Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

У.Ботобеков: Орусияга Кыргызстанда ыңгайлуу саясий күч керек


Уран Ботобеков
Уран Ботобеков

Айрым өлкөлөр өздөрүнө ыктаган Кыргызстандагы партиялар менен мамиле түзгөнгө кызыкдар болуп жатканын саясат талдоочу Уран Ботобеков “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

- Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү жүрүп жатат. Бир катар ири партиялардын лидерлери өлкө сыртынан, айрыкча Орусиядан колдоо издеп, кайра-кайра Москвага каттап калышты. Сиздин баамыңызда бул эмнеден кабар берет?

- Биздин саясатчылар ал жактан жалгыз гана өздөрү үчүн колдоо издебестен, ошол күч кубаттуу өлкөлөр - Орусия, АКШ да өздөрүнүн кызыкчылыгын шайлоодо коргоп калалы деп, алар да биздин саясий лидерлерге кызыгуусун көрсөтүп, байма-бай чакырып жатат. Алар менен жолугушуулар болуп жатат. Орусияга бир топ саясатчылар барып келди. Алар ошол жакка барып келип кандайдыр бир деңгээлде саясий упай алып жатат. Путин, Медведев, Назарбаев, Кытайдын жетекчилери менен жолугушуулар шайлоо өнөктүгүндө реклама катары пайдаланылууда. Ошондуктан бул эки тараптуу кызыкчылык менен болуп жаткан нерсе деп ойлойм.

- АКШнын да кызыкчылыгы бар деп айттыңыз. Азыркы тапта Батыш өлкөлөрү канчалык деңгээлде Кыргызстандагы партиялар менен кызматташып жатат?

- Кыргызстанда боло турган парламенттик башкаруу системасы талашка түшкөндөй бир сезим калтырып жатат. Акыркы кезде Орусия жетекчилиги, расмий Москва "Кыргызстандагы парламенттик башкаруу системасы - катастрофа" деп айтып келе жатат. Ал эми президент Роза Отунбаева Америкада Барак Обама менен жолукканда, ал биз багыт алган демократиялык жаңылыктарга, бүгүнкү жараяндарга абдан чоң баа берди. Ошондуктан Кыргызстанда келечектеги бийликтин формасы ири мамлекеттердин ортосунда бир кызыкчылыктарды туудурган иш болуп калды.

- Натыйжада ири державалар Кыргызстандагы кайсы бир партияны парламентке алып келүүгө кызыкдар болуп жатабы?

- Эми бул бардык эле элге көрүнүп турат. Орусия, анын жетекчилиги президенттик башкарууну колдогон саясий партиялардын лидерлери менен алака түзгөнгө, аларды кепке тартып азыртадан алар менен сүйлөшкөнгө кызыкдар болуп жатат. Менимче буга түшүнүү менен мамиле кылса болот. Постсоветтик аймактагы мамлекеттерди Орусия мурдатан өзүнүн таасири алдындагы өлкөлөр деп эсептеп келет. Ошондуктан бул жерде өзүнүн сөзүн айткысы келет.

Акыркы мезгилдеги саясий тажрыйбалар көрсөткөндөй, Украинада В. Ющенко батышчыл саясат алып кеткенде Орусия үчүн чоң маселелер жаралды: Кара деңиз флотунун ижара акысы көбөйдү, газын транзиттик ташуусу чоң көйгөйгө айланды, Украинанын жетекчилиги Орусияны оккупациялык күч катары көрсөткөнгө аракет кылды. Ошондой эле орус тили көп кысымга алынды деп Орусиянын бир топ маалымат каражаттары жарыялап келди. Орусия миллиарддаган чыгым тартты.

Грузияда да бийликке батышчыл маанайдагы Саакашвили келген соң эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамиле үзүлүп, согуштук абалга келди. Ошондуктан Орусия келечекте ыңгайлуу, тилектеш, көз карашы бир саясий күчтөрдүн Кыргызстандын бийлигине келишине кызыкдар.

- Орусия өңдүү ири державалардын Кыргызстандагы кайсы бир партиялар менен байланыш түзүп жаткандыгы, айрым серепчилер белгилешкендей, колдоо көрсөтүп жатканы Кыргызстандын ички иштерине кийлигишкендик деп саналбайбы?

- Мен ойлойм, бул абдан чоң маселе. Биздин ал жакка барып мамиле түзүп жаткан саясатчыларыбыз да муну абдан жакшы карап турушат. Ички ишибизге кийлигишет деп мен айта албайт элем. Бирок кандайдыр бир деңгээлде таасири бар.

- Рахмат!

XS
SM
MD
LG