Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

Элдик курултай элдик бийликти калыбына келтирүүнү сунуштады


Бишкектеги Элдик курултай, 2010-жылдын 17-марты.
Бишкектеги Элдик курултай, 2010-жылдын 17-марты.

Бишкектеги «Медиа-форум» комплексинин алдында саат 11де башталган оппозициялык күчтөрдүн Элдик курултайы саат үчтөн өтүп аяктады. Курултай соңунда кабыл алынган чечимде 7 пункттан турган талаптар коюлду. Эгерде бул талаптар 24-мартка чейин аткарылбаса, анда жер-жерлерде курултайларды өткөрүп, элдик бийликти калыбына келтирүү сунушталды.

Жыйынга чогулган беш миңдей адам “Үй-бүлөлүк башкарууга жол жок!”, “Исмаил Исаковго боштондук!”, “Бүлекбаев, Аргымбаев, Рыскуловго боштондук!”, “Гуревичти сотко!” “Азаттыкка азаттык!” деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп турушту.

Элдик курултайды БЭКтин лидерлеринин бири Эмил Каптагаев ачты. Ал 2002-жылы 17-мартта Аксы районунун Бозпиек айылында адамдардын атылышын эскерип, ал окуяга тиешеси барлар жазасын албай отурганын белгиледи. Андан соң Аксы окуясынын курмандыктары эскерилип, куран окулду жана асманга кара шарлар учурулду.
Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү

Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрайымы жана СДП фракциясынын лидери Роза Отунбаева курултайдагы сөзүндө бийликти кескин сынга алды. Ал президент К.Бакиев бийликти узурпациялап жатканын, мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүп, өзүнүн баласын бийликке алып келгенин, күнөөсүз адамдарды куугунтуктап, камап жатканын белгиледи. Ал ошондой Евгений Гуревич жаңжалын айтып, Бакиевдин финансылык кеңешчиси Италия мафиясынын мүчөсү болуп чыкканын атады.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев дагы өзүнүн сөзүндө президенттин саясатын кескин сынга алып, Кыргызстандын экономикасы бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгына иштеп жатканын, өлкөдө мафиялык бийлик орногонун, аны таза күрөш менен жеңүүгө ишеничи бар экенин айтты.

Айтбай Жээналиев
Генерал Исмаил Исаковду эркиндикке чыгаруу боюнча Алайдагы комитеттин төрагасы Айтбай Жээналиев генерал Исаковдун ак жеринен камалып отурганын айтып, "ак адамды камаган бийлик - бийлик эмес" деп атады. Ал ошондой эле Исаковду бошотуу талабы менен акциялардын уюштуруучулары куугунтукка алынып жатканын белгиледи. Жээналиевдин айтымында, бул бийликти кетирмейин өлкөдө жакшылык болбойт. "Ал эми абакта отурган генерал Исмаил Исаковдун башынан тал чачы түшсө, ага Курманбек Бакиев жооп берет", - деди Жээналиев.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев 23-мартта Ынтымак курултайы ачылган күнү Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын алдында мэриянын уруксат бербегенине карабай митинг болоорун билдирди. Анда беш талап коюлуп, аларды аткаруу президентке жолдонмокчу. Ал талаптардын ичинде тарифтерди ордуна кайтаруу, мамлекеттик ири ишканаларды сатууну, саясий куугунтукту токтотуу бар.

Ал эми БЭКтин лидерлеринин бири Топчубек Тургуналиев нааразылык акцияларды күчөтүүгө чакырып, азыркы бийликти кетирүүгө, уурдалган мүлктөрдү кайтарууга үндөдү. Ал ошондой эле Элдик курултайдын чечимдерин аткаруу комитетин түзүүнү сунуштады

Курултайга өлкөнүн жети облусунан да өкүлдөр келишип, жер-жерлердеги кырдаал боюнча сөз сүйлөштү.

Курултай соңунда кабыл алынган чечимде тарифтерди калыбына келтирүү, “Кыргызтелеком”, “Түндүкэлектрону” мамлекетке кайтаруу, И. Исаков жана башка саясий себептен камакта отургандарды бошотуу, Конституциялык реформаны токтотуу, Максим Бакиев башында турган агенттикти жоюу, президенттин бир туугандарын бийликтен алуу, Бакиевдердин финансылык кеңешчиси Гуревичтин ишин текшерүү үчүн оппозиция өкүлдөрү кирген комиссия түзүү, сөз эркиндигин, “Азаттыктын” өлкө боюнча уктурулуусун камсыздоо талаптары коюлду. Эгерде бул талаптар 24-мартка чейин аткарылбаса, анда жер-жерлерде курултайларды өткөрүп, элдик бийликти калыбына келтирүү сунушталды. Элдик курултайдын катышуучулары бул чечимди бир добуштан кабыл алды. Чечимдерди турмушка ашыруу үчүн Роза Отунбаева башында турган аткаруу уюму түзүлдү.

Уюштуруучулар курултайга 5-6 миңдин тегерегиндеги эл келгенин, ИИМ болсо ага 1300-1500дөй эл катышканын айтса, көз карандысыз байкоочулар элдик жыйынга 5 миңдей эл чогулганын билдиришти.

Бишкекте Элдик курултай өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:12 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG