Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Кыргызстан санариптик технологияга өтүүгө камынууда


Ысык-Көлдө алдыңкы технологияларга өтүү, анын ичинде санариптик берүүлөргө өтүү маселеси боюнча семинар өтүп жатат. Каралып жаткан маселенин мааниси жөнүндө Эл аралык байланыш боюнча кеңештин КМШ өлкөлөр үчүн аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Орозбек Кайыков "Азаттыкка" айтып берди.


- Ушул тапта сиздер Ысык-Көлдүн жээгинде санариптик берүүлөргө өтүү боюнча эл аралык семинар өткөрүп аткан экенсиздер. Тактап айтып кетсеңиз, санариптик берүүлөрдүн азыр биз колдонуп келаткан салтуу берүүлөрдөн кандай айырмасы бар, анын кандай артыкчылыктары бар?

- Ысык-Көлдүн жээгинде кечээтен баштап эл аралык электр байланыш уюмунун астында семинар өткөрүп жатабыз санариптик телевидениеге өтүү боюнча. Эң негизгиси радио жыштыктар чектелген ресурс болуп эсептелинет. Азыркы теле берүүлөр, мисалы бир каналда бир эле программа берилип жатпайбы. Эгерде санариптик технологияга өтө турган болсок, бир каналда сегиз программага чейин берилет, ошон үчүн радио жыштыктарды эффективдүү пайдаланууга мүмкүнчүлүк болот, экинчиден, сапаты дагы жакшырак болот. Ошон үчүн бул жаңы технологияга өтүшүбүз керек.

- Мунун дагы кошумча пайдалануучу жактары бар деп айтылып жүрбөйбү. Маселен эгер телени көрө турган болсок, ал жерден көрүүчүлөр кошумча программаларын заказ кылышат дегендей?

- Бул жаңы технологиянын дагы бир жакшысы - интерактивдүү телевидение деп коет. Эгер санарип технологияга өтө турган болсок, анын дагы бир мүмкүнчүлүгү телекөрүүчүлөр өзүлөрүнүн каалаган программасында кандайдыр бир кинолор болобу, же башка дагы бир нерселер болобу, ошону өзүлөрү заказ берип көрүүгө мүмкүнчүлүгү болот. Бул технологиянын эң жакшы жерлеринин бири ушунда болот. Азыр Кыргызстанда Электр байланышы боюнча уюмдун астында пилоттук проект жасап атабыз, ошону кыргызстандыктар билим берүү боюнча мүмкүнчүлүктөрүн колдонгонго аракет кылып жатышат. Эгер ошол нерсе ишке ашып кала турган болсо, бул эң жакшы жылыштардын бири болот. Ошого биз азыр аябай үмүттөнүп турабыз.

- Санариптик берүүгө Кыргызстан 2015-жылга чейин өтүшү керек экен. Сиздин байкоолор боюнча Кыргызстандын даярдыгы кандай, мөөнөтүндө өтө алабызбы?

- 2015-жылда ушул берүүлөргө өтүү боюнча 2005-06-жылы Швейцариянын Женева шаарында эл аралык жыйын болгон. Анда айтып кете турган болсок, биздин Европадагы өлкөлөр, шериктеш өлкөлөр, Африка өлкөлөрү ж.б. өлкөлөрдүн арасында келишим алынган. Биз 2015-жылы өтөлү деген жыйынтыкка келгенбиз өзүбүз. Европа өлкөлөрү 2012-жылы, Африка өлкөлөрү өз мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу 2020-жылы өтөбүз деген.

Европанын бир топ мамлекеттери бул технологияга өтүштү. Азыр шериктеш мамлекеттердин ар кайсы өлкөлөрүндө көп иштер жүргүзүлүп жатат. Менин билишиме караганда Кыргызстандын Баткен облусунда пилоттук проект жасалды болуш керек. Эми биздин чектеш кошуна мамлекеттер андай технологияга өтүп кетсе, биз 2015-жылга чейин өтүшүбүз керек. Себеби алар башка технология менен иштеп келсе, биз эскиче калсак, бири-бирибизге жолтоо болушубуз мүмкүн.

- Дүйнөдө бир канча стандарттар бар эмеспи санариптик берүүлөр боюнча, алардын ичинен белгилүүлөрү АКШ, Европа, Жапония стандарты. Биз кайсы стандартка өтөбүз, кайсынысы арзан болот?

- Биз «Дивидити» деген стандартка өтөбүз. Биздин чектеш мамлекеттер Женевадагы жыйналышта биз «Дивидити», же «Дивидити-2» деген стандартта иштейбиз деп айтылган. Менин оюмча биз «Дивидитиге» эле өтөбүз го.

- Рахмат маегиңизге.
XS
SM
MD
LG