Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Орусия менен Украина газдын баасын соодалашты


Медведев менен Янукович Харьковдо келишимге кол коюу аземинде. 21-апрель, 2010-ж.
Медведев менен Янукович Харьковдо келишимге кол коюу аземинде. 21-апрель, 2010-ж.

Украина орустардын Кара деңиздеги аскердик базасынын ижара мөөнөтүн 25 жылга узартат, ал үчүн Москва Украинага сатылчу газдын баасын 30%га арзандатат. Ушундай келишимге Харьковдо эки өлкөнүн президенттери кол коюшту.

Орусиянын Крым жарым аралындагы аскер-деңиз базасынын ижара мөөнөтү 2017-жылы аяктамак, эмки келишим боюнча база ошондон ары дагы 25 жыл украин жергесинде калмай болду. Андай алпейимдик үчүн Москва украиндерге сатылчу жаратылыш газынын баасын арзандатууга милдеттенме алды.

Харьков шаарында украин президенти Виктор Янукович менен сүйлөшүү өткөргөн соң Орусия президенти Дмитрий Медведев ортодогу макулдашууларды курсанттана жарыялады. “Орусия Крымдагы аскер-деңиз базасынын келечеги туурасында ачыктык болушуна муктаж эле, андай ишенич эми пайда болду. Бүгүнкү келишимге ылайык, база украин аймагында дагы 25 жыл калмай болду”. – деп жар салган Дмитрий Медведев ал үчүн Киевге кандай убадалар берилгенин төкпөй-чачпай дыкат чечмеледи. “Украинадагы өнөктөштөр газдын миң кубметринин баасы 330 АКШ долларынан ашса, 100%дык жеңилдик, ал эми баа андан төмөн болсо, 30%га арзан төлөмөй болушту”, - деди Кремлдин кожоюну.

Украин президенти Виктор Янукович “эки өлкө ортосундагы мамилелер тарыхында болуп көрбөгөндөй ийгилик” катары сыпаттаган бул келишим кантсе да, соңку жылдары чыңала түшкөн алакалардагы чоң жылыш экени айныксыз. Москва мурдагы украин президентин Крымдагы аскердик базасынын мөөнөтүн узартууга көндүрө албай, Юшенко Орусиянын Кара деңиз флотун украин жергесиндеги карасанатай күчтөр катары баалаган эле.

Украина буга дейре Орусиядан баш алган жаратылыш газынын миң кубметри үчүн 300 доллардан ашуун акча төлөп келаткан. Байкоочулар бул орус президентинин Украинада Янукович президент болуп шайлангандан берки алгачкы сапары болгону менен, соңку эки ай ичинде эки лидер беш ирет жолугушканын белгилешет.
Аңгыча Украин парламентиндеги Юлия Тимошенконун блогу депутаттарды ишембиде чукул жыйын өткөрүп, жаңы орус-украин келишимин жокко чыгарууга үндөдү. Тимошенко Украин конституциясындагы “мыйзамдарда каралбаган аскердик түзүлүштөрдү өлкө аймагында жайгаштырууга тыюу салган” 17-беренени эске салды. Медведев менен Янукович кол койгон келишим, башкы украин оппозициячысынын айтымында, баш мыйзамдагы дал ушул жобону одоно бузат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG