Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:00

АКШ: Жакынкы Чыгыштагы таасир үчүн таймаш


Барак Обаманын билдирүүсү Араб өлкөлөрүндө да кызуу талкууну жаратты.
Барак Обаманын билдирүүсү Араб өлкөлөрүндө да кызуу талкууну жаратты.

АКШ президенти Барак Обаманын Араб дүйнөсүндөгү окуялар тууралуу 19-майда жасаган билдирүүсү кыргызстандыктар арасында да түрдүү пикирлерди жаратууда.

Барак Обама өз сөзүндө "Араб жазы" америкалык дипломатиянын жаңы барагын ачты” деп, Египет менен Туниске АКШ экономикалык колдоо көрсөтө тургандыгын ачыктаган.

Айрымдар муну АКШ Араб өлкөлөрүнө болгон таасирин жоготуп алуудан кооптонууда деп бааласа, кээ бирлери экстремизмди алдын алуу кадамы катары сыпатташууда.


Тунис менен Египеттеги диктатордук бийликтин кулашына, ага удаа Ливия, Сирия, Йемен, Бахрейнде тутанган массалык толкундоолорго токтолгон Барак Обама АКШ менен Араб чөлкөмүн экономика, коопсуздук, тарыхый жана адамдардын тагдыры жакындатып тураарына токтолгон:

Барак Обама, 19-май, 2011-жыл
- Алты ай ичинде биз Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкада болуп көрбөгөндөй окуяларга күбө болдук.

Аянттан аянтка, шаардан шаарга, өлкөдөн өлкөгө өтүп, эл өзүнүн өзөккү укуктарын талап кылып көтөрүлүп жатышты.

Эки мамлекет башчы кызматтан кетти. Дагы башка окуялар болушу ыктымал.

Биз билебиз, бул өлкөлөр биздин жээгибизден алда канча алыс экенине карабастан, болочогубуз экономика жана коопсуздук, тарых жана диний ишеним жаатында бул чөлкөмгө тыгыз байланыштуу.


Ушундан улам кыргыз коомчулугунда “АКШ Араб өлкөлөрүндөгү таасирин жоготуп алуудан кооптонууда” деген пикирлер да айтылууда.

Эң башкысы - турум

Мурдагы тышкы иштер министри, “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, АКШ дүйнөдө эң бай, эң ири мамлекет катары өзүнүн позициясын кармап калуу аракетин көрүүдө.

- Обама ошентип айтканы менен, АКШ эң бай мамлекет болгону менен анын да тышкы карызы чоң. Бирок эгер бүгүнкү күндө араб өлкөлөрүнө экономикалык, социалдык маселелерди чечкенге жардам бербесе, анда исламчылар бийликке келет.

Исламчылар бийликке келиши Америкага да, Израилге да терс таасирин тийгизет. Идеологиялык тирешүү болуп атат. Анткени дүйнөдө ислам дүйнөсү күч алып атат. Бул да идеологиялык тирешүүнүн бир көрсөткүчү болууда. Обаманын бүгүнкү билдирүүсү аргасыз болуп атат.


Палестиналыктар Обаманын билдирүүсүн көрүп жатат.
"Араб жазынын" байчечекейи болгон Тунис менен Египетке АКШ көлөмдүү экономикалык көмөк убада кылып, Каирдин 1 миллиард доллар карызын кече тургандыгын ачыктаган.

Президенттин аппаратынын стратегиялык талдоо жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы, саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин айтымында, Америка каржылык жардам берип жаткандан кийин өзүнүн кызыкчылыктарын таңуулабай койбойт.

Молдалиев Обаманын Араб өлкөлөрүндөгү толкундоолорго өзгөчө басым жасашын экстремизмди жана диндер аралык көз караштардын терс жакка курчуп кетпешин алдын алуу кадамы катары сыпаттоодо.

- Бул албетте экономикалык таасир. Бизге деле эгер баштаган реформаларды демократиялашуу жолу менен кетсеңер каржылык жардам беребиз деп айтып атпайбы.

Америка азыр глобализациянын шартында, демократизациянын шылтоосу менен демократиялык мамлекеттер бири-бири менен согушпайт деген тезисти колдонуп, бардык жерде демократия болсо стабилдүүлүк болот деп аракеттенип жатышпайбы.

Америка каалагандай эле Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн баары эле демократиялык өлкө болуп кетет деп айтыш кыйын. Ал жакта ислам эмес, исламизмди тараталы деген күчтөр көп. Алардын таасири Американын таасирине караганда кээ бир учурларда көп болуп кетет. Ошондуктан булар да экстремизмди алдын алуу үчүн ушундай саясатты жүргүзүп жатат.


Мажбурлаган саясат

Ыңкылап аралаган Аравия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн ар бирине токтолгон Обама Сириянын президенти Башар ал-Асадга кайрылып, өткөөл мезгилди баштоо же жараянга бөгөт болбой кетүүгө үндөгөн.

Муфтий Чубак ажы Жалилов Араб өлкөлөрүн узак убакыт башкарган диктаторлордун ордуна башка бир демократ келет деген ойдон алыс. Ал Араб өлкөсүндөгү кен, мунай зат байлыктары саясаттын өзөгү болууда деп эсептейт.

Пакистандык үй-бүлө
- Ал жердеги диктатор деп аткан адамдардын кетүүсү менен андан жакшы бир адамдардын келүүсүн күтүү кыйыныраак болуп калышы мүмкүн.

“Дипломатиянын жаңы барагы ачылды” дегенде кайсы бир деңгээлде дипломатиялык сылыктык эмес, балким ошонун одоно түрү башталды дегенди кыйытма түрдө айткысы келип жатса керек. Бирок ошол убакта эле ошолорду сүйлөткөнгө мажбур кылган саясат деле болушу мүмкүн.


Коопсуздук маселелерин чагылдырып жүргөн журналист Аркадий Гладилов АКШнын араб өлкөлөрүнө болгон таасиринен күмөн санабайт. Бирок аны ашыкча жарыялоонун кажети жок деп эсептейт.

- Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы жагдайлар Америкага алыс болгонуна карабай коркутпай койо албайт. Бул чындыгында өтө коркунучтуу көрүнүш.
Эгер бүгүнкү күндө араб өлкөлөрүнө экономикалык, социалдык маселелерди чечкенге жардам бербесе, анда исламчылар бийликке келет.


Башка маселе, Америка өзү ушул жаңжалдарга канчалык таасир этти? Ар бир жаңжал ошол таасир эткендердин көзөмөлүндө болот. Бул кызык жагдай болуп турат.

Мен Обаманын билдирүүсү күтүүсүз болду деп айта албайм. Күтүүсүз эч нерсе болбойт. Кыргызстандагы ыңкылаптар пландалган деген сыяктуу эле Араб өлкөлөрүндө да ошондой болгон.

Жинди бөтөлкөдөн чыгаруу оңой, бирок аны кайра киргизүү кыйынга турат. Ошондой эле АКШга ыңкылаптар кайсы бир деңгээлде маселе жараткан Европа өлкөлөрү да басым жасап жатат. Азыр Жакынкы Чыгыштагы кырдаал көзөмөлдөн чыгып баратат.

XS
SM
MD
LG