Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Иерусалимдеги тополоң


Чыгыш Иерусалимдеги тополоңдон бир көрүнүш.
Чыгыш Иерусалимдеги тополоңдон бир көрүнүш.

Чыгыш Иерусалимде шейшемби күнү эрте менен палестиналыктар тополоң чыгарышты. Буга Израил өкмөтүнүн бул жерде жаңы курулуштарды улантуу чечими себеп болду. Иерусалимдеги кагылыштарга Эски шаардагы ал-Акса мечитине катарлаш Хурва синагогасынын ачылышы да кошумча болуп берди. Жөөттөрдүн бул ибаадатканасын мындан алтымыш жыл мурда иордан бийликтери жаап салган эле.

Палестин жаштары менен полициянын кагылышы шаардын бир нече районунда тутанды. Аламандаган топ машиналардын дөңгөлөктөрүн өрттөдү, израил полициясын ташбараңга алды. Полиция өз кезегинде желим ок, жаш агызма газ колдонду. Кагылышта канча киши жабыр тартканы белгисиз.

"Боордоштордун козголоңун" колдоого үндөгөн "Хамас" кыймылынын чакырыгы менен Рамаллада палестиналыктар дуулдап көчөлөргө чыгышты. Иерусалимдин арап маалаларына үч миңдей полисмен киргизилди.

Андан бир күн мурда – дүйшөмбүдө - кнессетте сөз сүйлөп, израил премьери Бинямин Нетаняху бир катар батыш өлкөлөрүнүн, өзгөчө АКШнын нааразылыгына карабастан Иерусалимде соңку 42 жыл ичинде боло келгендей эле курулуш иштери улантылат деп билдирди. Өкмөт шаардын чыгышындагы Рамат-Шломо мааласына 600 үй курганы жатат. Бул жерди болсо палестиналыктар келечектеги эгемен мамлекетинин борбору деп эсептешет.

Чыгыш Иеруслимди Израил 1967-жылдагы согушта басып алган, кийинчерээк аны аннексияланган аймак кылып жарыялаган. Эл аралык коомчулук бул аннексияны тааныган эмес.

Нетаняху жаңы курулуштар шаардын арап тургундарына эч кандай зыян келтирбейт деп эсептейт. ФАТХ кыймылынын Иерусалим иштери боюнча өкүлү Хатем Абдел Кадер болсо синагога менен курулуш пландары жаңы кагылыштардын жана диний фанатизмдин күч алышына тамызгы болуп берерин эскертти.

"Бардык тараптарды жоопкерчиликтүү болууга жана сабырдуу бойдон калганга чакырабыз",- деп билдирди Вашингтондо мамлекеттик департаменттин өкүлү Филипп Кроули. Ал айрым палестин чиновниктеринин тукурукчул билдирүүлөрүн да сынга алды.

Израилдин жаңы курулуш пландарынын айынан АКШнын вице-президенти Жозеф Байдендин сапарынан соң эки тараптын алакасы бир топ салкындай түштү. Бул кадамды Вашингтон өзүнүн региондогу арачылык озуйпасына шек келтирүү, атүгүл АКШны "шылдыңдоо" кыябында кабыл алды. Өткөн аптада мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон израил өкмөтүнүн пландарын өзгөчө катуу сынга алды.

"Мамлекеттик катчы Клинтон премьер-министр Нетаняхуга биздин камтамачылыгыбызды айтканда израил өкмөтүнүн ырасмий мамилесин билдирүүнү өтүнгөн эле, биз аны күтүп жатабыз", -деп айтты Филипп Кроули.

Соңку окуяларга байланыштуу АКШнын Жакынкы Чыгыштагы атайын өкүлү Жорж Митчелл регионго белгиленген сапарын токтотту. Митчелл израилдиктер менен палестин бийликтери ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрдү жандантуу аракеттерин көрмөк эле.

Региондогу жагдайды жөнгө салуу келечегин мамкатчы Клинтон ушул аптанын этегинде Москвада "төртүктөрдүн" өкүлдөрү менен талкуулаганы жатат. Сүйлөшүүлөргө Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун, Еврокеңештин эл аралык иштер боюнча катчысы Кэтрин Эштон, орус өкүлдөрү катышат.

XS
SM
MD
LG