Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

Түркия: АК партия күтүлгөндөн аз добуш алды


Элдик демократиялык партиянын тарапкерлери. Стамбул, 7-июнь, 2015.
Элдик демократиялык партиянын тарапкерлери. Стамбул, 7-июнь, 2015.

Түркияда жекшембиде өткөн парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары белгилүү боло баштады.

Түркиядагы парламенттик шайлоонун алдын-ала жыйынтыктары президент Эрдогандын партиясы Конституцияны өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн жоготуп жатканын көрсөтүүдө. Добуштар дээрлик саналып бүткөндөн кийинки жыйынтыкка караганда, АК партия 40,8 пайыз добуш алды. Мындай добуш менен партия парламенттен 258 орун алат. Бул 550 орундуу парламентте көпчүлүктү түзгөнгө да жетпейт.

Эгер президент Эрдогандын “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” же кыскартып айтканда АК партиясы парламентте басымдуу көпчүлүктү камсыздай алса, өлкө Конституциясын өзгөртүүгө жол ачылып, Түркия парламенттиктен президенттик башкарууга көчүшү мүмкүн эле.

Аталган партиянын лидери катары Режеп Тайып Эрдоган он эки жыл премьер-министр болуп, былтыр августта президенттик кызматка өткөн. Ал Түркиянын башкаруу системасын өзгөртүү мүдөөсү бардыгын буга чейин эле ачык айткан.

Азыркы Конституция боюнча Түркияда президенттин бийлик укуктары негизинен символикалык гана мааниге ээ. Андыктан, 7-июндагы добуш берүү тагдыр чечүүчү шайлоо экени айтылып келген. Конституцияны өзгөртүүгө жол ачылышы үчүн АК партия парламенттеги 550 орундун кеминде 330ун алышы керек эле. Анда Конституцияны элдик референдум аркылуу өзгөртө алышмак. Эгер 367 орунга жетсе анда бул мүдөөнү парламент өзү эле орундатып коймок. Бирок добуш берүүдөн кийинки жыйынтык башкача болууда.

Режеп Тайып Эрдоган шайлоо күнү добуш берип чыккан соң буларды айткан:

- Мен элибизге алкыш айтам. Мен шайлоо эч кандай проблемасыз өтөт деп эсептейм жана бул биздин өлкөнүн туруктуулугу үчүн абдан маанилүү. Ошондой эле мен шайлоо комиссияларына да алкыш айткым келет.

Шайлоодо буга чейин күрттөрдүн таламын талашып келген, ага катар либералдык жана солчул багытынан улам кадыры арта баштаган жаңы саясий күч - Элдик демократиялык партия да он үч пайыз добуш алып, 10 пайыздык чектен өткөнү кабарланууда. Бул партия 79 орун менен парламентке келет дегенди билдирет.

Аталган партиянын лидери Селахиттин Демирташ добуш берип чыккан соң буларды айтты:

- Мен өлкөбүз үчүн жакшы болот деп ойлойм. Биз кыйын үгүт өнөктүгүнөн өттүк, эми бизди ийгилик жандаарына ишенем. Мен биздин адамдардын жүзүнөн чоң үмүт менен кубанычты көрүп турам. Айрыкча жаңы муун Түркиянын келечегин өз колу менен аныктагысы келет. Аялдар да саясатка аралашкысы келет. Элдик демократиялык партия аялдарды колдоо менен Түркия келечегин алар менен бирге аныктагысы келет.

42 жаштагы Селахиттин Демирташ жылдызы жанып келаткан күрт саясатчысы, былтыркы президенттик шайлоодо 10 пайызга жакын добуш алган. Буга чейин ал өзү жетектеген партияны көптөр Эрдогандын чексиз бийлигине бөгөт коюуга кудуреттүү күч катары кабыл алышарын айтып, “Эрдоган президенттик дегенди биз диктатура деп билебиз", - дегени бар.

Добуш берүүдөн эки күн мурун, 5-июнда сөз болуп жаткан Элдик-демократиялык партия Диярбакырда эл менен жолугушуп жаткан учурда жарылуу болуп, андан 2 киши ажал тапкан, дагы ондогон адамдар жаракат алган.

Адистердин айтымында, жарылуу колго жасалган бомба менен ишке ашкан. Президент Эрдоган болсо жарылуу шайлоого көлөкө түшүрүү максатында уюштурулганын айтып чыкты. Себеби 5-июнда жүздөгөн адамдар Элдик демократиялык партияны колдоп, АК партияга каршы демонстрацияга чыккан эле.

Премьер-министр Ахмет Давутоглу болсо 7-июнда бул терактты уюштурууга шектүүлөр кармалганын билдирди:

- Мындай карасанатайлык жасаган адам ким экенине карабай жазаланат. Өткөн түнү ага шектүүлөр кармалды. Бул ошолордун колунан келгенине биз дээрлик ишенип турабыз. Азыр иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бирок премьер-министр шектүүлөр кимдер экенин ачык айткан жок. Канткен менен 7-июндагы шайлоо тынч өттү. Анын расмий жыйынтыктары жакын арада белгилүү болот. Шайлоодо жалпысынан 19 партия ат салышты.

Мустафа Кемал Ататүрк негиздеген азыркы Түркия парламенттик башкаруу системасында жашап жатканына быйыл 92 жыл толду.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG