Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:20

С.Шарипов: Космостогу абалды сөз менен жеткире албайм


12-апрель – Космонавтика күнү. 1961-жылы ушул күнү советтик космонавт Юрий Гагарин биринчи болуп космоско учкан. “Азаттык” космонавт, Кыргыз эл баатыры, учурда Москвада жашаган Салижан Шарипов менен маек курду.

- Салижан мырза, кесиптик майрамды кандай маанайда, кантип тосуп атасыз?

Салижан Шарипов: Бүгүнкү майрамды биз абдан күтөбүз, жакшы көрөбүз. Бүгүн биз үчүн эс алуу күнү. Жакында эле космонавттарды даярдоо борборунун элүү жылдыгын белгиледик. Ага чейин мартта космонавттар отрядынын 50 жылдыгы болду.

Мен бул күндү эң мыкты маанайда тосуудамын. Таң эртеден тарта телефондун коңгуроосу үзүлбөй куттуктоолор келип атат. Бүгүн Москвадагы Советтер армиясынын үйүнө барып, улуу муундагы кесиптешерди куттуктайбыз. Майрамдык иш-чара өтөт. Андан соң достор, жакындар менен бирге болобуз.

- Сиз бала кезден тарта эле космонавт болууну эңсеп келгенсизби?

Салижан Шарипов: Албетте бала чагымда биринчи жолу асманда учуп бара жаткан учакты көргөндө эле учкуч болуу кыялы менен жашап калгам. Мектепке барганда тиешелүү китептерди көп окудум. Ал кездерде ар бир космоско учууну теле-радиодон сөзсүз берип турушчу, аны көргөн миңдеген балдар космонавт болууну каалаган. Мен дагы космонавт болом деп ушул максатка жетүү аракетин көрдүм.

Мектепти аяктаган соң учкучтар окуу жайына тапшырдым. Кийин учкуч болуп иштеп атканда космонавттарды даярдоо борборуна атайын комиссиядан өтүү өтүнүчү менен кат жаздым. Ошентип космонавт болук калдым.

- Сиз айылда, жөнөкөй эле карапайым үй-бүлөдө төрөлөп өскөнүңүздү билебиз. Ушул тапта шаар-кыштактарда космонавт болууну самаган балдар жок эмес. Сиз аларга кандай кеңеш берет элеңиз? Өз максатына жетүү үчүн алар эмне кылышы зарыл?

Салижан Шарипов: Башкысы эгерде бала космонавт болууну кааласа, анда биринчиден ден-соолугун чыңашы керек. Анткени саламаттыгы мыкты адам гана космоско учат. Экинчиден, көп окуу керек. Ошондой эле алдына так максат коюу зарыл. Эгерде адамдын реалдуу максаты болсо ал ага жетүү үчүн болгон аракетин жумшайт.

Менимче, адам кайсы тармакта болбосун өз ишинин майын чыгара иштөөсү керек. Тээ алыскы райондо кайсы бир айылда жашаган бала да өз максатына жете алат. Анткени азыр жаштарга өз оюн ишке ашыруу үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

- Салижан мырза, космостогу салмаксыздык абалын кантип сүрөттөй аласыз? Аны эмнеге окшоштурат элеңиз?

Салижан Шарипов: Бул абалды сөз менен түшүндүрүү дээрлик мүмкүн эмес. Космоско учаарга чейин мен сүрөттөрдү, тасмаларды көрүп, учууну башынан өткөргөн космонавттардын айткандарын угуп, космосту такыр башкача элестеткем. Ал эми өзүм космоско алгачкы жолу учканда такыр башкача сезимдерге туш болдум. Учкандагы, космосто жүргөн абалды айтып берүү мүмкүн эмес.

- Коркуу сезимдер да болсо керек?

Салижан Шарипов: Биз учаардын алдында даярданабыз да. Албетте кандайдыр-бир коркуу сезими болот. Анткени биз баарын көзөмөлдөй алабыз деген туура эмес. Ар кандай кокустуктар болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан азыраак коркунуч болот.

- Маегибиздин соңунда жалпы кыргыз элине эмне каалайт элеңиз? Кандай тилектериңиз бар?

Салижан Шарипов: Башкысы Кыргызстанда тынчтык болсун. Кыргыз эли акылдуу, меймандос, момун эл. Кыргызстандыктар мыкты жашоого татыктуу. Андыктан өлкө өнүгүп-өсүп, башка алдыңкы мамлекеттерден кем калбаган, эли бай, билимдүү болсо дейм. Ар бир балага мектепте мыкты билим берилсе, чоңойгондо балдар өлкө үчүн ак кызмат өтөсө деп ойлойм. Кыргызстандыктарга бейкуттук каалайм.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG