Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

"Ата-Журт:" үзөңгүлөштөрдөн үзүлгөн үмүт


Камчыбек Ташиев оппозициянын Жалал-Абаддагы митингинде. 10-апрель, 2012.
Камчыбек Ташиев оппозициянын Жалал-Абаддагы митингинде. 10-апрель, 2012.

“Ата-Журттун” төрагасы Камчыбек Ташиев партиянын ичиндеги саясий аба ырайын табигый иргелүү жараяны катары баалоодо.

"Азаттыктын" суроолоруна жооп берген “Ата-Журт” партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев партиялашы Ахматбек Келдибековдун курултайдын чечимдери боюнча билдирүүсүнө карата көз карашын айтып, партия мүчөлөрүнүн арасында ажырым жоктугун белгиледи.

Күтүлгөн күтүүсүздүктөр

- Жакында кезексиз чакырылган “Ата-Журт” партиясынын курултайынан кийин партиянын мурдагы теңтөрагаларынын бири Ахматбек Келдибеков анын чечимдерин тааныбай тургандыгын айтып, курултайды чакыруунун мыйзамдуулугу боюнча маселени көтөрдү. Эмнеге ушундай болду?

- Мен анын өзүнөн андай нерсени уккан жокмун. Анын ошондой пикирде экенин маалымат каражаттарындагы маектери аркылуу гана билдим. Мени таң калтырганы - анын “мына ошол партиянын курултайы тууралуу эч нерсе билген эмесмин” дегени болду. Анткени мен курултайга бир күн калганда өзүм чалып, курултайда эмне маселелер караларын айткан болчумун. Курултай өтө турган жайды жана убактысын айткамын. Ал келүүгө макулдугун берген эле. Бирок келген жок.

Эгерде Ахматбек Келдибеков өзүнүн партиялаштарын сыйласа ар кайсы басылмага курултайдын мыйзамдуулугу боюнча ар кандай сөздөрдү айтып, интервью бермек эмес...

Эгерде Келдибеков кайсы бир маселеге макул болбой, кандайдыр бир дооматы болсо курултайга келип, партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири катары аны талкууга койууга акысы бар эле. Эгерде курултайды өткөрүүнүн мыйзамдуулугу боюнча маселени ала турган болсок, Келдибековдун партиянын ички жоболорун билбегендиги же билгиси келбегендиги байкалды. Жобо боюнча курултай төраганын же саясий кеңештин үчтөн экисинин демилгеси менен чакырылат. Калгандары курултай чакырууга акысы жок. Бардык иш-чаралар жободо каралган тартипте өттү.

Партиянын мурдагы төрагасы Садыр Жапаровдун сунушу менен курултайга партиянын райондук, облустук жана шаардык координаторлорун чакырдык. Курултай уюштуруу иштерин кайрадан карап чыгууга байланыштуу болгондуктан ага тиешеси бар адамдарды гана чакырдык. Курултайга 250 делегат чакырылып, анын 248и келди. Мындан сырткары 200 чакты коноктор болду. Баш-аягы беш жүзгө чукул адам чогулуп, курултай мыйзам чегинде өттү.

Эгерде Ахматбек Келдибеков өзүнүн партиялаштарын сыйласа ар кайсы басылмага курултайдын мыйзамдуулугу боюнча ар кандай сөздөрдү айтып, интервью бермек эмес. Биз аны партиядан чыгарайын деген оюбуз жок. Керек болсо өзү келбегендигине карабастан аны партиянын саясий кеңешине киргиздик. Мүмкүн ал өзүнүн мына ошондой акыркы аракеттери менен менен менин партиянын төрагалыгын колго алгандыгыма каршы чыгып жатса керек. Эгерде андай болсо ал партиянын курултайына келип, ошол маселени көтөрсө туура болмок.


Үч баш "бир казанга батпай" калдыбы?


- “Ата-Журт” партиясынын ичиндеги мындай абал жеке таарынычтан болушу мүмкүнбү? Анткени партиянын курултайында анын теңтөрагасынын бири Садыр Жапаровдун өз ыктыяры менен кызматын тапшырып бергени жарыяланды дагы Келдибековдун теңтөрагалыгы боюнча маселенин укуктук жагынын башы ачылбай калды. Дегеним партиянын теңтөрагалары учурунда үчөөңүздөр эмес белеңиздер?

- “Ата-Журт” партиясындагы теңтөрагалык маселеси 2010-жылы парламенттик шайлоодон кийин эле токтотулган болчу. Мен деле, Келдибеков деле партияга теңтөрага эмес болчубуз. Жалгыз эле Садыр Жапаров төрагалык кылып турган. Бирок кийинки кездери партиянын жер-жерлердеги уюштуруу иштери солгундап кеткендиктен партиянын жетекчилигин колго алууга туура келди. Эгерде кимдир бирөө партияга менден татыктуу төрага керек десе анын талапкерлигин эртең эле көрсөтсүн. Ал маселени карап көрүүгө али кеч эмес.

- Кайсы бир гезиттеги маегинде Келдибеков партиянын курултайына “Ата-Журт” фракциясынан болгону үч гана депутат катышканын айтып, анын легитимдүүлүгү боюнча маселени белгилеген экен. Сиздин көз карашыңыз?

- Партиянын жобосунда фракциянын бардык мүчөлөрү партиянын курултайына катышсын деген жери жок. Курултайга өкүл катары чакыртылган алты депутаттын төртөө келип катышты. Садыр Жапаров белгилүү себептер менен келген жок. Ахматбек Келдибеков болсо ачык эле курултайды тоготкон жок. Анын мындай мамилеси биздин партиянын көпчүлүк мүчөлөрүн кыжырдантты.
Буга чейин партиянын белгилүү мүчөлөрү партия тууралуу жакшы эмес сөздөрдү таратып, ичтен ириткенге аракет кылышты. Эми биз андайга жол бербейбиз.


Мына ушуга байланыштуу Келдибековдун партиянын ишине карата мындай мамилесин карап, баа берүү сунушу менен каттар келип жатат. Жакында биз бул маселени карап калышыбыз мүмкүн.

- Келдибеков ошол эле маегинде “Ата-Журт” партиясынын ичинде анын айрым мүчөлөрүн тазалоого эч кимдин укугу жок деп сиздердин демилгеге каршы каяшасын билдирген экен. Анын мындай билдирүүсүн кандай кабыл алдыңыз?

- Мен анын мындай билдирүүлөрүнүн денгээлине түшүп, жооп бергим келбейт. Ал менин досум. Бирок мен ал тууралуу жаман айткым келбейт. Мүмкүн ал ачуусу менен көрпендечилик кылып айтып койгондур. Бирок жаңылыштыгын кийин түшүнөт болуш керек. Бирок анын айткандарында мыйзамдык, же моралдык негиздер жок десем жаңылышпайым.

- Сиз курултайда жакында партиянын саясий кеңеши анын катарынан айрым мүчөлөрдү чыгаруу маселесин карай тургандыгын айткан элеңиз. Бул маселе бышып-жетилдиби? Кимдерди партиядан чыгара тургандыгыңыздар дайын болдубу?

- Бул маселе жакында сөзсүз каралат. Бирок азырынча эч ким эч кандай тизме даярдай элек. Ал биздин мындан кийинки ишмердигибизге байланыштуу. Буга чейин партиянын белгилүү мүчөлөрү партия тууралуу жакшы эмес сөздөрдү таратып, ичтен ириткенге аракет кылышты. Аларга эч кандай чара көрүлбөгөндүктөн алар мына ошондой нерсеге көнүп алышкан. Эми биз андайга жол бербейбиз. Кимде-ким партиянын ички ынтымагына жарака келтире турган болсо, анын жүрүш-турушун саясий кеңеште карайбыз.

Саясаттагы “саратан”

- Азыркы учурда жайдын ысыгына карабастан өлкөнүн башкы саясий күчтөрүнүн ортосунда ар кандай кеңешмелер жүрүп жатканы айтылууда. Дегеним саясий күчтөр келе жаткан күздөгү саясий күрөшкө даярданып жатышкандай. Сиз мына ошол сүйлөшүүлөрдө кандай максаттар койулуп жатканын айта аласызбы?

- “Ата-Журт” – парламенттеги жалгыз оппозициялык фракция. Биз буга чейин деле өкмөттүн дарегине көп сын айтып келдик. Биз алардын ишиндеги кемчиликтерди жөн эле айта бербей, фактылар менен негиздеп, мисал келтирип жатабыз. Буга карабастан парламенттеги көпчүлүк коалиция өкмөттү ушуга чейин колдоп келди.
Өкмөткө ишеним көргөзбөө маселеси парламент эс алуудан кайтып келээр замат күн тартибине киргизилип, тез арада каралууга тийиш...


Бирок жакындан бери мына ошол башкаруучу коалициянын ичинен айрым бир күчтөр өздөрү өкмөткө ишенбөөчүлүк маселесин көтөрө башташты. Бул өкмөт башчысына кагылган эскертүүчү коңгуроо болду. Биз мына ушундай коңгуроо болгондон кийин кандайдыр бир чара көрүшүбүз керек да. Мүмкүн коалициянын курамын өзгөртүп, башка өкмөт түзүп, же саясий системаны түп орду менен алмаштырышыбыз керек.

Бирок мамлекет башчысы жана башкы саясий күчтөр өздөрү кайра унчукпай калышты. Мындай көрүнүш жакшылыкка алып келбейт. Эгерде маселе мыйзам чегинде чечилбесе эл көчөгө чыгып кетиши мүмкүн. Ошондуктан биз маселени саясий жол менен чечишибиз керек.

- Жогорку Кеңеш эс алууга чыгар алдында өкмөткө ишеним көргөзбөө демилгеси көтөрүлүп, бирок ал белгисиз себептер менен токтоп калды. Сиз кандай деп ойлойсуз, бул маселе күзүндө кайрадан көтөрүлөбү же саясий күчтөрдүн ортосундагы саясий соодалашуунун жыйынтыгы менен өкмөт ишин кайра уланта береби?

- Менимче, бул маселеде эч кандай соодалашуу болууга тийиш эмес. Парламент эс алууга кетер алдында эле өкмөткө ишеним көргөзбөө маселесин кароо демилгесине 45 депутат кол койду. Демек регламент боюнча бул маселе парламент эс алуудан кайтып келээр замат күн тартибине киргизилип, тез арада каралууга тийиш.

- Азыркы учурда парламенттеги депутаттар өз ара кызыкчылык топторуна бөлүнгөн тенденция бардык эле фракцияларга мүнөздүү болуп жатат. Сиз бул көрүнүш негизги саясий күчтөр ортосундагы тең салмактуулуктун бузулушуна алып келет деп ойлойсузбу? Эгерде мындай боло турган болсо, анын жыйынтыгы кандай болушу мүмкүн?

- Негизи мамлекетте саясий күчтөрдүн ичинде табигый тандалуу жүрүп, ага карата биригиүү жана ажыроо жараяны болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Монолиттей катыган түбөлүктүү эч нерсе жок. Бирок мында деле баягы принциптер жана идеялар аркылуу иргелүү жүрүп, негизги багыттар кала берет. Мына ошондуктан саясий күчтөр ортосунда ар кандай негиздеги ажырымдар же биримдиктер болушу ыктымал.

Бул 2010-жылдагы шайлоодо “Ата-Журт” партиясынын алдына түрдүү күчтөр баш кошуп, кийин өзүнчө кыймыл катары чыккысы келген сыяктуу эле мисал. Ошол кезде бир эле биздин партия эмес, бардык эле партиялар шашылыш тизме түзүп, канткенде жеңишти камсыз кылабыз деген гана максат менен биригишкен болчу. Парламентке келгенден кийин көз караштардын ажырымы чыгып, анын жыйынтыгы саясий карама-каршылыктарга чейин өсүп жетип отурат. Менимче, мындан ары андай болбойт.

- Күздө саясий айдыңда өкмөт башчылык орундун жана өкмөттүн жаңы курамын түзүүнүн айланасында чоң саясий күрөш жүрчүдөй болуп турат. Парламенттеги башкаруучу коалициянын курамы өзгөрүп, оппозиция бирдиктүү талапкерин өкмөт башчылыкка алып чыгышы мүмкүнбү?

- Биздин мыйзамдарга ылайык, оппозиция – оппозиция бойдон эле жүрө бербейт. Тескерисинче биздин фракция башкаруучу коалицияга кирип, кандайдыр бир мамлекеттик чоң кызматтарга өкүлдөрүн сунушташы мүмкүн. Же болбосо өкмөт башчылык орун үчүн ат салышуусу күтүлөт. Бул эми алдыдагы саясий кырдаалдан көз каранды.

Сиздер парламенттеги кайсы саясий күчтөр менен ымга келип, союз түзүүгө барышыңыздар мүмкүн?

- Биздин башкы максат - 2010-жылкы апрель-июнь окуяларына күнөөкөрлөрдү таап, жазалоо. Ошондой эле АУБдагы банк кутучалардан алынган акчаны жок кылгандардын бетин ачуу. Биздин мына ушундай максат менен кайсы саясий күчтүн кызыкчылыгы дал келсе, биз ошолор менен биригүүгө даярбыз.

XS
SM
MD
LG