Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:32

Аба менен суудай зарыл элдик кошуундар


7-апрелден кийин Кыргызстанда ондогон элдик кошуундар, жаштар уюмдары түзүлдү. Алар негизинен өлкөдөгү, өзгөчө шаардагы талап-тоноону болтурбоо, тынчтыкты сактоого көмөк көрсөтүү максатында уюшкан.

Убактылуу өкмөт болсо буларды колдоорун айтып, жер-жерлерде кошуун түзүү чакырыгын таштады.

Айрым серепчилер кошуунду жамынып ар кандай иштерди жасап, адам укуктарын тебелеген жагдайлар кездешип жатканын белгилешүүдө. Деги элдик кошуундар кимдер менен, кандай иштешет?

2005-жылы Март ыңкылабында Конституциянын гаранты болгон биринчи президент Аскар Акаев өлкөдөн чыгып кеткен соң коомдук тартипти коргогон милиция кызматкерлери жумушка чыкпай калган. Ошондо да ири дүкөндөр, мамлекеттик айрым имараттар талкаланып, тонолууга дуушар болгон. Мына ошондой жагдайда элдин арасынан ыктыярчы кошуундар түзүлүп, мамлекеттик мүлктү сактап калуу демилгесин көтөрүп чыгышкан.

2010-жылдын апрелинде да ушул окуялар айрым окшоштук, айрымачылыктар менен кайталанып, Бакиев бийлиги кулатылды. Ошондон бери жүздөгөн жаштар уюмдары, элдик кошуундар түзүлдү. Алар ушул тапта көп нерсеге аралашпай, байкоочу гана болуп турган милиция кызматкерлерине өлкөдөгү, өзгөчө шаардагы талап-тоноону болтурбоо, тынчтыкты сактоого көмөк көрсөтүп жатышканын белгилеп келишет.

Ушундай эле максатта 7-апрелдин түнүндө “Патриот” элдик кошууну түзүлгөн. Аталган кошуундун лидери Данияр Тербишалиевдин айтымында, алардын катарында ар кайсы улут, ар кандай курактагы беш миңден ашуун адам бар.

- Биз Ички иштер министрлиги менен гана иштешип, аларга жардам берип жүрөбүз. Арабызда жаш балдар, аялдар, башка улуттун өкүлдөрү да бар. Өзүн азаматмын, мекенчилмин дегендер бизге кошулуп, коомчулуктун биримдигин, тынчтыгын камсыз кылууга жардам берип, салымын кошуп жатат.

Убактылуу өкмөттү колдогон жөө жүрүш, 16-май, 2010-жыл
Апрель окуясынан соң түзүлгөн Кыргызстан Улуттук жаштар конгрессинин кошууну учурда Бишкекте жер-жерлерди бөлүп алып, кайтарууда. Бул тууралуу конгресстин лидерлеринин бири Максат Жолдошбеков кабарлады. Алар бул иштерди Убактылуу бийлик мыйзамдашканга чейин аткарышмакчы.

- Өзүбүзгө тиешелүү мерчендүү жерлерди бөлүп алдык. Биз УТРКны, Тоголок Молдо көчөсүнөн Жаш Гвардияга чейин, Чүй проспектисинен Жибек-Жолу көчөсүнө чейин кайтарып жатабыз. Бул жерде эч кандай каржылоо жок. Ар бир ыктыярчы өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша тамак-аш, жолго өздөрү чыгарып жатышат.

Мындай кошуундар бир гана Бишкекте эмес өлкөнүн башка аймактарында да түзүлгөн. Алсак, Ош облусу жана шаары боюнча “Биримдик kg” деген аталыштагы жаштар уюму өзүнүн кошуунун түзүп, иш алып барууда. Анын лидери Нурбек Исмаилов буларга токтолду:

- Максатыбыз талап-тоноодон шаарды сактап калуу. Биз, жаштар, тынчтыкты каалайбыз. Ал бийлик, тигил бийликке эмес, тынчтыкты сактайбыз деп жүрөбүз. Бул уюмду кийинки муунга да калтырып кетебиз.

Коомчулук арасында коомдук тартипти коргоодо элдик кошуундардын ролу чоң экени айтылууда. Муну 2005-жыл март, 2010-жыл апрель окуялары тастыктагандай болду.

Ички иштер министрлигинин маалымат жана коомдук байланыш башкармасынын жетекчисинин орун басары Рахматулло Ахмедов элдик кошуундар кылмыштын жүзүн ачуудан башка жумуштарга көмөк көрсөтүп жатканын белгиледи.

- Бишкек боюнча 300гө жакын элдик кошуундун өкүлдөрү ички иштер органдарынын кызматкерлери менен бирге күнүгө биргелешкен күзөттөргө чыгып жатышат. Дагы бир топ элдик кошуундун өкүлдөрү коомдук коопсуздук маселелерин чечүүгө, өлкөдөгү туруктуулукту орнотууга өздөрүнүн салымын кошуп келүүдө.

Деген менен коомчулук арасында элдик кошуунду жамынып алып, ар кандай иштерди жасап жүргөндөр жок эмес деген пикирлер да жаралууда. Ошондон улам “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынн төрайымы Динар Ошурахунова Убактылуу өкмөт элдик кошуундар менен бирге иштеши керек деген пикирин билдирди. 2005-жылы аталган коалиция да кошуун түзүп, имараттарды, ири дүкөндөрдү коргогонго көмөк көрсөткөн.

- Апрель окуяларынан кийин милиция эч нерсени көзөмөлгө албай калганын көрдүк. Бийлик жок, талап-тоноочулар өздөрүнүн кара жумушун жасады. Ошондуктан жарандар чогулуп шаарды, өзүнүн үй-бүлөсүн коргойм деген аракеттер башталган. Бирок кошуунду жамынып алып чынында эле башка криминалдык, ал тургай маргиналдык элементтер чогулуп алып, башкалардын укугун бузгандары байкалып атат.

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү 14-майда “Форумдун” алдында чогулган жаштарды жер-жерлерде элдик кошуун түзүүгө үндөгөн. Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил Каптагаев элдик кошуунду утурумдук бийлик каржылабай турганын айтты.

- Алар өздөрүнүн демилгелери менен чыгып жатат. 7-апрелден кийин ар кандай эл топтолгон жерде эл тарабынан тартип коргоо, милиция кызматкерлерине карата агрессия байкалып жатпайбы. Ошондуктан элдик кошуундар болуш керек.

Ыктыярдуу элдик кошуундар – булар милиция кызматкерлерине коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөткөн адамдар тобу. Биринчи ыктыярдуу элдик кошуун Союз учурунда 1958-жылы Ленинград ишканасынын айрым жамаатынын демилгеси менен түзүлүп, алардын саны бат эле 15 миңге жеткен. Булардын тажрыйбасына таянып 1959-жылы 2-мартта ЦК КПСС жана Министрлер Кеңеш “Жумушчулардын коомдук тартипти сактоого катышуусу жөнүндө” токтом чыгарган. Дал ушул токтом алардын укуктарын, уюмдун формасын жана милдетин аныктап турган.

Элдик кошуундар негизинен колуна кызыл чүпүрөк байланып, совет шаарларынын көчөлөрүн кыдырган. Алар тартипти бузган адамды кармап милиция бөлүмүнө алып келгенге да укуктуу болушкан. Элдик кошуундарда болуу коомдук иш катары каралып, уюмдук, партиялык, комсомолдук уюмдар тарабынан колдоого ээ болгон. Советтер Союзу жоюлган соң ыктыярдуу элдик кошуундар дээрлик жоюлуп, айрымдары гана сакталып калган.

Кыргызстанда 7-апрелден соң ондоп түзүлгөн элдик кошуундардын так санын эч ким айта алган жок. Алардын айрымдары партияга айланып, айрымдары партиянын курамына киришкен. Кээ бирлери кийин деле иштерин улантып, көчө балдары, ичкич адамдар менен иштеше тургандарын айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG