Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:04

"Балам Бангладешке 12 жылга кетти"


Бул сүрөттүн макала каармандарына тиешеси жок.
Бул сүрөттүн макала каармандарына тиешеси жок.

14-июнда УКМК Нарындан 10-15 жаштагы өспүрүмдөрдү Бангладешке диний окуу жайларга алып кеткен фактылар текшерилип жатканын билдирген. Жумгал районунун билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча Бангладешке бул жерден 9 окуучу кеткени белгилүү болду. Өспүрүмдөрдү ким жана качан алып кеткен?

Жумгалдын Байзак жана Чаек айылдарынан 8-9-класстын окуучулары аталган өлкөгө диний окууга кеткенине жарым жылдан ашканы аныкталды. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, өткөн жылы жай мезгилинде Бангладешке дааватка барып келген айылдыктар бул өлкөгө өспүрүмдөрдү окууга барууга үндөгөн. Бул тууралуу Байзак айылынын башчысы Адыл Сапаров "Азаттыкка" айтып берди:

- Бул ушул сентябрь айларында башталган, ыйман жолундагы балдар келип, Бангладешке окутуу боюнча атайын иш-чараларын жүргүзүшкөн, анан ата-энелери өздөрү макул болушкан. Негизи ата-энелери ыйман жолунда жүргөн адамдар, анан өздөрү чуркап, жада калса 1000 долларга чейин жол киресин таап, диний окууларга жөнөтүшкөн.

Чет жакка диний окууга кеткен өспүрүмдөрдүн ата-энелери, айылдык дааватчылар, мугалимдер менен бирге териштирүү учурунда ортодо түшүнбөстүктөр да пайда болуп жаткан экен.

“Өз балабызды өзүбүз билебиз” деп ата-энелер кабарчыларга интервью берүүдөн да баш тартышат. Бангладеште диний окууда билим алып жатканына 8 ай болуп калган Улан Түлөбердиевдин чоң энеси Сайракан Балжырова гана сүйлөп берүүгө көндү:

- Эч ким алып кеткен жок, өзүбүз жибердик, "ыймандуу болуп, илим алып кел" деп. Ошол жакта балдар окуйт экен, илим алып келет экен деп элден эле уктук, болгон чыгымын өзүбүз төлөдүк, азыр посылка салып турабыз.

"Азаттык": Балаңыз менен сүйлөшүп турасызбы?

- Ооба, баары эле жакшы дейт, Курани каримди үйрөнүп бүтүп калдык дейт.

"Азаттык": Балаңыз канча жылдан кийин келет?

- Балам он эки жылдан кийин келет. Кеткенине сегиз ай болду. Кетирейин деп үмүттөнүп атам, мына камынып атышат, улам бешинчи класска барганын кетирем, буйруса. СНБдан келип алып түшүнүк жаздырып, башты оорутту. РОВДдан, тиги жак, бул жактан келип, ызы-чуубузду чыгарып атат, илим алып аткан баланы жайына койбой, ушинтип эле тынчыбызды алып атат, илим албай көчөдө жүргөн ууруну тыя албай, анан биздин балага асылышат.

Кеч жеткен кабар

Асылбек Молдокеев атындагы мектептин окуу бөлүм башчысы Нурлан Түмөнбаева окуучулары Бангладешке окууга кеткени боюнча райондук билим берүү бөлүмүнө билдиргенин, ата-энелерден сураштырганын кеп кылды:

- Алардын ата-энелерин кыдырганда "биз өз көңүлүбүз менен жибергенбиз, нотариустан күбөлөндүрүп, паспорт алып кетирдик", - дешти. Биз "ким каржылады, ким аркылуу кетти" деп сурасак, төрт айлык дааватка кеткен кишилер келип, "Бангладеште окуу бар экен, балдарды кичине чактан алып кетишет экен, көп тил үйрөнүп, котормочу болот экен, укук коргоочу, муфтий да болуп иштейт экен" дешти. Кайсы каражат менен кеткенин сурасак, өздөрү тапканын айтышты. "Ош тараптан келген кишилерге ишеним кат жазып бердик, паспорт алып бердик, анан алып кетишти" дейт.

Жумгал районунан Бангладешке диний окууга Байзак айылынын Асылбек Молдокеeв атындагы мектептен 5 окуучу, Чаек айылынын Мидин Алыбаев атындагы мектептен бир жана Таттыбүбү Турсунбаева мектебинен үч окуучу кеткен. Эми райондогу мектептерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, маалыматтарды тийиштүү органдарга бергенин, окуучуларды кимдер алып кеткенин териштирип жатканын райондун билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Кудайберген Чалов билдирди:

- Ата-энелерге барганда Бангладешке окутабыз деген оюн билгизип, мектепке окута албайбыз дешкен, анан биз окуучуларды тактап, Кочкордун СНБсына билдиргенбиз, анан териштирүү иштерин СНБ жүргүзүп атат.

Нарындан өспүрүмдөрдүн Бангладешке кетип жатканына дээрлик жыл айланып калса да, кечээтен бери жамы журтка угулуп, эмне кылабыз деп дүрбөлөң түшүп калышты. Буга чейин кыргызстандык өспүрүмдөрдү Пакистандагы медреселерге алып кетип жатканы тууралуу маалыматтар чыккан болчу.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG