Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

Гаити: Зилзала, талоон, конгонго тар аэропорт


БУУнун Минуста миссиясынын куткаруучулары Порт-о-Принсте урандылардын астынан тирүү адамдарды издешүүдө. 14-январь
БУУнун Минуста миссиясынын куткаруучулары Порт-о-Принсте урандылардын астынан тирүү адамдарды издешүүдө. 14-январь

Жети балдык жер титирөөдөн жабыркаган Гаитинин калкы үчүнчү түндү ачык асман астында өткөрүштү. Ач, нааразы эл өкмөткө кыжырданып, жолдорду жасаттар менен тоскон учурлар, азык-түлүк жетпей адамдар кырылып жатканы жөнүндө маалыматтар түшүүдө.

Тыш өлкөлөрдөн келген учак-кемелерди жарды өлкөнүн аба жана деңиз порттору ырааттуу кабыл ала

Бул киши зилзалада кыйраган Президент сарайына көз салууда. Порт-о-Принс. 14-январь

албай жатат.


Акырыкы эки кылымдагы эң жаман апаат

Гаитинин борбору Порт-о-Пренстин кууш көчөлөрү жана кыйраган инфраструктурасы жабыркаган элге тез жардам көрсөтүүгө жолтоо болууда. Ошондуктан кабарчылардын билдиришинче, чет өлкөлөр жиберген азык-түлүк, дары-дармек, чатырларды таратуу кыйын болуп жатат.

Порт-о-Принстин шаарыдык моргунун сыртында кат-кат жаткан жасаттар. 14-январь

Табигый кырсыкта аман калган Элиоза Эстимебл улуттук өкмөт элине кандай жардам көрсөтүп жатканынан бекабар экенин айтат:

- Биздин үй-бүлөдөн эч ким калбады: сиңдим, бөлөм, таякем, апам өлдү. Тамыбыз кыйрады. Эми кайда жашайм? Бардык адамдар там-жайсыз калды. Мен өкмөт эмне кылаарын билгим келет.

Ассошиэйтед пресс агенттиги тыштан жардам алып келген учактарды Порт-о-Принстин аэропорту күйүүчү май менен камсыздай албай жатканын, конгонго тилке жетпей гуманитардык жардам тарткан үч учак кайра кеткенин кабарлады.

Зилзалада кеминде 50 миң адам набыт болду

Эл аралык кызыл чырым уюмунун эсебинче, Гаитиде акыркы эки кылымда болгон эң күчтүү жер тербетүү 50 миңге чукул адамдын өмүрүн алган. Батыш жарым шарындагы эң жарды өлкөсү эсептелген Гаитиде БУУнун маалымдашынча, 3,5 миллион эли бар.

Таза сууга кезекке турган эл. Порт-о-Принс. 14-январь

Эл аралык жардамды бөлүштүрүүнү 14-январдан тарта БУУнун Башкатчысынын тынчтык операциялары боюнча жардамчысы Эдмонд Мулет жетектөөдө.

Ыктыярдуу жардамчылардын сөзүнчө, зилзалада эсен калган адамдар таза суу, тамак-аш жана дары-дармекке өтө муктаж.

АКШдан келген куткаруучулар тобунун башчысы, капитан Луис Фернандес анын командасы урандылар астында калган адамдарды издеп жатканын билдирди:

- Бул акыркы 20 жылда мен көргөн эң жаман алаамат. Биз өз ишибизди улантуубуз керек. Биздин куткаруучулардын көпчүлүгү 20 жылдан ашуун тажрыйбасы бар адамдар. Биз зилзаладан 10, 12 же 14 күндөн кийин да тирүү адамдарды тапканбыз.

Азыр Гаитиде АКШ, Европа, Россия, Кытай, Канада жана Түштүк Америкадан келген куткаруучулар иштешүүдө. Президент Обама өлкө тарыхындагы эң чоң куткаруу операциясы Гаитиге көрсөтүлөт деп сөз берген.

Гаити. БУУнун курамындагы боливиялык аскерлер Порт-о-Принстеги жардам көрсөтүү борборунун күздөтүүдө. 14-январь

Порт-о-Принсте талоончулук башталды

БУУнун чукул жардамдар боюнча координатору Жон Холмс эл аралык коомчулук Гаитиге колдон келген көмөгүн көрсөтүү үчүн болушунча ылдам аракеттенип жатканын маалымдады:

- Жергиликтүү ооруканалар катуу кыйраган жана жарадар адамдарга толуп кеткен. Бизге элге жардам көрсөтүү үчүн биринчи кезекте доктурлар, тез жарадам командалары, көчмө госпиталдар, дары-дармек керек. Суу өтө чоң маселе болууда. Бардык жерде тамак-аш жана турак-жай өтө тартыш экенин айтышууда.

Бул тушта ач, там-жайсыз, тез жардамсыз калган адамдарда өкмөткө нааразылык өсүп, талоончулук күч алууда. “Таймс” журналынын фотокабарчысы Шаул Шварцтын айтышынча, ал Порт-о-Принстин ортолугунда жардам сурап жалбарган адамдар эки жерде жолду жасаттарды үйүп тосконун көргөн.


Улуттар Уюмунун Азык түлүк агенттиги зилзаладан өтө катуу жабыркаган Порт-о-Принсте 300 миңдей адам там-жайсыз калганын жана тамак-ашсыз адамдар уюмдун ордо шаардагы кампасын таламайга алышканын билдирди. Кампадагы 15 миң тонна азыктан канчасы калганы белгисиз.

Көчмө госпиталда жардам алган бала апасынын бутун жазданып уктоодо. Порт-о-Принс. 14-январь

Агенттиктин өкүлү Эмилия Кассела Гаитинин байтактындагы азык-түлүк дүкөндөрү да оокатсыз калган адамдар тарабынан тонолгонун билдирип, элдин абалы жөнүндө мындай деди:

-Элде бышырып жегенге азыгы жок. Азык түлүк агенттиги шаршемби күнкү жер титирөөдө жапа чеккен 2 миллион адамга 30 күнгө жетерлик тамак-ашты шашылыш чогултууга аракет кылууда. Бул биринчи максатыбыз.


Ал эми БУУнун гуманитардык жардамды координациялоо кеңсесинин өкүлү Елизабет Бирс гаитиликтер көчмө госпиталдар менен жетерлик камсыз болгонун, эми доктурлар жетпей жатканын билдирди:

-Бизге азыр көчмө госпиталдардын кереги жок. Бизге доктурлар, хирургдар, медициналык көчмө жабдуулар, түрдүү дарыгерлер, мээрман айымдар жана даары-дармек керек.

Гаитидеги табигый алаамат АКШ менен Кубанын өз ара кызматташуусуна өбөлгө түздү. Ак Үйдүн маалымдашынча, ырасмий Гавана АКШнын Гуантанамоду деңиз базасынан учуп чыккан медициналык тез жардам көрстчү учактардын Кубанын аба мейкиндигин пайдалануусуна уруксат берген. Бул америкалык учактардын Гаитиге жетүүсүн 1,5 саатка тездетет.

Тарыхый маалымат. Гаити француз оторчулугуна каршы созулган 13 жылдык күрөштөн кийин 1804-жылы күнкорсуздукка жетишкен. Мурдакы кул Жан-Жак Дессалин өзүн император жарыялайт. Ал эки жылдан кийин эрегишчилер тарабынан өлтүрүлөт. 2005 жана 2008-жылдардагы хуррикан жүз миңдеген адамдарды там-жайын таштатып, башка жактарга качырган.

XS
SM
MD
LG