Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Бабанов: Бирөөнүн байлыгын сындаарда өзүңөрдүкүн карагыла


Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов анын жарандыгы боюнча маселени элчиликке кайрылып тактоону сунуш кылууда. Ага чейин депутат Жыргалбек Саматов Бабанов Казакстандын жараны экенин айткан болчу.

- Экөөбүз Казакстандын да, Орусиянын да элчиликтерине баралы. Жеке өзүбүз кайрылсак алар дароо жооп берет. Эгер ошол өлкөлөрдүн жараны болсок мандатыбызды тапшыралы. Бирок, урматтуу Саматов, бирөөнүн байлыгын эсептеп сындаганча өзүңөрдүкүн да карап койгула, - деди Бабанов.

Жыргалбек Саматов парламентке "Республика - Ата-Журт" партиясы аркылуу шайланып келген. Бирок кийин ал Орусиянын жараны деген маселе чыгып, бир нече жолу мандатынан ажыратылып, кийин акыр-аягы Жогорку Соттун чечиминен кийин ордунда калган. Бирок фракция аны өз катарынан чыгарып койгон. Ал эки жыл мурда баласынын сүннөт тоюна 70 миңдей киши чакырып, улак тарттырып, баалуу белектерди таратканы жана чоң той өткөргөнү коомчулукта кызуу талкууланган болчу.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында ал "Бабановдун таржымалын текшерүүгө мезгил келип жетти" деди. (RK)

XS
SM
MD
LG