Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:39

Путинди кол салуудан сакташты: чынбы, төгүнбү?


Орусиянын мамлекеттик Биринчи каналы бүгүн Владимир Путиндин өмүрүнө кол салуу боюнча кутумдун бети ачылганын жарыялады. Байкоочулар мындай мүнөздөгү маалыматтын чыгышы президенттик шайлоонун жуп алдына туш келгендигине көңүл бурушууда.

Орусиянын премьер-министри жана президенттикке талапкер Владимир Путиндин өмүрүнө кол салуу боюнча кутумдун бети Биринчи канал билдиргендей, Орусиянын жана Украинанын атайын кызматтарынын биргелешкен аракетинин аркасында ачылды. Кол салууну даярдагандыгы үчүн шектелгендер Украинанын Одесса шаарынан камакка алынышкан.

Биринчи каналдан көрсөтмөсү берилгендердин бири.
Биринчи каналдан көрсөтмөсү берилгендердин бири.
Бул жерге алар Бириккен Араб Эмираттарынан Түркия аркылуу чечен жикчилеринин лидери Доку Умаровдун өкүлдөрүнөн так нускоолорду алып келишкен: “Алар адегенде Одессага барып, бомба жасаганды үйрөнөсүңөр дешкен. Андан кийин Москвага барып экономикалык объектилерге диверсия жасаарыбызды, андан ары Путинге кол салаарыбызды айтышты”,-
деди Биринчи каналдан берилген видеокөрсөтмөсүндө камактагылардын бири, жыйырма алты жаштагы Илья Пьянзин.

Ал эми камактагылардын экинчиси, улуту чечен Адам Осмаев теледен буларга токтолду:

- Башкы максат Москвага келип, премьер-министр Путиндин өмүрүнө кол салууга аракеттенүү болгон. Мен жанкечтиликке барбайт элем, бирок каза тапкан (Руслан Мадаев) буга даяр болчу.

Жогорудагыдай көрсөтмө берген Адам Осмаев жанкечтиликке даяр болуучу деп алардын тобунун чечен улутундангы экинчи өкүлү Руслан Мадаев жөнүндө айтып жатат.

Ал 4-январда Одесса шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги квартирада болгон жарылуудан каза тапкан экен. Камоолор дал ушул окуядан кийин жүргүзүлгөн. Жарылуу болгон квартирадан аман калган Илья Пьянзин камалса, анын маалыматынын негизинде Украинанын атайын кызматтары Адам Осмаевди кармашкан.

Путинге кол салууну мерчемдегендер турган үй.
Путинге кол салууну мерчемдегендер турган үй.
Орусиянын Биринчи каналы кабарлагандай, жарылуу болгон квартираны тинтүү учурунда жардыруучу заттардын бөлүкчөлөрү жана Путиндин кортежинин сүрөттөрү, видеосу түшүрлгөн ноутбук табылган. Кол салуу 4-марттагы президенттик шайлоодон кийин ишке ашырылмак.

"Эмне үчүн Одессадан?"

Одессада чыгуучу “Порто-Франко” басылмасынын журналисти Александр Галяс “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматы менен маегинде январдын башындагы окуядан бери Украинанын күч кызматтарында бери дегенде үч версия алмашканына көңүл бурду:

- Башында, жарылуунун себептери каралып жаткан кезде, одессалык кайсыл бир олигархтын өмүрүнө кол салуу даярдалганы жөнүндө алгач бейрасмий, кийинчерээк жарым расмий айтылган. Ал кайсыл олигарх экендиги белгисиз бойдон калды. Андайлар бизде анчалык деле көп эмес. Бирок эң кызыгы Путиндин кортежинин фото сүрөттөрү табылган ноутбукта Одессанын коомдук жана маданий жайларынын, соода борборунун сүрөттөрү да болгон. Камалган жолдоштор Одессанын эл көп жүргөн жерлеринде жардыруу жасоого даярданышкан деген ишара да жасалган. Андыктан бул иш боюнча кээ бир жагдайлары күмөндүүдөй сезилет. Биринчиден, чечендер терракт даярдоо үчүн эмне үчүн Одессага келишкен деген суроо жаралат. Анткени акыркы жылдары бизде бул жолдоштордун үстүнөн көзөмөл салуу күчөгөн. Мындан сырткары жарылуу Тирасполь көчөсүндөгү үйдө болгон. Бул шаардын борбору, шаардык милициядан үч кварталдай эле аралыкта жайгашкан. Ал эми кутумга даярданган топтун бир өкүлү Адам Осмаевди Базарный көчөсүнөн камакка алышкан. Бул - Одессанын эски короолору жайгашкан жер, жабык мейкиндик. Адамдар бири-бирин, коңшулары эмне кылып жатканын билет. Бул короодо байкоосуз калуу мүмкүн эмес, анын үстүнө ал жерге чечен келип жатса. Андыктан эмне үчүн Одессада, шаардын чак борборунда, Одессанын эски короолорунда болду деген суроолор чыкпай койбойт. Ушунун өзү эле одессалыктар арасында күмөн саноолорду жаратууда.

Журналист Александр Галяс “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, орус өкмөт башчысынын өмүрүнө кол салуу Одессадан пландалганы боюнча шаарда кандайдыр бир ушак-айың жүргөн эмес, украин басма сөзүнө буга чейин эч кабар чыкпаган, алар муну Орусиянын өкмөттүк биринчи каналынан кийин гана билип олтурат.

Телеканал Путинге кол салууну мерчемдегендер буйрукту чечен жикчилеринин жолбашчысы Доку Умаровдон алган деп ырастаганы менен Пянзинь да, Осмаев да видеокөрсөтмөлөрүндө бул тууралуу айткан жок.

Доку Умаров акыркы ирет ушул айдын башында тараткан видеотасмасында согушкерлерин Орусия жарандарына багытталган кол салууларды токтотууга чакырып, бирок орус өкмөтү жана аскерий адамдар алардын бутасы бойдон кала берерин белгилеген.

Маалыматтарга караганда, камактагы Адам Осмаевге террорчулардын машыктыруучусу катары 2007-жылы эле издөө жарыяланган экен. Ал чечен президенти Рамзан Кадыровдун өмүрүнө кол салуу даярдаган деп айыпталган.

Чынбы, төгүнбү?

Орус өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путиндин өмүрүнө кол салуу даярдалган деген маалыматты ырастады, бирок комментарий берүүдөн баш тартты.

Орусиянын оппозициячыл маанайдагы айрым саясатчылары мындай кабарга анчалык ишенбегендей.

“Демократиялык тандоо” кыймылынын жана катталбаган ПАРНАС партиясынын лидерлеринин бири Владимир Милов Путиндин “өмүрүнө кол салуунун” бети мындан төрт жыл мурда да, шайлоо алдында ачылганына көңүл бурду. Биринчи каналдын басма сөз кызматы болсо өз комментарийинде бул кабарды пиар -жүрүш деп эсептегендерди "психикалык жактан соо эместер" деп атаган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG