Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:36

Казакстан: Жаңы-Өзөн соту башталды


Сот залынан бир көрүнүш. 27-март, 2012-жыл.
Сот залынан бир көрүнүш. 27-март, 2012-жыл.

Казакстандын Актау шаарында 27-мартта Жаңы-Өзөн тополоңу боюнча алгачкы сот башталды.

Бул чөлкөмдөгү казак мунайчыларынын бир нече айга созулган нааразылык акциясы былтыр 16-декабрда кагылышуу менен аяктап, коопсуздук күчтөрүнүн огунан он алты адам мерт болгон. Бул - Казакстандын жаңы тарыхында бийликтин аракетинен улам алгачкы ирет кан төгүлүшү эле.

Казак оппозициясы, жарандык активисттер президент Нурсултан Назарбаевдин жыйырма жылдан ашуунга созулган бийлигинин эң кара тактуу окуясы катары баалап жаткан Жаңы-Өзөн тополоңу боюнча 27-мартта карала баштаган кылмыш ишке ылайык, 37 адам сот жообуна тартылууда, алардын экөө өспүрүмдөр.

Сотко жабырлануучу катары 100, күбө катары 45 адам, алты мамлекеттик айыптооочу, он эки коргоочу тартылары каралган.

Казакстандын Жогорку Сотунун расмий өкүлү Оксана Петерс:

- Соттолуучуларга зордук-зомбулук, тополоң, өрттөө, мүлктү талкалоо, бузуу, бийлик өкүлүнө күч колдонуу, уурдоо, талап-тоноо менен коштолгон массалык башаламандык уюштурган деген айып коюлган.

Жогорку Соттун маалыматына караганда, айыпталуучулардын отузу камакта, жетөө эч жакка кетпөө жөнүндөгү тил кат менен эркиндикте жүрүшөт. Бул иште жабырлануучу катары “жеке адамдар, өрттөлгөн автотранспорт, ресторан, дүкөн, офистердин ээлери, Жаңы-Өзөн шаарынын ишкерлери" чыгууда.

Сотко төрагалык кылып жаткан судья.
Сотко төрагалык кылып жаткан судья.
“Хьюман Райтс Уотч” уюму казак бийликтерин сотту ачык-айкын, адилет жана эл аралык талаптарга ылайык өткөрүүгө чакырып, күнөөсү далилденгенге чейин 37 адамдын бирөө да айыптуу деп эсептелбесин белгиледи.

Жаңы-Өзөндө элге каршы ок кандайча атылганы боюнча күбөлөр тарткан видеотасмалар коомчулукка шардана болуп кеткенден кийин Казакстандын Башкы прокуратурасы полициянын облустук жана райондук деңгээлдеги төрт өкүлүнө да айып коюлуп, кылмыш иши козголгонун жарыялашкан.

Бирок айыпталуучулардын тизмесинде полиция кызматкерлери чын эле барбы, болсо алардын иши качан каралат, бул белгисиз бойдон калып жатат.

Укук коргоочу Галым Агелеуовдун “Азаттыктын” Казак кызматына Актаудан маалымдаганына караганда, азыркы сот жараянда Казакстандын Кылмыш кодексинин 241 – “массалык башаламандык уюштуруу" беренеси боюнча козголгон иш каралууда.

Сот жараян шейшемби күнү эртең менен Актау шаарынын жаштар борборунун имаратында ачылып, кайра көп өтпөстөн эле айыпталуучулардын биринин келбей калганына байланыштуу түштөн кийинкиге чейин тыныгуу жарыяланды.

Сотко катышууну каалагандар көп болду.
Сотко катышууну каалагандар көп болду.
Жаңы-Өзөндөгү кан төгүүнүн чоо-жайын иликтөө үчүн өкмөттүкүнө атаандаш түзүлгөн коомдук комиссиянын Актауга барган мүчөлөрү “Азаттыкка” сот үчүн мерчемделген имарат ага катышууну каалагандардын баарын батыра албаганын айтышты: "Залда 170 орун бар экен, бирок 200дөй киши киришти. Адамдар өтмөктөрдө турушат. Көп адамдар, анын ичинде энелер, жубайлар, Жаңы-Өзөндөн келип, ичкери кире албай сыртта калгандар нааразы болушту", - деди “Азаттыкка” оппозициялык маанайдагы “Азат” жалпы улуттук социал-демократтар партиясынын лидерлеринин бири Болот Абилов.

Сотко барган коомдук комиссиянын дагы бир мүчөсү, журналист Рысбек Сарсенбаев “Азаттык” менен маегинде бийлик ачык деп жарыяланган сот жараянга каалоочулардын баарынын катышуусуна шарт түзүүсү керектигин белгиледи:

- Сот ачык өтөт деп расмий жарыяланды. Ачык сот деген эң биринчи кезекте адамдардын ага катышуусуна мүмкүндүк берүү дегендик. Айыпталуучулардын ата-энелери, жакындары ачууланып жатышат. Балдарынын, жакындарынын тагдыры чечиле турган учурда сотко кире албаганы алардын иренжүүсүн жаратты.

Казакстандын кара майга бай Маңгыстау облусунун аймагындагы Жаңы-Өзөн шаарындагы тополоң былтыр 16-декабрда өлкө Көз карандысыздык күнүн майрамдап жаткан учурда болгон.

Жаңы-Өзөн сотуна жыйналгандар.
Жаңы-Өзөн сотуна жыйналгандар.
Ал күнү полициянын ок атуусунан Жаңы-Өзөндө 16 киши, эртеси Шетпе деген станцияда бир адам каза тапкан.

Кан төгүүгө чейин жергиликтүү жүздөгөн мунайчылардын айлык акыны көтөрүүнү талап кылган нааразылык акциясы бир нече айга созулган эле.

Жарандык активисттер, оппозиция жактоочулары Жаңы-Өзөндөгү трагедиянын жүз күндүгүн ушул ишемби күнү Астана жана Алматы шаарларында чакан көчө жыйындары менен белгилешти.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG