демонстрант коопсуздук күчтөрү башка таяк менен чапкан соң каза тапкандай.

Коопсуздук күчтөрү нааразылык чараларына катышкандарга айоосуз мамиле кылды.

Тегерандын атын атабаган бир тургуну Фарда радиосуна ал коопсуздук күчтөрү демонстранттарды атып жатканын көргөнүн айтты:

- Бүгүн эртең менен биз Хафиз көпүрөсү алдындагы жолдо бара жатканыбызда, алар адамдарды көздөй түз мээлеп атышты. Аткандар жөнөкөй кийимчен агенттер эле.

Бул тургун ошондой эле нааразылык акциясына чыккандар коопсуздук күчтөрүнөн алар минген мотоциклдердин айрымдарын тартып алып, өрттөп жиберишкенин да кошумчалады.

Ал эми экинчи күбөнүн Фарда радиосуна жекшембиде (27-декабрда) Тегерандан телефон аркылуу маалымдаганына караганда, коопсуздук күчтөрү оппозиция жактоочуларын Тегерандын борборунан таратуу аракетинде көз жаш агызуучу жана калемпир кошулган газ колдонгон:
Полиция демонстранттарга каршы газ да колдонду.


- Мен азыр Бозоргмер жана Вали Аср көчөлөрүнүн кесилишинде турам. Бул жерге абдан көп адам жыйналды. Мотоцикл минген коопсуздук күчтөрү топко кол салды. Мен алардын 100-150 чактысын көрүп турам.

Адамдар таштанды салынган үкөктөрдүн бир нечесин өрттөп жиберишти. Алар диктатурага жана Ислам республикасынын лидерине каршы ураан-чакырыктарды айтууга аракеттенишүүдө.

Коопсуздук жүйөөсүнөн улам өз ысымын ачыктабоону көздөгөн бул күбө Тегерандын борборундагы тротуарлардан кан жаткан жерлерди көргөнүн кошумчалады.

Бийлик кишилердин өлүмү тууралуу кабарды төгүндөдү.

Ал эми Тегерандын полиция башчысы Азизолла Ражабзаде жекшембидеги кагылыштар учурунда адам өлдү деген маалыматтарды төгүндөдү. Ал бул тууралуу ИСНА кабар агенттигине айткан.

Жекшембидеги демонстрация Ирандагы каза болгон диссидент диниятчынын жетилигине тушташ болду.

87 жаш курагында дүйнөдөн өткөн улуу аятолла Хосейн Али Монтазери Ирандагы оппозициячыл кыймылдын руханий жол башчысы деп эсептелчү.

Анын дүйнөдөн өтүшү оппозициячыл кыймылга жаңы дем бергендей. Бир апта мурда Кум шаарында диниятчыны акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү өкмөткө каршы ири демонстрацияга айланган эле.
Полициянын атайын бөлүгү көчөгө чыккандардын артынан түшүүдө.


Нааразылык чаралары шийилердин "Ашура" диний майрамына да туш келди.

Ирандык оппозиция бул майрам учурундагы жыйынды өкмөткө каршы нааразылык акциясы катары пайдаланарын мурда эле убада кылган.

Ашуранын учурунда шийилер, анын ичинде ирандыктар да Мухаммед пайгамбардын 680-жылы курман болгон небереси Имам Хусейинди эскерүү үчүн көчөгө чыгышып, төштөрүн койгулашат, айрымдары экстазга батат.

Бирок Ашурага байланышкан быйылкы жөрөлгөлөрдүн көбү бийликке каршы нааразылык жүрүшүнө айланып кетти.

Жекшембиде нааразылык иш чаралары Тегерандан тышкары Исфахан, Шираз, Кум жана Нажафабад шаарларында да орун алганы кабарланды.

Иранда көчө жүрүштөр быйлкы жылдын 12-июнундагы талаш-тартыш туудурган президенттик шайлоодон бери утур-утур өтүүдө.

Оппозиция азыркы президент Махмуд Ахмадинежаддын ал шайлоодогу жеңишин жана экинчи мөөнөткө шайланышын кеңири бурмалоолордун натыйжасы деп эсептейт.


Видео тасма. Ирактык шийилер «Ашураны» майрамдады.

Ирактык шийилер «Ашураны» майрамдады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:12 0:00


Миллиондон ашуун ирактык шийи зыяратчылары өлкөнүн ыйык Кербала шаарында Мухаммед пайгамбардын жээни имам Хусейин өлтүрүлгөн 680-жылкы окуяны эскерген жөрөлгөгө катышты. Ирак, Иран жана Бахрейнде шийилер мусулмандардын басымдуу көпчүлүгүн түзөт. Кербала. 2009-жылдын 27-декабры.


  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG