Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

Бийлик шайлоо босогосун жогорулаткысы келет


Президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде кыргыз парламентине беш партия көптүк кылат, мындан улам саясий туруктуулукка доо кетип жатат деген оюн билдирди.
Президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде кыргыз парламентине беш партия көптүк кылат, мындан улам саясий туруктуулукка доо кетип жатат деген оюн билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев партиялар үчүн парламентке өтүү босогосун 10 пайызга чейин көтөрүү сунушун колдоп чыкты. Аталган демилгени коалициялык көпчүлүктүн лидерлери сунуштап, кубаттаган.

Президент Атамбаев саясий туруктуулук үчүн Жогорку Кеңешке үч-төрт гана партия келиши керек деп эсептейт.

Шайлоо боюнча айрым байкоочулар 10 пайыздык чек өтө эле жогору экенин, жаңы партиялардын парламентке келишине тоскоол болорун айтып чыгышты.

Жогорку Кеңешке өтүү босогосун добуш берген жарандардын 10 пайызына чейин көтөрүү жол-жобосу камтылган мыйзам долбоорду парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков менен “Ар-намыс” фракциясынын төрагасы Феликс Кулов сунуштады. Бул демилгени коалициялык үчилтиктин дагы бир мүчөсү, “Ата Мекендин” башчысы Өмүрбек Текебаев да колдойт.

Президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде кыргыз парламентине беш партия көптүк кылат, мындан улам саясий туруктуулукка доо кетип жатат деген оюн билдирди:

- Дүйнөлүк тажрыйба парламенти эки же ашып кетсе үч партиядан турган өлкөлөрдүн өкмөтү туруктуу иштей турганын көрсөттү. Биздин эл өкүлдөрү парламент төрт партиядан кем болбошу керек деп жатышат. Балким кимдир бирөөлөр парламентке кирбей калабыз го деп чочулап жатышы да мүмкүн. Эгер парламент төрт партиядан гана турса, балким өкмөт туруктуурак иштемек.

2011-жылкы президенттик шайлоодогу Атамбаевдин үгүт жарнагы. 26-октябрь, 2011-жыл
2011-жылкы президенттик шайлоодогу Атамбаевдин үгүт жарнагы. 26-октябрь, 2011-жыл

Азыркы мыйзамда парламентке өтүү босогосу жети пайыз деп көрсөтүлгөн. Бул мыйзам долбоор 2011-жылы эле кабыл алынгандыктан, ал босого менен шайлоо өтө элек. 2010-жылы парламенттик шайлоодо босого жалпы шайлоочулардын санынын беш пайыздан кем эмесин түзгөн. Президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев босого 10 пайызга чейин көтөрүлсө, айрыма анча деле чоң болбойт деп ишендирүүдө:

- 2010-жылы шайлоого жарамдуу адамдардын саны 2 миллион 800 миң болчу. Ал эми добуш берүүгө 1 миллион 700 миңдей адам келген. Феликс Кулов да, биз дагы эсептеп көрдүк, эгер беш пайыз менен жети пайызды теңесек, 4,14 гана пайыз болуп калат экен. Эгер Кулов сунуш кылып жаткан 10 пайыздык чекти киргизсек, ал дагы жалпы тизмеден эмес, ошол шайлоого келгендердин санынан 10 пайызын алсак, анда мурунку, 2010-жылкы беш пайыз менен теңдегенде 5,92 пайызды түзөт экен. Демек, бир пайызга жетпеген гана чек кошулуп жатат.

Шайлоо босогосун 10 пайызга чейин көтөрүү демилгесине каршы чыккандар да арбын. Алардын бири-Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков мындай чектөөнүн кесепеттерин айтып берди.

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

- Мисалы, Израилде босого бир гана пайыз. Кнессетте (Израил парламенти) 13 партия отурат, коалициялык өкмөт курууда маселелер жок. Алар Кнессетте шайлоочулардын өкүлдөрү мүмкүн болушунча көбүрөөк болсун дешет. Мисалы, Түркияда 10 пайыз кылып коюшкан. Натыйжада бир топ шайлоочулардардын өкүлдөрү парламентке келбей калган. Мында 10 пайызга азыраак гана жетпей калган партиялар өтпөй, аларды шайлагандардын добуштары жокко чыгып калат. Эсептей келгенде 30-35 пайыз гана шайлоочулардын өкүлдөрү парламентке келип калышы мүмкүн. Конституция боюнча бийлик элде да. Ал бийликти иш жүзүнө ашыруу үчүн эл өкүлдөрү көп болушу керек. Бизде коалиция куроо, өкмөт түзүү деген маселелерди экинчи орунга коюп, биринчи эл жөнүндө ойлошубуз зарыл. Конституцияда жазылгандан кийин элге өз өкүлдөрүн парламентке алып келгенге укук беришибиз керек.

“Таза шайлоо” ассоциациясынын жетекчиси Айнура Усупбекованын пикиринде, Жогорку Кеңешке өтүү босогосун көтөрүү ири партиялардын гана максаты:

- Азыркы мыйзам боюнча босого жети пайыз. Ошол мыйзам боюнча шайлоо өтө да элек. Ошол норманы 10 пайызга көтөрүүгө эч кандай негиз жок. Чоң-чоң партиялар парламентке келип, бир эле партия оппозиция болуп, калган эки-үч партия коалиция түзсөк, саясий чечимдерди тез-тез кабыл алып, өкмөт да туруктуу болот дешет. Бирок парламентте атаандаштык түзүлүп, оппозиция күчтүүрөөк болсо, анын пайдасы гана тиймек.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова Кыргызстандын буга чейинки шайлоо тарых-таржымалын эске салды. Анын пикиринде, шайлоо босогосун жогорулатуу жаңы партияларга тоскоолдук кылат:

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

- Эки-үч эле партия болсун, же бир партия үстөмдүк кылышы керек деп жатып, “Адилет”, “Алга Кыргызстан”, “Ак жол” деген партияларды деле көргөнбүз. Бир топ аткаминерлер ошол партиялардын биринен бирине эле көчүп жүрүп, азыр да бийликтеги партиялардан орун-очок алып отурушат. Мындай чаралардан стабилдүүлүк болбойт. 10 пайыздык чек абдан чоң, андан жаңы партиялар өтө албайт. Кайра эле эски партиялар өтүп, административдик ресурсту колдонуп шайланып алышат. Мисалы, Казакстанда 10 пайызга көтөрүп салгандан кийин парламентке жалгыз “Нур Отан” келип отуруп калган. Биздин партиялар 10 пайыздык чектен өтө албайт. Азыркы партиялар араң дегенде алты пайыздан алышкан. Шайлоодо көбүрөөк партия жеңип, парламенттин ичинде күрөш болуп, чоң-чоң дебаттар парламентте көтөрүлүшү зарыл. Эгер биз партияларды сыртка калтырып койсок, тескерисинче стабилдүүлүк болбойт да.

Азыркы Жогорку Кеңеш беш партиядан турат. Коалициялык көпчүлүк үч партиядан куралган. Төрт жыл ичинде парламенттик көпчүлүк үч ирет ыдыраган, өкмөт үч жолу түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG