Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Кумтөр: опуза артында "каралар" турабы?


Барскоон, 30-май
Барскоон, 30-май

“Кумтөр оперейтинг” компаниясынан опузалап акча талап кылды деп шектелген эки жаран камакка алды.

Бул окуя 29-августта өкмөт жыйынында талкууланып, премьер-министр салык салгандар артында уюшма кылмыш топтор турганын айтып, чукул арада чара көрүүнү тапшырды. Укук коргоочулар кеңеши болсо бийликти сынга алууда.

“Кумтөр оперейтинг” компаниясынан опузалап акча доолаган деп шектелген Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаевди облустук милиция 29-августтан 30-августка караган түнү кармап атайын кызматка өткөрүп берди. Анын алдында өкмөт жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев салык салгандар артында уюшма кылмыш топтор турарын, уюшма кылмыштуулук менен күрөш солгундап кеткенин сынга алган эле:

- Уюшкан кылмыш топтор өздөрүнүн карасанатай максатын ишке ашыруу максатында бардык облустарда баштарын көтөрүп жатат. Бул бир гана Жети-Өгүздүн тегерегинде болуп жатат деген сөз эмес. Бардык жерде, ушундай кен байлыктар, кандайдыр бир мамлекеттик ишканалар, инвесторлор бар жерде ушундай топтор түзүлүп жатат.

Уюшма кылмыш топторун тыюуга өкмөт башчы ички иштер министрине эки ай мөөнөт берди. "Кумтөрдөн" ири суммада опузалап акча суроо фактысы боюнча кылмыш ишти аягына чыгарууну тапшырды.

Ички иштер министрлигинин уюшма кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев Кумтөргө байланыштуу нааразылык акцияларды уюштурду деп шектелгендер арасында уюшма кылмыш топтун мүчөсү катары каттоодо тургандар жоктугун “Азаттыкка” билдирди. Кармалган Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаевдин байланыштары иликтенип жатканын айтты:

- Айылдарда, айыл өкмөттөрдө жаштардын формалдуу эмес топтору түзүлүп жатат. Алардын арасында бизде расмий каттоодо тургандар жок. Бирок мурда соттолгон, бир-эки жолу түрмөдө отуруп чыккан балдар болушу мүмкүн. Жанагы эле Курманов Бактияр денеге атайын оор залал келтирүү, талап-тоноочулук боюнча эки жолу соттолгон. Ал бизде уюшма кылмыш топтун мүчөсү катары расмий каттоодо жок. Бирок ага карабай өздөрүнүн күчүн колдонуп жаштарды өздөрүнө тартып, жанагындай иштерге тартып жатат.

Рафик Мамбеталиев жыл башынан бери уюшма кылмыш топтун мүчөсү катары 95 адам камалганын маалымдады:

- Болгон күч-аркеттерди көрүп жатабыз. Бирок жалгыз милиция кызматкерлери, жалгыз менин башкармалыгым күрөшө албайт. Бизге бардык жактан, мыйзамдуулук, коом, сот, прокуратура тарабынан таяныч керек. Анткени биз оперативдүү иликтөө иштерин жүргүзүп, кылтакка илип, жоопко тартып материалдарды чогултуп жөнөтүп жатабыз. Алар болсо ар кандай жагдайды колдонуп чыгып кетиши мүмкүн. Мөөнөтү бүткүчө отурат дегенге кепилдик жок.

Ошол эле кезде укук коргоочулар кеңеши бийлик криминалды ооздуктай албай калды деп сындап билдирүү таратты. Аталган кенештин мүчөсү, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициянын төрайымы Динара Ошурахунова коррупция менен күрөш, кылмыштуулукту ооздуктоодо иш бир кылка болбой жатканын айыптады:

- Тартип коргоо органдары бир кырдаалда өтө оперативдүү иштейт, ал эми башка жагдайда, мисалы, криминалдар менен күрөштө токтоп калып жатат. Бийлик бардык жерде коррупция, уюшма кылмыштуулук менен күрөшүп жатабыз деп жарыялап келет. Бирок ишке келгенде жетиштүү аракеттер көрүлбөй жатканына күбө болуп жатабыз. Эгер азыр мыйзам жолуна түшпөсөк, тартип коргоо органдары дегеле бийлик мыйзамды алдыга коюп иштебесе өлкө катары жоголобуз.

2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин бийликке келгендер Кыргызстанда уюшма кылмыш топторго каршы катуу күрөш болорун жарыялаган. Иштер бир канча этап менен жүрүп, топтор тыйылат деп ишендирген эле.

XS
SM
MD
LG