Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

"Жолдошумду актаган бир азамат сот чыгаарына ишенем"


Дарийха Оморова, генерал Исмаил Исаковдун жубайы, 25-январь, 2010-жыл.
Дарийха Оморова, генерал Исмаил Исаковдун жубайы, 25-январь, 2010-жыл.

Сегиз жылга кесилген генерал Исмаил Исаковдун жубайы Дарийха Оморова өмүр бою эл-жер үчүн күйүп-бышып, жан үрөп иштеп келген өмүр шериги эми минтип жок жерден айыпталып, камалып кетишине кейигени менен баары бир күйөөсү акталып чыгаарына ишенет.

- Дарийха айым! Сизге жолдошу сегиз жылга эркинен ажыратылган, эл-журтка төбөсү көрүнгөн, белгилүү генерал Исмаил Исаковдун өмүрлүк жубайы катары кайрылып отурабыз. Андай кишилерди камаган жерге киргизүү да оңой-олтоң эмес деп айтышат? Сизге уруксат болуп киргендирсиз. Ден соолук, ал-абалы тууралуу сөз баштасаңыз?

- Ооба. Исмаил Исакович жаткан камакка кирип чыктым. Аялы катары мага мыйзам жол берет экен. Кудайга шүгүр, ден соолугу жакшы эле. Өзүн күнөөлүүмүн дебейт. Ошондон болуш керек, өздүк сезүүсү жаман эмес. “Ак ийилет, сынбайт дегендей”, кайра чыйралгандай болуп, ар бир маселеге кайдыгер болбогондой, айрым мамлекеттик деңгээлдеги проблемаларды да талдап, тактап жатканын көрүп, бир караганда ичимден кубанып калдым. Анан айтып жатпайсызбы, абака кирүү кыйын дейт деп. Чындыгын айтканда, абактагы адамга кирип баратканда, “кылмышкерлер” отуруучу жайга бараткандарды текшерип, өткөргөндөрдүн ар бир кыймыл аракетине чыдоону, баштан кечирүүнү сөз менен айтып түшүндүрүү кыйын . Элестетип айтуу андан кыйын. Бир эле бечарасың да. Көзүбүздүн кычыгынан тыйылбаган жаш, каректин ичинен ызалуу кан агып жаткандай эле болот экенсиң.
Биздин үй-бүлө азыр 1937-жылдагы репрессияга кабылгандардын абалын кийип калды...

Бул жерден мен айтар элем, Биз телевизордон эле көрчүбүз да, 1937-жылкы репрессия деп. Мына менин атам 84кө чыгып атат, 1937-жылкы репрессияларды айтып, көп нерселерди укчу элек, ыйлап калышчу эле. Мен азыр ошол 37-жылкыдай окуяны баштан кечирип жатам деп эсептейм. Ошонун кейпин биз кийип калдык азыр, үй-бүлөбүз менен. Эл дагы муну сезип жатса керек. Бирок азыр айталбайт. Анткени репрессиянын тарыхы эми зорго ачыкталып жатпайбы. Анын сыңарындай Исмаил Исаковчтин кызматтык аракетинде жеп-ичип алган күнөөсү жок, Ал бир аскер адамы болчу, “аскерлердин абалы деп, элимди коргошум керек, бул жерди алып калыш керек” деп эле жүргөн да. Депутат болгондо да билесиңер, Үзөңгү-Кууш маселесин көтөрүп чыкканын, андан кийинкилерди да билесиңер, Мына ушул, азыркы бийликтин келишине бирден бир салым кошкондордун бири болгон. Аксы окуясында жабыр тарткандардын башында жүрдү. Ошондой акыйкатсыз бийлик менен келише албастыгын билдирип жүрдү да.

-Дарийха айым, сөзүңүзгө аралжы Исмаил Исаковчти соттогон күндөргө кайра кайрылууга туура келип атат. Буга чейин сыртта жүрүп, сотко каттап жүрбөдүбү? Ал кишинин камалышы күтүүсүз болдубу же туюмуңуздар кандай эле, камаган күнү Исмаил мырза өзүн кандай сезди, кандай ойдо бардыңыздар эле, сот залынан колуна кишен салып, камап коет деп ойлодуңуздар беле?
Дарийха Оморова жолдошунун бөлмөсүн ирээтке келтирүүдө.

-Жок, биз ойлогон эмеспиз. Эртең менен турганбыз, Исамил Исакович дайыма (жаш күнүмдөн аскер адамынын жанында жүрүп, ушинтип айтып көнүп калыппмын) спорт менен машыгат да. Ошонусунан жазбай, күндөгүдөй эле, тамактандык бирге. Бир да күбө сотто ага каршы көрсөтмө берген эмес. Ошого таяндык, биздин сотто адилеттүүлүк болсо керек деген үмүт болбой койгон жок. Аскер сотунун судясы Серик Абиев деген экен, мен ойлодум эле, ушунча суроолорду өткөрдү, чындыкка чыгат, аныктайт деп.
Соттор мыйзамдын тили менен эмес, буйруктун тили менен чечим чыгарып калганы мени аябай өкүндүрөт.

Бирок азыркы соттор тууралуу жазып аткан, айтып аткан карапайым калктын нааразылык билдирген сөзү туура экен. Соттор дагы, прокурорлор дагы буйрук аткарышат экен. Мыйзамдын тили менен эмес буйруктун тили менен чечим чыгарышат экен. Өтө өкүндүрдү... Кайран эл, акчасы жок, байкуш эл заман көз жашынын курмандыгына айланыптыр. Же болбосо киши өлтүрүп аткандарды деле, Ата Мекенин саткан кишилерди деле 7-8 жылга эле камап атпайбы. Исмаил Исакович кайсыл жерди сатты, кайсыл жерди ээлеп, менчиктештирип алды? Айтайын дегеним ошол соттун да кыздары бар экен. Кантип ошол кыздарынын көзүнө тике карап, мыйзамды сыйлап айлык таап, силерди багып жатам деп айтат? Ошентип айта алабы?

Мейли сот үстөлүн, бийлик үстөлүн мыкчып отургандар түшүнбөгөнү менен жаш аскер балдары, погон тагынган балдар милицияныкы болобу, коргоонуку болобу ушунчалык Исмаил Исаковичке таазим кылышып тургандарына ыраазы болдум. Ал анын авторитети, жасалмасы жок генерал деген чинге татыктуу экенин тастыктайт болсо керек.. Алар: “тынчсызданбагыла, коркпогула, өзүбүздүн киши бул, биз карайбыз” деп айтышты. Мен ошон үчүн аларга абдан ыраазы болдум. Ошон үчүн алып кеткенде ыйлаган да жокмун. Дагы бир нерсени айта кетейин. Исмаил Исакович бир гана ак экенине, мыйзамга таянды. Болбосо сотко же бир башкаларга чуркап барып, аралжы сурабады. Же бир соттор менен сүйлөшкөн да жок. Таза экенине ишенип, барып түшүп берди да...

- Дарийха айым, көп адамдар чет жактан баш баанек издеп, чыгып кетип жатышпайбы. Саясый куугунтук болуп атат деп. Мындай айтканда Исмаил Исаковдун камалышын да саясий куугунтук деп таап жатышат ал кишинин жактоочулары. Четке кетип калышты ойлодубу. Кетип калса деле болот эле абакка түшкөндөн көрө дегендер да жок эмес?

- Достору, алар-булар айтты. Булардын колуна түшүп эмне кыласың. Балким бир жакка чыгып кетерсиң деп. Ал андай пикирлерди четке какты да: “Мен акмын да, Эмне күнөөмө камасын, Кыргызстандан чыгып кетпейм, Ата Журтумдун келечеги деп, калпыстыктарга келишпей жатканым кайсы анда. Эл-жеримди калтырып кетпейм”, - деди так кесе.

- Сот болгон күнү ээрчишип барып эле, жолдошуңузду колуна кишен салып алып кетти да... Ошол күнкү балдардын кыймыл аракеттеринен эмнелерди байкадыңыз эне катары?

- Турмушта көп нерселерди өткөрүппүз башыбыздан. Карындаштары тим эле ызага батып ыйлаганда, эмне дейин ыйлабагыла дедим кайрат айткан болуп. Мага чындыгын айтканда психологиялык жактан өтө оор болду. Ыйымды да көрсөткөн жокмун, Баары бир акталып чыгат дедим. Эртең менен ээрчишип кетип, кечинде жалгыз келдим. Ойлоңуз, аны сот залынан камакка алды. Мындай тагдырды душманыма эмес, иттин баласына да каалабайм. Кызым ыйлады. Балам телефон чалды. Эмне дейт элем, сен балам сыймыктанышың керек, сенин ушундай атаң бар экенине деп айттым. Көрсө ушундай Исмаил Исаковго окшогон кыйын адамдарды өкмөт коргой албайт экен да. Илгертен эле ушундай экен. Тарыхта да ушундай экен. Бирок кудайдын сотунан, абийир сотунун күчтүү сот барбы? Элине кайдыгер эмес адамды камагандарды кудайдын сотуна, абийирине койдум. Ачкачылык кармап отурган бир эне минтип жатпайбы : “Ээ балам Аскар Акаевдин качып кетишинен эле, азыркы бийлик сабак алса болот эле. Анын жолуна түшуп кетти бул бийлик” деп жатпайбы бир Кеминдик эне.
Дарийха Оморова "Азаттыктын" кабарчысы Жаркын Темирбаеванын суроолоруна жооп берүүдө.
Жеп-ичип, үйлөрдү салып, балдарына тойдон той берип, канчалаган кишилер канчалаган элдин байлыгын чет элдиктерге сатып ийип, сурак-соболсуз эле жүрбөйбү?..


Не дейин, Исмаил Исаковичти камаганды телевизордон көрсөтүптүр да. Аны неберем көрүптүр, канчалык өзүмдү-өзүм колго алайын десем да болбой, колуман ишим түшүп турсам ал неберем: “апа, эмнеге менин атамды алып кетти, 8 жыл дедиби, эл аябай ыйлады” дегенде гана мен бошошуп кеттим. (көзүнө жаш алып). Мисалы ушул эле Кыргызстанда азыр карабайлыбы, жеп-ичип, үйлөрдү салып, балдарына тойдон той берип, канчалаган кишилер канчалаган элдин байлыгын чет элдиктерге сатып ийип, сурак-соболсуз эле жүрбөйбү?..

- Мына сиз өзүңүз айтып атпайсызбы, бизде аскердик тартип, үй-бүлөбүз ушундайга көнүккөн деп. Кандай жагдайларга таянып айтып жатасыз, ушул киши баары бир акталат деп?

- Себеби мыйзамга таянып дагы бир сот актап чыгарына ишенем. Бардык соттор бирдей эмес да. Ошого ишенимим бар. Соттук папкени эмес мыйзамды урматтаган бир азамат чыгат деп ишенем.

- Дарийха айым, Исмаил Исаковдун ата-энеси бардыр. Уулунун камалышын уккандыр?

- Ооба угушту. Исмаил Исаковичтин апасы 85 жашка чыкты. Карыган кишини аяп, соттун чечимин дааналап айтканда эмне. Мындай эле деп койгонбуз. Бирок эне жүрөгү сезгич турбайбы. Карыгандагы абалына карабай, ачкачылык жарыялоо аргасыздыктын бир аралжысы окшойт деп бир ууртам да суу ичпей ачка отургандардын катарына кошулду. Аны Исмаил Исаковичке угузган жокпуз. Баарына ачышпаса да апасынын абалына ачышпай коебу? Мен Алай элине, Исмаил Исаковичтин жактоочусумун деп, ачкачылык жарыялап, анын акыйкаттыгын талап кылып жатышкандарга ыраазычылыгымды билдирет элем. Кудай өмүр берсе, Исмаил Исаков эл үчүн жашайт. Анан ушундай таза, элим-жерим деген уулду төрөп берген кайненеме башымды ийип таазим этээр элем. Ушул жерин үзбөй угузуп койчу.

- Эми Дарийха айым, кандай болгондо Исмаил Исаков камалбай калат эле? Ушундай куугунтукка учурабайт эле, ушундай кырдаалга туш келбейт эле деп ойлойсуз?

- Мен ойлойм, эгерде Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда рапортун жазбаганда иштей берет эле. Камалбайт дагы эле. Ал: “мен азыр электр энергетика тармагын, муну-аны текшердим, бийликтин абалы аянычтуу, мен мындай бийликте иштей албайм, макул эмесмин” деп айтпады беле. Ошон үчүн гана камалып отурат. Эмне болсо ошо болсун, элдин шору, мен өз тирилигимди жасап жүрө берейин десе, анда жөн эле жүрө берет эле.

- Эми ушунча болду Дарийха айым, Исмаил Исакович экөөңүздөрдүн баш кошуп, үй-бүлө күтүп, бала-бакыраңыздар тууралуу да айта кетпейсизби?

- Экөөбүз мындан 40 жыл мурда таанышканбыз. Бирге өмүр сүрүп жатканыбызга 35 жыл болуптур. Эки балабыз бар. Кызым Эленора Венгрияда төрөлгөн.Исмаил Исакович Орто Азия аскердик окуу жайын бүткөндон кийин эле ошол жактан кызмат баштаган. Ал эми уулум батыш Украинанын Владимир Валынский шаарында төрөлгөн. Мен ошол жердин ооруканасында врач-гинеколог болчумун. Төрөтканадан кыргызстандык бир аскер жигити экен, анын уулунун атын бул жердин эли коюп берсин деп, Руслан деп ат коюп беришкен. Ошол төрөт үйүндө ат коюлган. Төрт неберебиз бар. Балдарыбызды жаман тарбиялабадык. Кандай балдар болушту экен дейт да уккандар. Бир жерде атасынын атына көлөкө түшүргөн жок. Өз мээнети менен өсүп, генералдык чинге жетишкен атабыз, балдарына айтчу, менин атыма жамынбагыла деп. Силер жакшы иштесеңер, адал иштесеңер үзүрүн көрөсүңөр. Эл алдында башты көтөрүп жүргөнгө татыктуу болсуңар дейт. Ошондой эле болду. Бирок 2010-жыл Исмаил Исаков үчүн башкача жыл болуш керек эле.(кейиген абалын сездирбеген маанайда отурду)

- Дарийха айым, бул күндөр сиздерге аркасын салып тура бербесе керек. Теги генерал-майор Исмаил Исаковду күнөөлөгөн күндүн көлөкөсү качан түштү, ал кайсыл убак эле? Кандай себептерден улам Исмаил Исаков үчүн 2010-жыл башкача жыл болуш керек эле дейсиз? Камалышын айтып жатасызбы?

-Жок. Айтпадымбы, биздин кол кармашып жашап келатканыбызга кырк жыл болду деп. Аябай жакын кишим да. Жаман жосундары болсо да бир жөн дейм да. Бир келген өмүрдө, Ата Мекеним, элимдин коопсуздугу үчүн деп жан-оту менен күйгөн адамды камап салуу деген бул кандай? Ал жолборс жылы төрөлгөн, 10-июнда. Алтымыш жашын алып келген бул жылды күттүк эле дегеним. Ал эми кызматтан кетем деген күндөрү 2008-жылдын октябрь айлары болуш керек эле. “Коргоо министрлигин тапшырат экенмин” деген ай май айы болчу. Ошентип ак үйдөн октябрь айларында кеткен болсо,30-декабрь 2008-жылы үстүнөн кылмыш иш козголду деп угуп калдык. Жаңылыш уккан жокпуз, чын болуп калбадыбы. 2009-жылы бою Исмаил Исакович сотто суралып жүрүп күн өткөрдү. 2010-жылдын 11-январында камакка деген “кара” чечимин жазды Аскер сотунун судясы Серик Абиев. Ал кишинин атын эл, тарых билиш керек. Ошон үчүн айтып жатамын.

- Эми Дарийха айым, башка түшкөн бул тагдырды көтөрбөшкө чара жок. Анткени, мындай камакка бир гана Исмаил Исаков туш келип аткан жок да. Акаевдин тушунда бир далай саясатчылар камалышкан. Ошол камактын тузун жеп, азабын тарткандар Исмаил мырзадан кабар алыштыбы?Айрымдары Бакиев менен кызматташып жатпайбы дегендей?

- Бир гана адвокаты Азимбек Бекназаровго ырахмат айтамын. Сот башталгандан бери биз менен болду. Анан революционер жакын-жакын досторунун дайыны да жок. “Чычкан ийнине кирип кетиптир” дегендей. Исмаил Исаков менен иштеген кишилер күнүгө келип, кабар алып, телефон чалып, “баары бир чыгат, ишибиз менен көрсөтө албасак дагы, ички дүйнөбүз менен сезип турабыз, министрди, генералды коргойбуз, ишенебиз” дешет.
Аны жөн гана Исаков деп айтышпайт. Дайыма “генерал Исаков” деп сыймыктануу менен айтканга татыктуу адам дейт элем

Исмаил Исаковдун генерал-лейтенант наамын алды, ага генерал-майор чинин азыркы бийлик берген эмес. Анын аскердик кызматы Союз убагында бааланган. Анын кызматы дүйнө жүзүндөгү аскерий абалга акылы, баамы жеткен, менмин деген адамдар тарабынан бааланган. Айтайын дегеним Кыргызстанда гана эмес, башка өлкөлөрдө дагы анын генералдык наамы эч качан өчпөйт. Аны жөн гана Исаков деп айтышпайт. Дайыма “генерал Исаков” деп сыймыктануу менен айтканга татыктуу адам дейт элем. Мен муну элдин оозунан угуп алып, ишенимдүү айтып отурам.

-Маегиңизге ырахмат.

Тасмада: Исмаил Исаковдун соттогу акыркы сөзү
И. Исаковдун соттогу акыркы сөзү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00

XS
SM
MD
LG