Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Тбилиси "Бишкек" болбойт


Тбилиси -- Грузиянын Жогорку сотунун имараты алдындагы митинг. Акцияга катышкандар саясий жүйөөлөр менен камалгандардын абактан бошотулушун талап кылышты.
Тбилиси -- Грузиянын Жогорку сотунун имараты алдындагы митинг. Акцияга катышкандар саясий жүйөөлөр менен камалгандардын абактан бошотулушун талап кылышты.

Ушул айдын этегинде Грузияда жергиликтүү бийликтер шайланат. Оппозиция добуштардын санагы бурмаланса, тарапкерлерин массалык митингдерге чыгара турганын эскертүүдө. Өкмөттөгүлөр муну менен оппозиция өзүнүн чектен чыккан кадамдарын күн мурунтан эле актаганы жатат деп эсептейт.

Оппозиция, атап айтканда, 30-майдагы шайлоонун натыйжалары бурмаланса, Тбилисини "экинчи Бишкекке айлантабыз" деп эскертти.

Мамлекеттик Илия университетинин профессору Гия Нодия Кыргызстандагыдай окуя Грузияда болоруна ишенбейт. Анын айтымында, бийлик добуштарды массалык түрдө бурмалай албайт, эл деле оппозициянын чакырыгы менен аламандап көчөгө чыгары кыйын. Муну 6-майдагы окуялар көрсөттү.

6-май адатта өлкөдө ыйык Георгий күнү катары белгиленет. Бу жолу бийликтер аны полициянын күнү деп жарыялап, чоң парад өткөрүштү. Оппозиция буга каршы болуп, митингге чыкты жана чакан топ полиция менен кагылыша кетти. Кечке маал элди көчөгө чакырган кайрылууга калк анчейин кулак салбады. Радикал оппозициянын лидери Гога Хиндрава буга абдан ызаланып, "тбилисиликтерди суу жүрөк" деп айыптады жана өз тарапкерлерин таркатканга аргасыз болду.

Ошол күнкү окуяны комментариялап, президент Михаил Саакашвили "грузин полициясы дүйнөдөгү эң мыкты полиция экенин чет элдик бардык эксперттер белгилеп жатышканына, аны мурда калктын беш эле проценти колдосо, азыр 80 проценти урматтай турганына" ишендирди.

Оппозиция жаатынын дагы бир лидери, мурдагы премьер-министр Зурав Ногаидели оппозиция полициянын аракеттерине карабастан күрөштү акыр аягына чейин уланта турганын билдирди.

Профессор Нодиянын айтымында, оппозиция ыкшоо элди козголтуу үчүн диний факторду пайдаланганы жатат. Эки ай мурда журналист жана бизнесмен Малхаз Гулашвили Элдик православ союзун түздү. Ага азыркы режимге ыкыласын салбаган маданият ишмерлери кирди, бирок бирикменин басымдуу көпчүлүгүн батыш маданиятына ышкысы жок жаштар түзөт.

Саясий кыймылдар өз максаты үчүн диний факторду пайдалангысы келген учурлар жаңылык деле эмес. Бирок профессор Нодия мындай аракет Грузиянын шартында геосаясий өңүт алып кетерине көңүл бурду.

Жалпы православдардын биримдигине жамынган кыймыл ачыктан-ачык россиячыл маанайга өтүп кетиши ыктымал. Ансыз деле россиялык айрым баяндамачылар буга шыкакчы болуп жатышат. Алардын бири Цхинвалиге өтө качкан Гулашвилини коргоп, "анын иши жалгыз эле Грузиянын маселеси эместигин" билдирди жана "Россиядагы, Украинадагы православдарды, атүгүл мусулмандарды буга байланыштуу өз пикирлерин айтканга" чакырды.

"Гулашвили өңдөгөндөр өз пикирин кантип айтары жакшы белгилүү, - деп жазат профессор Нодия "Азаттыктагы" баяндамасында. - Батышка ык салгандарды,айрыкча Саакашвилинин өкмөтүн алар "марионеткалык режим" деп атап, колдон келсе биргелешип "жихад" жарыялаганга даяр".

Бирок байкоочулар мындай пландар оңунан чыгарына ишенишпейт. Тбилиси өкмөтү көп нерседен сабак алды, элдин массалык толкунуна тамызгы болгудай калпыс кадамдарга барары да күмөн. Анын үстүнө бийликтин шайлоо жолу менен өз мөөнөтүндө тынч алмашканын жактагандар Грузияда кантсе да көпчүлүктү түзөт. Майдын акыркы күнүндө боло турган шайлоодо Тбилиси "жаңы Бишкек" болбойт дешет алар.

XS
SM
MD
LG