Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Кыргыз профсоюздарындагы кыңыр иштер


Кыргыз профсоюздарына караштуу Бишкек турбазасында кытай фирмасынын менчик мүлкү мыйзамсыз сатылып кеткендигине байланыштуу чыр тутанууда.

Айрым маалыматтар бул иште Бакиевдердин жакындары аралашканын көрсөтүүдө. Профсоюздар федерациясы кытай ишкеринин доосу боюнча иш козгоону өтүнүп прокуратура органдарына кайрылган жатат. Профсоюз жетекчилиги кытай ишкери эле эмес, мурунку жылдарда өздөрүнүн да мыйзасыз сатылып кеткен мүлкүн кайрый албай жатканын, буга күнөлүү адамдар жоопкерчиликтен качып кутулуп кетип жатканын билдирүүдө.

Кытай ишкеринин жең ичинен сатылып кеткен мүлкү жөнүндөгү маселени профсоюздар федерациясынын жетекчилиги өзү көтөрүп чыкты. Федерациянын төрагасы Канатбек Осмоновдун айтымында, Турбазада “Цзиндали” фирмасынын башчысы кытай ишкери Ян Цен Линге караштуу жалпы наркы үч миллион долларды чапчыган төрт жүздөн ашык контейнер дүкөндөрдүн көбү турбазанын мурдагы жетекчилери тарабынан мыйзамсыз сатылып кеткен. Ошондуктан бул факты боюнча федерация прокуратура органдарына билдирүү даярдоодо.

- Мына ушул фактылар боюнча биз укук коргоо органдарына кайрылууга мажбур болуп турабыз. Себеби ошол бизге инвестиция алып келген кытай капа болуп жатат, мен куруп кеткен имарат жайымды орто жерде каракчылар сатып жибериптир деп. Менин коркконум, эки өлкөнүн ортосунда чыр чыгып кетиши мүмкүн бул жерде. Кытай өкмөтү өзүнүн жаранынын мүлкүн тарттырып жиберип карап отурбаса керек, -деди Кыргыз профсоюздарынын федерациясынын төрагасы Канатбек Осмонов.

Профсоюздардын федерациясы кытай инвесторунун мыйзамсыз сатылган мүлкү боюнча “Кыргызтуризмдин” мурдагы жетекчиси Кадыр Темиралиевге күнөө коюуда. Ал эми Кадыр Темиралиев өз кезегинде бул ишти жасаган адамдар катары экс-президент К. Бакиевдин жакындарын көрсөтүп жатат. Анын айтымында, 2009-жылы профсоюзга караштуу “Кыргызтуризм” менен "Кыргызсоветкурорт" ишканалары бириктирилип, жаңы түзүлгөн ишканага ошол кездеги президенттин бир тууганы Жаныш Бакиевдин классташы жетекчи болуп келген.

- Кыргызкурортсовет менен Кыргызтуризм жоюлуп, реорганизация болгон. Эки структураны кошуп, толук иш кылалы деп Жаныш Бакиев өзүнүн классташы Кадыров Расул дегенди алып келген. Контейнерлер күзүндө сатылган, биз жазында бошогонбуз, ошондуктан тиешебиз жок, - дейт Кадыр Темиралиев

Бишкек турбазасынын азыркы директору Рысбек Кадыралиев кытай ишкерине караштуу дүкөн контейнерлер 2008-2009-жылы сатылганын, бул иште турбазанын мурдагы директору Таалай Карыбеков аралашканын айтууда. Таалай Карыбеков азыркы учурда президенттин иш башкармасынын жетекчисинин орун басары болуп иштейт.

Профсоюздар федерациясынын жетекчиси кытай ишкеринин мүлкүн мүлжүп алууга профсоюздун мурдакы жетекчилери көмөктөш болгон деген оюн билдирүүдө. Анткени профсоюздун мүлкүн жең ичинен сатууга жетекчилер көмөктөш болуп, көз жумду мамиле кылышкан башка мисалдар да көп. Канатбек Осмонов профсоюздун мыйзамсыз сатылып кеткен бир далай мүлкү алиге кайтарылбай жатканын, ошол ишти жасаган адамдар жоопкерчиликтен качып кутулуп кетишкенин айтууда. Мисалы, ошол эле Кадыр Темиралиев жетекчи болуп турганда “Кыргызтуризм” бирикмесинде Ысык-Көлдөгү эки кабаттуу имарат үч гектардан ашык жери менен 300 миң сомго сатылып, андан кийин үчүнчү кишилерге он миллион сомго сатылып кеткен. Ошол эле “Кыргызтуризмдин” Ош шаарындагы автобазасынын конторасы да сатылган.

Ысык-Көлдөгү эки кабат имарат жана үч гектар жердин мыйзамсыз сатылган фактысы боюнча прокуратура иш козгоп, сот териштирген. Кадыр Темиралиев өз кезегинде бул жерде анын күнөөсү жоктугун белгилеп, иштин жайын башкача түшүндүрөт:

- Айыл өкмөтү жана акимиаттын чечими менен Узакманова үч гектар жерди айыл өкмөтүнүн фондунан алган. Турбазадан кесип алган жок, ошон үчүн сатуу болгон эмес. Сатканыбыз эки кабат алтымышынчы жылкы курулуш болчу, мөөнөтү бүткөн. Аны биз он миң долларга сатканбыз. Чынында эле Узакманова үч гектар жерин саткан, сот чечими бар, зыян болгон эмес деген.

Профсоюздар федерациясынын төрагасы Канатбек Осмонов профсоюздун мыйзамсыз сатылган мүлкүн кайтарып алуу аракеттери үчүн катуу каршылыкка жана кысымга туш болуп жатканын айтууда. Кыргызтуризмдин мурдагы директору Кадыр Темиралиевден 2007-жылы 88 миң доллар алып бербей койду деген негизде Канатбек Осмонов менен Кыргызкурорттурсоветтин жетекчиси Чынара Токобаевага Бишкек шаарынын прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, өткөн жылдан бери сүйрөп келатат.

Февралда шаардык прокуратура Чынара Токобаеваны камакка алууга, ал эми Осмоновду үй камагында кармоого чечим кылган. Бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат. Айыпталып жаткандардын жакточулары шаардык прокуратура жарандык процессуалдык тартиптеги ишти кылмыш ишине айландырып жиберди деп каршы болууда. Токобаеванын жактоочулары шаардык соттун алдына пикетке чыгып, анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылышууда.

СССР кыйрагандан кийин Кыргызстандагы профсоюздарга абдан көп мүлк мураска калган. Алардын катарында “Көгүлтүр Ысык-Көл”, “Кыргызстан” санаторийлери, “Ала-Тоо” эс алуу үйү, Жыргалаң, Жети-Өгүз, Ысык-Ата, Жалал-Абад, Арсланбаб курорттору, Байсоорун, Улан пансионаттары, “Достук” мейманканасы, Бишкектеги жана Оштогу турбазаларды айтсак жетиштүү. Бул байлыкка көзү кызаргандар көп, ошондуктан “Көгүлтүр Ысык-Көл”, “Ала-Тоо” эс алуу үйүнө караштуу гектарлаган жерлер жең ичинен сатылып кете жаздап араң калган. Бирок “Спартак” стадионунун кичи аренасы, Ала-Арча, Ала-Тоо алплагерлери, “Сары-Челек” турбазасы, Ысык-Көлдөгү “Кырчын” лагери, Өзгөн районундагы Салам-алик эс алуу жайы сыяктуу кирешелүү жайлар профсоюздун колунан чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG