Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Июнь окуясына төрт жыл: кырдаал көзөмөлдөбү?


Ош, 11-июнь, 2010-жыл
Ош, 11-июнь, 2010-жыл

Кыргызстанда 2010-жылдагы июнь окуясынын төрт жылдыгына карата коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Жоробай Абдраимов июнь каргашасын эскерүүдө чагымчылыктын алдын алуу боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кырдаал көзөмөлдөнүп жатканын билдирди. Мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов күч түзүмдөрүнүн аракетине карабастан өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтире турган факторлор жоюла электигин белгиледи.

Милиция тартипти кармайт

Кыргызстанда ички иштер органдары менен Улуттук коопсуздук комитети баш болгон күч түзүмдөрү 5-июндан тарта күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө киришти. Айрыкча мындан төрт жыл мурун этникалык кагылышуу болгон Ош, Жалал-Абад шаарларында, Кара-Суу, Сузак жана Базар-Коргон райондорунда коомдук коопсуздукту бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Анткени 10-июндан 14-июнга чейин 2010 - жылдагы кагылыштан каза болгондорду эскерүүлөр мерчемделген. Буга байланыштуу эл көп топтолгон жайлар, базарлар, автобекеттер, аба майдандары жана стратегиялык маанидеги башка объекттер өзгөчө кайтарууга алынмакчы. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Жоробай Абдраимов бул аралыкта ар кандай чыр - чатактын алдын алуу боюнча иш-чаралар иштелип чыкканына токтолду:

- Мына ошол июнь окуясынан бери төрт жыл өтсө да, ал элдин эсинен кете элек. Ошол окуянын төрт жылдыгы жакындаган сайын коомчулукта кандайдыр бир кооптонуулар болушу мүмкүн. Бирок биздин байкообузга караганда кооптонууга негиз жок. Анткени коомдук коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурулуп, жетиштүү күчтөр тартылды. Элдин арасындагы коомдук пикирди талдап, ошого жараша чара көрүү планын иштеп чыкканбыз.

Ички иштер министрлиги Ош жана Жалал-Абад шаарларында түнкү кайгуул кызматын жандандырып, коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча атайын топторду уюштурмакчы. Улуттар аралык араздашууга алып келүүчү чагымчыл аракеттер байкоого алынып, андай фактылар катталса, өз учурунда чара көрүлүүгө тийиш деп милицияга тапшырма берилген.

Күч түзүмдөрүнүн кызматташтыгы

Чек ара кызматы чек ара тилкелеринде кайтарууну күчөттү. Ички иштер органдары, Улуттук коопсуздук комитети жана прокуратура менен биргеликте түзүлгөн штабда өз ара маалымат алмашуу жана кызматташуунун шарттары көрсөтүлгөн. Жоробай Абдраимов милиция башка күч түзүмдөрү менен бирге тыгыз иштерин билдирди:

- Мындайда жалгыз эле ички иштер органдары гана эмес, бардык кызматтар биргеликте иштеп, бардык күч түзүмдөрү бирдей иш алып барабыз. Чагымдардын алдын алуу иштери көптөн бери эле улантылып жатат. Ал бир эле ошол күндөрү эле эмес, бардык учурда көзөмөлдөө боюнча тиешелүү нускамалар берилген. Ар кандай күчтөрдүн бул окуянын кесепеттеринен пайдаланып кетишине жол бербейбиз.

Кооптуу жагдайлар жайгарыла элекпи?

Ички иштер органдары менен Улуттук коопсуздук комитети айрыкча Ош менен Жалал-Абаддагы кырдаалга 20-майдан баштап өзгөчө көз салып турушат. Бирок өткөн алты айдын эсеби боюнча улуттар аралык араздашууну козуткан же этникалык касташууга үндөгөн бир дагы факты каттала элек. Бул көрсөткүч этникалык мамиледе мурдагы жылдарга караганда бир топ жылыш болгонунан кабар берет дешет адистер. Коопсуздук боюнча мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов ага карабастан абал кооптуу бойдон калып жатканын айтты:

- Коопсуздукка коркунуч келтирген негизги факторлор жоюла элек. Ошол эле кезде мына ошол 2010-жылдагы коркунуч жараткан жагдайлар дымып турат. Ички-тышкы күчтөр Кыргызстандын ичиндеги абалды курчутууга дагы деле кызыкдар. Алар үчүн этникалык кагылышты тутантуу башкы маселе бойдон кала берүүдө. Ар кандай такталбаган ушактарды мына ошол максатта улам-улам жайылтып турушат. Ошондуктан биздин тиешелүү органдар мына ошол ушактардын түпкү булагын изилдеши керек.

Жакында Кыргызстанда атайылап жалган маалымат таратууга жоопкерчилик караган мыйзам күчүнө кирди. Июнь окуясына байланыштуу ички коопсуздукту бекемдөө үчүн атайын иш-чаралар иштелип чыгып, жер-жерлердеги тартип сакчылары кырдаалды көзөмөлгө алууга камданууда. Ош менен Жалал-Абаддагы калабанын курмандыктарын эскерүү иш-чараларынын коопсуздугун камсыздоого жети миңге жакын тартип сакчылары тартылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG