Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:19

Криминалды ким жыгат?


Кылмыштуу дүйнөнүн "аталыгы" атыккан Камчы Көлбаев сотто.
Кылмыштуу дүйнөнүн "аталыгы" атыккан Камчы Көлбаев сотто.

Кыргыз өкмөтү облустардан тарта Орусиядагы кыргыз мигранттары эмгектенген шаарларга чейин уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштү күчөтөөрүн билдирди. Өкмөт соңку аракеттер уюшкан кылмыштуу топтордун ишин солгундатканын айтууда. Буга ишенсе болобу?

“Арай көз чарай” талкуусуна Ички иштер министрлигинин уюшма кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев жана Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, генерал Мирослав Ниязов катышты.

"Азаттык": Рафик мырза, криминалдан арылуу азыркы президенттин шайлоо алдындагы башкы урааны болгон эле. Убада канчалык деңгээлде аткарылып жатат?

Рафик Мамбеталиев: 2010-жылы кылмыштуу топко катуу күрөш башталгандан бери бир нечеси кармалып, айрымдары Казакстан менен Орусия, Араб Эмираттарына качып кетишкен.

Жакында эле Казакстандан “Лимонти” каймана аты бар Алмаз Сулайманов деген кылмышкер кармалды. Орусияда болсо адам өлтүрүүгө тиешеси бар, жана башка кылмыштуу топтун 13 мүчөсүн кармадык, анын үчөө активдүү мүчө катары каттоодо тургандар.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

please wait

No media source currently available

0:00 0:25:56 0:00
Түз линк


"Азаттык": Орусиядагы мигранттар “Батукаевден салам” деген белги берилип, бир нече ишкерлерден салык жыйнай баштаптыр деген сөз чыкты эле. Муну иликтеп көрдүңүзбү?

Рафик Мамбеталиев: Биз азыр Орусиядагы кесиптештерибиз менен тыгыз иштешип жатабыз. Анын натыйжасында жакында эле Жалал-Абаддын жети тургунун кармадык, алар Орусиядагы кыргыз ишкерлерин токойго алып барып тапанча менен коркутуп, кыйнап, акча жыйнашчу экен. Алардын арасында Батукаевдин атын жамынгандар да, Алмамбет Анапияевдин атынан баргандар да бар.

Мирослав Ниязов: Жүздөгөн, миңдеген кылмышкерлерди кармоо менен маселе чечилбейт. Азыр Кыргызстанда анархия болуп жатат. Күч органдары, прокуратура, коопсуздук кызматтары криминалга каршы бир муштумдай болуп чогуу күрөшүш керек болчу.

Азыр бизде милициянын социалдык абалы начар, патриотизм менен гана иштеп жатышат. Курсагы ач болсо, 10 миң сом айлык алса, чындыкты айтып, таза иштей алабы?
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG