Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:47

Украина: Путин айткан “легион”


Украин аскерлеринин Мариуполдун жанындагы майдан тилкеси. 26-январь, 2015-жыл.
Украин аскерлеринин Мариуполдун жанындагы майдан тилкеси. 26-январь, 2015-жыл.

Украинанын өкмөтү Донецк менен Луганск облустарынын аймагында өзгөчө абал режимин киргизди. Мындай чара деңиз жээгиндеги Мариупол шаары орусиячыл жикчилдердин чабуулуна кабылгандан кийин көрүлүүдө.

Украин премьери Арсений Яценюк ушул дүйшөмбүдөн тарта Донецк жана Луганск облустарынын аймагына өзгөчө абал режимин киргизүүнү “жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн бийлик органдарынын ишмердигин координациялоо”, - деп түшүндүрдү.

Орусиячыл жикчилдер бул билдирүүгө чейин өлкө чыгышындагы Мариупол шаарын аткылап, андан 30 киши өлүп, 100гө жакыны жаракат алган. ЕККУнун атайын монитордук миссиясынын тыянагына караганда, Мариупол орусиячыл жикчилдер жарыялаган “Донецк элдик республикасы” көзөмөлдөгөн аймактан аткыланган. Шаарды көздөй чабуул башталганын “Донецк элдик республикасынын” лидери Александр Захарченко да жашырган эмес.

Мариуполдун мааниси

Мариупол жикчилдер үчүн кай жагынан маанилүү? Коомдук саясат боюнча Киевдеги Разумков борборунун аскерий эксперти Алексий Мельник “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маегинде:

Мариупол шаары. Украина. 24-январь, 2015-жыл.
Мариупол шаары. Украина. 24-январь, 2015-жыл.

- Украинанын Азов деңизиндеги маанилүү порту - Мариуполдун козголоңчулар үчүн да стратегиялык мааниси бар. Мариуполду алуу менен алар деңиз портуна ээ болушат. Бул ары-бери жүк ташууда кошумча мүмкүнчүлүк жаратат. Мариупол ошондой эле азыркы майдан тилкесиндеги маанилүү таяныч бекет. Мындай шаарды ээлөөнүн символикалык да мааниси бар. Аны украин тарап жоготсо, орусиячыл козголоңчулар дагы алдыга жылууга шыктанат, - деп айтты.

Талдоочу Алексей Мельниктин айткандарына кошумчаласак, Мариупол азыр Донецк облусунун утурумдук борбору катары кызмат өтөөдө. Анткени, Донецк шаары жикчилдердин колунда.

Мариуполдун аткыланышы Орусия менен Киевдин жана Батыштын кайым айтышуусун күчөттү.

"НАТОнун легиону"

Орус президенти Путин кечээ Киевди "тынчтыкты көздөбөйт, ортодогу тыныгууну күч топтоо үчүн колдонду" деп айыптап, ал эми орусиячыл жикчилдер менен согушуп жаткандарды армия эмес, “НАТОнун легиону” деп атады:

​- Биз украин армиясы деп көп айтабыз. Чынында ким согушуп жатат? Ооба, жарым-жартылайы куралдуу күчтөрдүн расмий бөлүгү, ал эми басымдуу бөлүгү ыктыярчылар делген улутчул батальондор, армия эмес. Бул чет элдик легион, НАТОнун легиону. Алар Украинанын улуттук кызыкчылыктарын көздөбөйт, такыр башка геосаясий, Орусияны артка тартуу менен байланышкан максаттары бар. Бул украин элинин улуттук кызыкчылыктарына караманча каршы келет.

НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг Путиндин “натолук легион” деген сөздөрүн “нонсенс” деп жооп кайтарды. Тескерисинче, Украинадагы чет элдиктер “орус аскерлери” экенине көңүл бурду.

Өзү расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Мариуполдун аткыланышы үчүн түздөн түз Орусияны күнөөлөгөн. АКШ президенти Обама Орусияга кысым көргөзүүнүн жаңы багыттары каралып жатканын айтса, Украинанын жакынкы коңшусу – Польшанын президенти Бронислав Коморовски Батыштын Москвага жообу “абдан күчтүү” болушу керектигине” токтолду.

НАТО - Украина комиссиясынын дүйшөмбү күнкү чукул жыйынында да Орусиянын жана орусиячыл жикчилдердин аракети айыпталды.

Киевдин НАТОдогу элчиси Константин Елисеев жыйында сүйлөп жатып:

- Биздин атайын кызматтарда Орусия Украинанын шаарларында, анын ичинде Одессада, Харьковдо, Николаевде террордук актыларды даярдоого катышы бардыгы боюнча тикелей далилдер бар. Орусия, Украина аймагына аскер жана курал гана жөнөтпөстөн, террорду экспорттоп жатканы да шексиз. Мариуполдогу адамзатка каршы кылмыш Донецк жана Луганск республикасы деп аталгандардын террористтик табиятын дагы бир ирет көргөздү,- деди.

Украин армиясы билдиргендей, өлкө чыгышында уруштар кечээ да уланды. Акыркы бир суткада алар жети аскерин жоготуп, 24ү жаракат алган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG