Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

Армян өкмөтү митингчилердин талабын аткарбайт


Армения - Еревандагы нааразылык акциядан, 25-июнь, 2015.
Армения - Еревандагы нааразылык акциядан, 25-июнь, 2015.

Арменияда электр энергиясына тариф кымбатташынан чыккан нааразылык акциялары уланууда. Митингчилер талаптары аткарылмайынча, тарабасын айтып жатат. Өкмөт болсо алардын талабын аткаруудан баш тартты.

Арменияда электр энергиясына төлөмдөр кымбатташынан улам чыккан нааразылык акциялар күчөп, Еревандын борбордук бөлүгүндөгү митинг күн-түн дебей уланып жатканына бүгүн төртүнчү күн болду.

19-июнда башталган митингди бийликтер күч менен таратмакчы болуп, 23-июнда полиция чогулган элге суу аткан. Бул тополоң учурунда полиция 200гө жакын кишини кармап кеткени да кабарланган. Бирок ошол эле күнү кечинде нааразылык акциясы кайра жанданып, ошондон бери күн-түн дебей уланууда. Аянтка күн сайын жок эле дегенде 5-6 миңге чейин адам чогулуп жатат. Алардын негизги талабы - электр энергиясына тарифти төмөндөтүү.

Бирок 25-июнда өлкөдөгү соңку кырдаалга байланыштуу жыйын өткөргөн өкмөт митингчилердин талабын четке кагып, премьер-министр Овик Абрамян өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бийлик электр энергиясынын наркын көтөрүүгө мажбур экенин айтты. Армениянын электр компаниялары менен иш жүргүзүүдө өкмөттү коррупцияга айыптаган дооматтарды четке кагып, улуттук валютанын наркы төмөндөп кеткен чакта өкмөт аргасыздан пландуу түрдө тарифти көтөрүп жатканын кошумчалады. Ал ошондой эле демонстранттарды шаардын негизги магистралын ачууга, сабырдуу болууга чакырды.

Нааразылык акциясына чыккандар. Армения
Нааразылык акциясына чыккандар. Армения

Төрт күндөн бери шаардын башкы Баграмян проспектисин жаап турган демонстранттар өкмөттүн өтүнүчүнө көнгөн жок. Алар электр энергиясынын акысы 16% көтөрүлөт деген чечим жокко чыгарылмайынча кетпей турганын айтууда.

Арменияда 1-августтан тарта электр энергиясынын баасын 16 пайызга көтөрүү чечими кабыл алынган. Өлкөнүн электр тармактарына болсо Орусиянын "Интер РАО ЕЭС" компаниясы ээлик кылат. Компаниянын менеджерлери баа жогорулашын рентабелдүүлүктүн төмөндүгү жана жоготуулардан улам карызынын көбөйүшү менен байланыштырууда. Армян коомчулугунда болсо орус олигархтары менен коррупциянын курмандыгы болдук деген пикирлер басымдуу.

Армян саясат таануучусу Армен Григорян карапайым эл армян чиновниктеринин орус тарапка кулдук уруусунан азап чегип жатканын айтты: “Газ жана электр тармактарын Орусияга берүү башта айтылгандай арзандатуулар менен тейлөө сапаты жакшыруусуна алып келген жок. Мындан келди бул элдин эсебинен чайкоочулук жасагандай болуп калды”, - дейт саясат таануучу.

Армения азыр Орусиянын стратегиялык Түштүк Кавказдагы негизги таянычы. Өлкөдө Орусиянын ири аскер базасы жайгашкан, быйыл болсо башында Орусия турган Евразия экономикалык биримдигине мүчө болду.

Гюмридеги акция. Армения. 22-июнь
Гюмридеги акция. Армения. 22-июнь

Саясат тануучу Григорян бирок мындай стратегиялык өнөктөштүккө карабай армян эли азыр мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен электр энергиясы үчүн эң кымбат акы төлөрүн айтты. Азыр эми жаңы баа менен 16 пайыз көтөрүлсө, бул 10 центтен ашыгыраак акчаны чапчыйт, же кыргыз сомуна оодарганда бир киловатт электр энергиясы 6 сомдун тегерегинде болуп калат. Бул Орусиянын өзүнө караганда да алда канча кымбат.

Еревандагы митингде турган коомдук актвист Аргишти Кивирян армян эли мындай кымбат акча төлөөдөн чарчагандан улам көчөгө чыкканын айтып, нааразылык акциялар артында кайсы бир күчтөр турат деген сөздөрдү четке какты:

- Бул акциялар артында Армениянын эли турат. Азыркыдай жашоодон чарчаган, бир канча эсе ашыра көтөрүлгөн электр энергиясына акча төлөөдөн чарчаган, мыйзамсыздыктан чарчаган эл турат. Орусиянын медиасы бардык жерден эле Батыштын кулагын издей берет. Эгер армян элин бул акцияга кимдир бирөө түрткөн болсо, анда ал армян электр тармактарын ээлеп алган Орусиянын “Интер РАО ЕЭС” компаниясы. Бул компания туура эмес менеджменти менен электр тармактарын банкроттукка түртүп, азыркы абалга алып келди. Акыркы жылдарда эле электр энергиясынын баасы бир канча жолу көтөрүлдү.

Еревандагы нааразылык акциясына азыр күнүнө жок эле дегенде 5-6 миңдей эл чогулууда. Мындай акциялар өлкөнүн башка шаарларында да өтүп жатат. Кырдаал мындан ары кандай өнүгөрүн болжоо кыйын.

«Кавказ» институтунун директорунун орун басары Сергей Минасян кандай болсо да бул окуялардан бийлик сабак алышы керек дейт.

- Оптимисттик вариантта айтсак, эгер электр энергиясына байланыштуу мунаса табылса, чыңалган абал жеңилдеп, эл тарайт. Канткен менен бул окуялар армян бийлигине олуттуу сабак болушу керек.

Бирок өкмөттүн митингчилердин талабын аткаруудан баш тарткан кечээги чечимине караганда, эми мунаса табылышы кыйын болчудай. Митингчилер болсо талабы аткарылмайын тарабасын айтууда.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG