Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:42

Он кыргыз жараны Түркиядан Сирияга кирип кеттиби?


Түркия чек арасына келген сириялык качкындар. 3-декабрь, 2012.
Түркия чек арасына келген сириялык качкындар. 3-декабрь, 2012.

Түркия тараптын он кыргыз жараны Сирияга кирип кеткени боюнча билдирүүсү Кыргызстанда түшүнүксүз жагдай катары каралууда.

Бул арада Түркия аркылуу Сирияга согушка кетти деп шектелген кыргызстандык балдардын экөө Кыргызстанга кайтып келди. Сирияга кетти делген кызылкыялык он жигиттин ысымдары да дайын болду. Учурда кайтып келген эки жигит ал жакка баруусунун себептерин ачык түшүндүрүп бере элек.

Эки жигиттин кайтып келиши

Сириядагы согушка катышууга кетти деп шектелген кыргызстандык жарандардын эң жашы он сегизде болсо, эң улуусу 36 жашта болгон. Кызыл-Кыя шаарынан март айында чыгып кеткен аталган он жигиттин экөө жакында мекенине кайтып келди. Алар: Атабек Ташбалтаев менен Алмаз Жалалов.

Кызыл-Кыядагы жергиликтүү окуу жайдан финансы-кредит адистиги боюнча билим алган, үй-бүлөлүү Атабек түшүнүксүз сапарга аттанганга чейин Кызыл-Кыя шаарында жеке ишкердик менен алектенген. Апрель айынын башында баласынын электрондук дарегинен “Кербен Шамга (Сирияга) жөнөп жатат” деген маалыматты окуп калган атасы Маматалы Ташбалтаев Түркиядагы баласы менен бир нече курдай байланышып, аны мекенине кайтарууга көндүргөн.

Маматалы Ташбалтаев уулунун кайтып келиш жагдайы туурасында “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Мени уулум “Түркиядан кайттым, ал жакка окууга бардым эле” дейт. Ал мага “калган балдарды ал жактан көрбөдүм, чогуу барган шерик жигит менен келише албай калып, кайра артка келе бердим”, - деп айтып берди. Менимче, уулум ал шериги менен “бизди Кыргызстанда издеп жатышат, ата-энебизге айтпай келе бергенибиз чеки иш болду” деп уруша кеткен окшойт. Биз уулубуз менен телефон аркылуу байланышканда аны токтоосуз кайтышын суранып турдук. Ал келгенде сакал-мурут койгонго уруксат берүүмдү жана апасынын оронуп жүрүшүн талап кылды. Макул дедик да келген соң койгон сакал-мурутун алдырып, балам, эми бардыгын нөлдөн баштайбыз деп көндүрдүм. Баламды чекисттер эки саатча сурап, коё беришти. Эч кандай кысым болгон жок. Менимче, тигил жакта калган балдар барсак бийлик куугунтуктайт деп чочулап жатышат окшойт.

Ата-энелердин айтымында, аталган он жигит өздөрүнүн каражаты менен Түркияга кетишкен. Буга чейин кайтып келген эки жигиттен сырткары Кызыл-Кыя шаарынын тургундары: Исматтиллаев, Мадимаров, Жураев, Өмүрзаков, Маматов, Эрматов жана эки бир тууган Тургуновдор Түркия аркылуу Сирияга өтүүгө камданып жатканы белгилүү болгон. Ата-энелер бул тууралуу билдирген соң, Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Түркияга нота жөнөтүп, аларды таап мекенине кайтарууну суранган болчу.

Түшүнүксүз жагдайлар

Бир канча күндөн кийин ага жооп кылып, Стамбулдагы уюшкан кылмыштарды иликтөө бюросунун прокурору Бекир Генжер издөөдөгү кыргызстандык он жаран Түркиянын чек арасынан Сирияга чыгып кеткендиги аныкталганын билдирген. Бирок жакында издөөдөгү кыргызстандык эки жигиттин Стамбул-Бишкек авиакаттамы менен мекенине кайтып келиши түшүнүксүз жагдай катары кабыл алынууда.

Изделген балдардын айрымдарынын ата-энелери менен Түркияга чейин барып келген Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Бакиров бул тууралуу мындай дейт:

- Мындагы таң калычтуу жагдай - Түркия бийлиги бизге жанагы маалыматты жөнөткөндөн кийин издөөдөгү эки жигиттин Түркиянын аймагынан эле кайра артына кайтып келиши. Анткени алар изделип жаткан болчу. Түркия бийлиги алардын аймагынан изделген адамдар эчак эле чыгып кеткенин билдирген. Анда эмне, бул адамдар изделген эмес беле?

2013-жылдын 16-майында жогорудагы билдирүүгө ылайык, түркиялык прокурор Бекир Генжер иликтөө иштеринин токтотулганын белгилеген. Мында улам, издөөдөгү адамдар Түркиянын аймагында пайда болсо кармалып, чек араны мыйзамсыз бузгандыгы үчүн камакка алынаары эскертилген. Бул тууралуу ал Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугуна кат түрүндө маалымдаган.

Бирок Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Асеин Исаев маалыматтарда келтирилген ал ачакейлик ага азырынча белгисиз экенин айтат:

- Биздин маалымат боюнча, Түркияда издөө иштери улантылып, бирок алар табылбай жаткан. Алардын каякта экени белгисиз. Мүмкүн Түркиянын эле өзүндө, мүмкүн тигил тарапка (Сирияга) өтүп кетишкен. Алардын турган жери боюнча так маалымат жок болуп жатпайбы.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров кыргызстандык жарандарды Сириядагы урушка тартууга кызыкдар күчтөр бар экенин жокко чыгарбайт:

- Ал балдар албетте өздөрүнүн сырларын ачык айтпайт. Чынында ислам динибизди бурмалап, жаш жигиттерди адаштырган күчтөр болуп жатпайбы. Мына ошол жигиттер Сирияга өтүп кеткен болсо, бир күн болбосо бир күнү кайра кайтып келишмек. Бирок алар жоочу болуп гана кайтышы мүмкүн эле. Бул көрүнүш мамлекет үчүн кооптуу.

Буга чейин балдары Сирияга кетиши мүмкүн деп шектелген он жигиттин ата-энеси аларды мекенине кайтаруу өтүнүчү менен депутат Өмүрбек Бакировго кайрылган болчу. Ал ата-энелердин өкүлдөрү менен бирге барып, издөө иштерин уюштурууну Түркия бийлигинен талап кылган эле.

Улуттук коопсуздук органдары кайтып келген бул эки бала менен калган сегиз жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылбай турганын убада кылууда. Анткени аталган жарандардын аракеттеринде мыйзам бузуучулук катталган эмес.

XS
SM
MD
LG