Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Ирандын өзөктүк программасы боюнча макулдашууга “узак жол” бар


АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри бүгүн Женевадагы басма сөз жыйында айткандай, Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдө прогресс бар, бирок келишимге жетүү үчүн али "узак жолду" басып өтүш керек.

Керри келишимге жетүү үчүн берилген мөөнөт жакындап калганын да эске салды.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф да Женевадан билдиргендей, эгер сүйлөшүп жаткан тараптар жетиштүү саясий эркин көргөзүп, Тегеранга каршы киргизилген санкцияларды жоюуга барса, келишим ушул аптада түзүлүп калышы мүмкүн.

“Эгер алар келишимди кааласа, санкциялар алынуусу керек”, -деди Жафад Зариф

АКШ Мамлекеттик катчысы жана Иран тышкы иштер министри бүгүн сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасын өткөргөнү жатышат.

Тараптар буга чейин мерчемдегендей, алар талаш маселеге саясий негиз болуучу келишимге быйыл 31-мартка чейин, ал эми жыйынтык келишимге 30-июнга чейин жетишүүлөрү абзел.

Сүйлөшүлүп жаткан макулдашуу боюнча Иран талаштуу өзөктүк программасын көзөмөл астында чектөөгө макул болсо, ага каршы киргизилген экономикалык санкциялар баскыч-баскыч менен жоюлушу керек.

Батыш Иран өзөктүк программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасайт деп эсептесе, Тегеран бул ырастоолорду четке кагат. (UE)

XS
SM
MD
LG