Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Көкөйгө тийген "кара тизме" машакаты


Москвадагы миграциялык борбор
Москвадагы миграциялык борбор

"Кара тизме" мунапысынын мөөнөтү узарды. Мигранттар менен диаспора өкүлдөрү бул кадам “кара тизмеге” байланышкан көйгөйлөрдү жеңилдетеринен ишенбей турган чагы.

Жакында эле Кыргызстанга келген Аида Талантбекова кайра Орусияга кете албай убара. Ал документтеринин мөөнөтү өтүп кеткен жарандар Орусиянын чек арасынан кирди-чыкты кылган учурда, “кара тизмеден” чыгат деген маалыматты угуп, Кыргызстанга учуп келген. Бирок кайра кетмей болгондо “кара тизмеге” түшүп калганын билип, Орусиядагы киришелүү ишинен ажырап отурат.

Аида Талантбекова Кыргызстанда эле эмес, Украинанын чек арасында да көптөгөн кыргызстандыктар кайра Орусиянын аймагына кире албай, өз мекенине депортацияланып жатканын айтты:

- Орусиядан кирди-чыкты кылыш үчүн кеминде 30-40 миң рубль керек. Себеби, жолдун акчасы, тамак-ашы ж.б. дегендей. Ошончо акчаны атайын чогултуп келгенбиз да. Эми мына Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине, ФМСтин өкүлчүлүгүнө бардык, эч кимиси чечип бербей жатат. Украинага чыгып, кайра киргендер дагы алданып, ошол жактан эле депортацияланып жатат.

Мунапыс узарды, жыйынтык болобу?

Июнь айында кыргыз-орус президенттери тарабынан сүйлөшүлүп, эки өлкөнүн тийиштүү кызматтары тарабынан кол коюлган келишимге ылайык Орусиядагы кыргызстандыктар 1-ноябрга чейин “кара тизмеден” чыгууга мунапыс берилген.

Орусиядагы мигрант
Орусиядагы мигрант

Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмазбек Асанбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, мындай мүмкүнчүлүктү 30 миң адам колдонду. Бирок арасында “кара тизмеден” чыкпай калгандар туурасында ал мындай деди.

- Негизинен эки нерсе тоскоолдук кылды. Биринчиден, техникалык себептен ФМСтин маалыматы, чек ара кызматына жетпей “кара тизмедегилер” жаңыланбай калды. Ал эми ФМСтин айтуусунда, мигранттар мурда “кара тизмеге” кирип, ошого карабай ар кандай жол менен Орусиянын аймагына кирип кеткендер болушу мүмкүн деп билдирип жатышат.

Алмаз Асанбаев кошумчалгандай, атайын Кыргызстандан комиссия барып, орус тарап менен жолукканда Федералдык миграция кызматынын маалыматтары Орусиянын Ички иштер министрлиги жана Чек ара кызматтарына жетпей, түшүнбөстүктөр орун алганы ачыкталды. Ушундан улам Орусия “кара тизмеге” мунапысты белгисиз мөөнөткө узартууда.

Колдон колго өткөн тизме

Орусиянын миграция кызматы болсо жарандардын “кара тизмеден” чыгуу арызын кароо узак убакытты талап кыларын айтууда. Федералдык миграция кызматынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Юлия Слуцкаянын билдирүүсүндө жалгыз миграция кызматына арыз жазуу менен эле маселе чечилип калбайт деп, “кара тизме” арызы бир нече кызматтын элегинен өтөрүн айтты.

Орусиядагы мигрант
Орусиядагы мигрант

- Ар бир жаран өзүнө арыз жазыш керек. Жазылган арыз Орусиянын кайсы аймагынан чыгарылса, ошол жактагы ФМСке барат. Ал жактан макулдук алса, база менен борбордук аппаратка барат. Ал жактан уруксат берилгенден кийин Орусиянын чек ара кызматына жөнөтүлөт. Бул процесс техникалык жактан өтө татаал, мен азыр жөнөкөйлөтүп гана түшүндүрүп жатам. Ар бир жол узак убакытты алат, биздин база бат-баттан эле жаңылана бербейт, ошондой эле Чек ара кызматынын дагы маалымат базасы өтө сейрек жаңырат.

Федералдык миграция кызматынын маалыматына ылайык, Орусияда 170 миң кыргызстандык “кара тизмеге” түшүп калышы ыктымал. Ушундан улам алар Орусиянын аймагынан чыгып-кирип маалыматты жаңыртуу керек деп талап кылууда.

Мигранттардын Орусиядан чыккысы жок

Орусиядагы мекендештер кайра ал жакка кирбей калуу коркунучу бар экенин билип, Орусиядан чыкпай иштөөгө өткөнүн “Замандаш” ассоциациясынын Орусия Федерациясы боюнча координатору Азамат Рахманов айтууда.

Москва, Орусия
Москва, Орусия

- Орусиянын аймагында ар кандай административдик айып төлөгөн кыргызстандыктар көп да. Мисалы таксисттер жол эрежесин бузганы үчүн МАИге айып төлөгөндөр бар. Алардын бардыгы эле мыйзамды бузгандардын катарына кирип, Орусиянын аймагынан чыгып, кайра мунапыска илине албай калып жатат. Ушундай мисалдарды биринен бири угуп алып, Орусиядан чыкпай калышты. Рейд учурунда кармалгандар болсо, дароо депортацияланып жатат.

Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги бир жума мурун Орусияга барып кесиптештери менен кайрадан сүйлөшүүлөрдүн негизинде алдыда жылыш болот деп турат. Ошол эле учурда Орусияда мыйзамсыз, келишими жок иштеген мекендештер башка кыргызстандыктарга көлөкө түшүрүп жатканын айтууда.

Жыл башында “кара тизмеге” түшүп, Орусияга кире албай жаткан жарандардын саны 70 миңден ашык болсо, сүйлөшүүлөрдүн негизинде алардын “кара тизмеден” чыгуу мөөнөтү эки эсе кыскарып, ушул учурда 50 миң жаран тизмеден чыкканы айтылууда. Расмий эмес маалыматтардан Орусияда бир миллионго чукул кыргызстандык жаран бар болсо, алардын дээрлик жарымы тийиштүү документтери жок мыйзамсыз иштеп жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG