Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

Сүйүү улут тандабайт…


Кыргыз кызы Венера Абдираимова менен өзбек жигити Баатыр Жалиевдин үй-бүлөсү, Ош.(үй-бүлөлүк архивден)
Кыргыз кызы Венера Абдираимова менен өзбек жигити Баатыр Жалиевдин үй-бүлөсү, Ош.(үй-бүлөлүк архивден)

Ошто кыргыз-өзбек өкүлдөрүнөн куралган үй-бүлөлөр июндагы улут аралык кагылыштан кийинки кризистен кантип чыгып жатат?

Кыргызстан түштүгүндө ондогон аралаш үй-бүлөлөр бар, өткөн окуя аларга өзгөчө катуу тийди. Ошол эле кезде мындай интернационалдык бүлөлөр азыр жарашуу жараянында бөтөнчө роль ойноп жатышат.

Өзбек жигити Баатыр Жалиев менен кыргыз кызы Венера Абдираимова түптөгөн “чакан мамлекет” да Ош шаарындагы мына ошондой аралаш бүлөлөрдүн бири.

Биз алгач эле кезинде бул эки жаш кандайча баш кошуп калганына кызыктык.

Венера Абдираимова:
Венера менен Баатырдын үйлөнүү үлпөтү, 1996-жыл.(үй-бүлөлүк архивден)

-Бардыгы эле менден “эмнеге өзбекке тийгенсиң?”- деп сурашат да. “Эмне кыргыз жигит сага табылбадыбы?”- депчи. Биз өзү 1990-жылдагы коогалаңдан эки жылдан кийин, 1992-жылы таанышканбыз да. Ошол мезгилде деле кыргыз-өзбек маселеси бар болчу. Бирок эми эмнеге дей албайт экенсиң да. Сүйүүнүн көзү көр экен, махабат дегениң улут тандабайт экен. Ушинтип баш кошуп жашап жатабыз...

Тааныштардын «эмнеге баш коштуңар?» деген суроосуна Венера менен Баатыр ушинтип «сүйүү улут тандабайт» деп жооп берип келатышат. Экөө таанышкан күндөн баштап эле көрүнбөс жиптер менен байланып, 5 жылча сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан.

- Баатыр мырза, сиз Венера эженин кандай артыкчылыктарын баалап, сүйүп калдыңыз?

- Ойлонуш керек да. Эми баарын айтып бүтө албайсың да… Көздөрү, каштары, баары эле жагат да…



Бул үйдө эки элдин тең каада-салты өкүм сүрөт. Бул керек болсо үй-бүлөнүн жашоосун ого бетер мазмундуу кылат дешет жубайлар. Бирде бешбармак, бирде палоо тартып, дасторкондору да ар түркүн.

Венера Абдираимова:

-Эми мен негизинен тамакка келгенде өтө тажрыйбалуу эмесмин. Бирок Баатыр мени тамак жасай албайсың, андай-мындай деп сындаган эмес. Мен кандай тамак жасасам деле жеп, рахматын айта берет. Жегенден кийин сөзсүз рахмат айтат. Анан жакшы көргөн тамактарын Баатыр мага жасап берет. Аш басып берет, кээде тооктун этинен тамак жасайт. Мен бирок бешбармакты жасап бере албай жатам…

Ошентип бул жубайлар 14 жылдан бери бири-бирине жыты сиңишип, жаманын жашырып, жакшысын ашырып жашап келатышат. Анда-мында казан-аяк кагыша калса да, эгерим сен баланчасың деп, улут маселеси козголгон эмес. Июндагы этникалык уруш да алардын ынтымагына доо кетирген жок.

Баатыр Жалиев:

-Биздин үй-бүлөдө сен кыргыз, сен өзбек деген нерсе жок. Мурда кандай болсок азыр деле ошондой жашап жатабыз. Бизде эч кандай көйгөй жок, биз коогалаңдын чыгышына себепкер эмеспиз да… Кадимкидей, жөнөкөй адам катары жашап жатабыз. Шаарда, эл арасында ар кандай кеп-сөз жүрүп атат. Бирок кайсынысы чын, кайсынысы жалганын ким билет? Дагы деле мурдагыдай имиш-имиш сөздөр жүрүп атат. Негизи кыргызбы, өзбекпи, оруспу кайсы өлкөдө жашабасын ошол өлкөсүн сыйлап жашашы керек да...

Канткен менен жайкы кагылыш бул үйдү да кыйгап өтпөптүр. Баатыр эки ортодо тепки жеп, бир ай эс-учунан ажырап жаткан экен. Жубайлар жергиликтүү «Керемет» телеканалында бири кабарчы, бири оператор болуп иштейт. Тополоң учурунда алар кызматта болчу. Баатырды аялынын көзүнчө топ балдар ур-тепкиге алып, экөөнүн унаасын жана жабдыктарын тартып алышкан. Бирок алар баштары аман калганына шүгүр келтиришет.

Баатыр Жалиев:

-Коогалаң күндөрү баягы «Бриллиантовая рука» деген кино бар го. Ошондогу «упал, очнулся - гипс» дегендей болуп, мен бир жыгылганымды билем, эсиме келсем гипс менен жатыпмын. Дарыгерлер жанымда жүрүптүр.

Венера Абдираимова:

-Биз өзү ошол коогалаң башталган күнү эртең менен ишке келгенбиз. Жолдо келатсак машинелер күйүп, дүкөндөр талкаланып жаткан экен. Анан бизди шаардын мэри маалымат жыйынын өткөрөт экен деп чакырган болчу. Камераларды кеңседен алып кетели деп келдик да. Кайра кетип жатсак, ошол грен-завод жакта топ балдар турушкан экен. Чогулуп үйлөрүн коргоп турушуптур. Бирок жолдон өткөн машинелерди токтотуп жатышыптыр. Бизди дагы токтотуп эле Баатырды өзбек экенсиң деп, машинеден сүйрөп, ургулап кетишти. Камераларды да алып алышты. Мен койгула деп ажыратууга аракет кылсам, эч ким мени укпайт. Кайра мага опурулушуп, буга болушпа, болушсаң сени да азыр өлтүрөбүз дешет. Эми күйөөмдү өлтүрүп коюшат окшойт деп түңүлүп калдым… Анан “тез жардамды” чакырсам, жакшы 3-4 мүнөттө келип калды. “Тез жардамга” салып атсак, ал жердегилер аны бутунан, башынан тартып атышат. Жанагы келген дарыгерлер дагы жакшы балдар экен, түрткүлөп атышып Баатырды алып кеттик…

- Машинеңиздер эмне болду анан?

- Мен ачкычты алып рулга олтуруп кетейин десем бир нече балдар келип менден талашып калышты. А"зыр балдарды алып келип алалы, эже, анан беребиз" деп эле минип кетип калышты. Коогалаңдан кийин беребиз дешкен, балээниби... ошол боюнча жок. Кийин арыз жазып деле кайрылдык, эч кандай дайын жок. Машинебиз да мейли, камерабыз абдан кымбат эле да, телевидениеники болчу. Кантсе да башы-көздөн садага деп коюп олтурабыз.

Венера менен Баатырдын бир уул, бир кызы бар. Ал каргашалуу күндөрү балдары атасынын ооруканада жатканын көрбөсө да ичинен сезиппи, айтор катуу кыжаалат болуп ыйлай башташкан.

Венера Абдираимова:

- Баатырдын таяк жегенин балдарга деле көрсөтпөйлү дегенбиз. Алар да ортодо стресс болбосун деп, бул ооруканадан чыккандан кийин бактын ичине алып кирип, анан үйгө алып киргенбиз. Бирок балдар баарын билет экен да. Кызым ошол күнү түнү менен таң атканча ыйлап чыкты да. Айтпайт, өз бөлмөсүнө кирип ыйлайт, ыйлайт... Балам болсо эркек бала экен, баары бир билгизбегенге аракет кылып атты.

Азыр бул жак күнөөлүү, же ал жак айыптуу деп улуту боюнча акыйнек айтышууларга бул үй-бүлө сабырдуулук менен карап, убакыт өтсө баары жайына келет деп эсептешет. Баарынан кызыгы - улут арасындагы кагылыштардан кийин Баатыр менен Венеранын бири-бирине аёо, сыйлоо сезимдери күч алган экен.

Венера Абдираимова:

- Эми бизде мурда деле кыргызбы, өзбекпи, оруспу, айырмасы жок эле да. Тескерисинче, бул окуядан кийин, Баатыр таяк жегенден кийин, муну мен көбүрөк аяй баштадым. Эми бул күнөөсүз эле таяк жеди да, туурабы? Бул бир жаман иш кылбаса, же бирөөгө жаман бир нерсе дебесе. Ушундай эле буга окшогон канча адам жок болду, кыргыздардан да, өзбектерден да. Ортодо бейкүнөө адамдар таяк жеп, бейкүнөө адамдар жабыр тартышты. Анан ал күнөөлүү, бул күнөөлүү деген туура эмес. Анын үстүнө үй-бүлөдө улут маселеси, анан сен кыргыз элең, сен өзбек элең деп айтылбаш керек. Айтпайбыз дагы…
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG