Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:17

Телефон аркылуу абакка кирген миллиондор


Кыргызстандагы абактардын бири
Кыргызстандагы абактардын бири

Эркинен ажыратылгандар түрмө жетекчилиги менен бирге Президенттик администрация жетекчиси Данияр Нарымбаевдин атын сатып, телефон аркылуу аткаминерлерди алдаганы ачыкка чыкты.

Шылуундар акимдерди, калаа башчыларын алдап, телефондоруна 10 миң сомдон 30 миң сомго чейин бирдик жүктөтүп алышкан.

Алдангандардын арасында Чолпон-Ата шаарынын мэри Болот Бакиров да бар. Ага өзүн Президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев деп тааныштырган адам чалып, кырсыкка кабылган туугандарына акчалай жардам берүүсүн өтүнөт. Калаа башчысы Нарымбаев өзү суранып жатса, сөзүн эки кылбайын деп жардам бергенче шашат.

Телефон чалган адам беш-алты номурга 10 миң сомдой бирдик жүктөөнү жана дүкөндөн алынган буюмдарды капчыгайга алып келүүсүн суранат. Бул иштин баарын Бакировдун айдоочусу аткарат.

- Аппарат жетекчим мага чалып, "Нарымбаев телефондо күтүп жатат" деп калды. Сүйлөшсөм туугандарына жардам керек болуп жатканын айтты. Макул болуп 9 миң сомдой акчаны айдоочудан берип жибергем. Кийин сурасам телефон чалгандар беш-алты номурга бирдик салдыртып, памперс сыяктуу майда-чүйдө нерселерди алдырткан экен. Ал капчыгайда тигилерди төрт саат күтүптүр. Ошондо гана алданганыбызды билдик.

Оштогу абак
Оштогу абак

Бакиров мындай окуя биринчи жолу болду дегени менен, буга чейин депутаттардын телефондук чалуулары боюнча керектүү кишилерге жардам берип келгенин жашырган жок. Шылуундарга ушундай эле жол менен алданганын айтып "Дордой", "Аламүдүн" базарларынын жетекчилери, Ысык-Көл облусунун бир акими, Октябрь райондук салык инспекциясынын башчысы милицияга кайрылган. Алар “Нарымбаевдин” телефонуна 10 миң сомдон 30 миң сомго чейин бирдик жүктөшкөн.

Абактарда жатып алып Нарымбаевдин аты менен ишкерлерди, аткаминерлерди тоногон жарандарга Жаза аткаруу мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери да кол кабыш кылганы тергөөнүн жүрүшүндө аныкталган.

ИИМдин уюшма кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы Мирлан Каниметов бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын айтууда.

- Бизге телефон шылуундары боюнча бир арыз түшкөн. Тергөө жүрүшүндө телефондор түрмөдөн чыккан. Ошондо ишти Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөөсүнө өткөрүп бергенбиз. Азыр бул боюнча атайын прокуратура да тергөө жүргүзүп жатат.

Абадан акча жасаган абак кызматкерлери​

Тергөөнүн маалыматы боюнча телефондук шылуундукка түрмөдө иштеген онго жакын кызматкер аралашкан. Учурда алардын экөөнө кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөөдө элди алдаган телефондор №1 тергөө абагында, биринчи, үчүнчү жана он алтынчы жабык мекемелерде отурган жарандарга катталганы аныкталган.

№16 колониянын кызматкеринин жубайына катталган телефонго 700 миң сом которулганы, дагы эки айыпкердин жубайларынын телефондоруна миллион сомдой бирдик жүктөлгөнү ачыкка чыккан. Милициянын маалыматында аталган каражаттардын 10 пайызын абак кызматкерлери алып турган.

Бишкектин четиндеги №3 түрмө
Бишкектин четиндеги №3 түрмө

Анткен менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы шылуундукка байланышы бар кызматкерлер боюнча так маалымат бере алган жок. Жабык жайлардагы эреже боюнча соттолгондор телефондук байланышты ээн-эркин колдоно албайт. Абактарда мобилдик байланышка техникалык бөгөт коюлган эмес. Ушул себептүү эркинен ажыратылгандар телефон аркылуу шылуундукка барышат.

ЖАМКнын маалымат катчысы Толубай Жакишев жабык жайларда телефондук байланышка чектөө коюлганын, бирок жергиликтүү жарандардын арызынын негизинде кайра алынганын айтып жатат.

- №1 тергөө абагында "заглушка" иштебейт. Анткени жанында 9 кабаттуу үй бар жана ал жерде көптөгөн жашоочулар жашайт. Түрмөдөгү байланышты чектегенде алардын да телефондору иштебей калат экен. "Заглушка" ошолордун арызынын негизинде алынып салынган. Жашоочулар бизге расмий болбосо да, оозеки түрдө арызданышкан. Ал эми №50 абакта "заглушка" бар.

Ал капчыгайда тигилерди 4 саат күтүптүр. Ошондо гана алданганыбызды билдик.

Байкоочулар жабык жайлардагы телефондук байланышка бөгөт коюлбашына соттолгондор эле эмес, абак кызматкерлери өздөрү да кызыкдар экенин белгилешет.

Ал ортодо Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усенов жарандарды Данияр Нарынбаевдин атын саткан телефондук чалууларга ишенбөөгө чакырды.

- Бул окуя бизди аябай өкүндүрдү. Шылуундар жазасыз калбайт. Жарандарды ишенчээк болбоого чакырабыз. Президенттин аппарат жетекчиси эч убакта ишкерлерге, аткаминерлерге чалып, жардам сурабайт. Шылуундарга эл ишенбей калганда ушундай жолго барды деп ойлойбуз.

Кыргызстанда телефон аркылуу элден акча алдаган учурлар көп катталат. Эксперттердин пикиринде шылуундар сим-карталарды жакын туугандарына каттатышат. Колго илинген “олжолорунан” бирдик жүктөтүп алгандан кийин сим-карта катталган уюлдук оператордун кызматынан баш тартат. Уюлдук компания бул учурда кардардын эсебиндеги бирдикти накталай акча түрүндө төлөп берүүгө милдеттүү. Байланыш мыйзамындагы ушул чекилик шылуундарга көмөкчү болуп келет. Азырынча бир сим-картага жүктөлчү каражаттын чеги аныкталган эмес.

XS
SM
MD
LG