Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:34

Шайлоо алдында ырчылардын күнү тууду


Иллюстрация
Иллюстрация

Парламенттик шайлоонун алдында саясий партиялар көчө жарнамалардан сырткары маданий иш-чараларга да жүз миңдеген акча коротушат.

Учурда алар жер-жерлерде эл топтоо үчүн концерттерге ондогон ырчы-чоорчулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады.

Эстрада ырчылары, куудулдар, төкмө акындар сахнага бир жолу чыгып койгону үчүн бери дегенде 15 миң, алды 60 миң сомго чейин сурап жатышат. Алардын арасында борбордогу көп кабаттуу үйдөн батир сурагандары да жок эмес.

Парламенттик шайлоо жакындап, айрым саясий партиялар аймактарда бекер концерттерин бир сыйра өткөрүп да келишти. Алардын бири - “Кыргызстан” партиясы июль айында аймактарда уюштурган эл үчүн акысыз шоу концерттери үчүн жүз миңдеген сом каражат сарптап салышты.

Стадиондун же маданият үйлөрүнүн ижарасын, жасалгалоо, коопсуздук жана башка даярдык иштерине коротулган акчаны кошпогондо, бул партия ырчыларга бир жолу сахнага чыгып бергени үчүн 15 миң сомдон өйдө төлөп берди.

Ош шаарынын спорт аренасында саясий партия уюштурган концерт. Июль. 2015-ж.
Ош шаарынын спорт аренасында саясий партия уюштурган концерт. Июль. 2015-ж.

“Кыргызстан” партиясынын үгүт иштерине ырчылардын келишин уюштуруп берген Кудрет Тайчабаровдун айтымында, быйылкы шайлоодо ырчылар кызматын эки эсеге кымбат баалап жатат:

- Башка жылдарга караганда быйыл эки эсеге кымбат. Себеби бул шайлоо өнөктүгү той сезонуна туура келүүдө. Андыктан ырчылар учурда дем алыш күндөрү эле тойлордон эки-үч айдын акчасын таап коюшат. Ошондой эле саясий партиянын концертине чыгып жатканда эл тарабынан ырчы ошол саясий топту колдойт экен деген түшүнүк калыптанып калганы үчүн да акча кошуп беребиз. Үчүнчү фактор - бул аймактардагы концерттер учурундагы шарттын жоктугу. Ырчылар күндүз кечке чейин жол жүрүшөт, кечинде түн бир оокумга чейин ырдашат. Андан соң тамактанып, жатар конокко баргыча таңкы саат 3-4 болуп кетет. Бул да алардын гонорарын кымбаттатат.

Үй сурагандар да бар...

Ошондой эле учурда партиялар тигил же бул ырчынын социалдык тармактардагы популярдуулугуна да көңүл бурууда. Себеби партиянын иш-чаралары тууралуу маалыматты он миңдеген окурмандарына таратуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Мисалы, Инстаграммда башы көрүнүп калган орто аткаруучуну ээрчиген күйөрмандардын саны 20 миңден кем эмес.

Кээ бир ырчылар болсо алдын ала эле миң доллардан кем болсо, сахнага кадам баспай турганын ачык айтышкан. Алардын катарын Мирбек Атабеков, Гүлнур Сатылганова, Нурлан Насип сыяктуу ырчылар толуктайт.

Ал эле эмес, ырчылардын арасында шайлоо өнөктүгү бүткөнчө партияны колдоп бере турганы үчүн Бишкектеги кабаттуу үйдөн батир сурагандар да жок эмес.

Ошол эле учурда ырчылардын эмгеги дале болсо татыктуу бааланбай келет дегендер да бар. Аткаруучулардын жана музыкалык чыгармалардын радио рейтингин аныктоо ишин жүргүзгөн “ТМС” ишканасынын башкармасы Тынчтыкбек Кожобеков хит ырлары бар аткаруучулар бир концерт үчүн 40 миң сомдон өйдө сураганга акысы бар деген ойдо:

- “ТМС” анализинде кайсы ырчылардын рейтинги жогору болсо, ошолорго баалар кескин өсүп жатканын айта алам. Анткени ал ырчылардын аброю бийик, демек элди чогултканга мүмкүнчүлүгү жетет. Бир ырчы бир концерт үчүн миң доллардан эки миң долларга чейин алса, бул нормалдуу көрүнүш деп эсептейм.

Саясий партиялардын үгүт концерттерине катышкан маданият өкүлдөрүн экиге бөлсө болот. Алардын жоон тобу позициясы жоктор – иш-чараны уюштуруп жаткан саясий партиянын ишине кийлигишпейт же кызыгышпайт.

Айрым ырчы, куудулдар аларды чакырган топтун программасын, позициясын карап чыккан соң гана кызматташууга барышат.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG