Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Кыргыз айдоочулардын Тажикстандагы жол азабы


Кезек күткөн жүк ташуучу унаалар.
Кезек күткөн жүк ташуучу унаалар.

Кытайга транзиттик жүк ташыган кыргызстандык айдоочулар чек арада Тажикстандын күч кызматтары алардан үзгүлтүксүз пара алып жаткандыгын айтып чыгышты.

Алардын айтымында, ар бир унаадан тажик чек арачылары, бажычылары, МАИ кызматкерлери себепсиз эле 4-5 миң сомдон акча алып жатышат.

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги жана коңшу өлкөнүн расмий өкүлдөрү жагдай териштирилип жатканына ишендирүүдө.

Айдоочулардын арманы

Оштогу “Юг Транс” логистикалык транспорт компаниясынын башчысы, айдоочу Толубай Досбаевдин айтуусунда, Тажикстандын бажы, чек ара жана башка күч кызматтары кыргызстандык айдоочуларды жөндөн-жөн кыйноого ала берет. Анткени жүдөтүү аркылуу айдоочунун өзүн акча берүүгө мажбурлашат дейт ал:

- Тажикстанга каттоо аябай кыйын болуп калды. Чек арадан өтүп жатканда тажик тараптын күч кызматтары өтө эле чоң акча талап кылышууда. Ар бир унаадан транспорт кызматы 250 сомони, маңзат менен күрөшүү кызматы 80 сомони, МАИчилер 250 сомони, бажы кызматы 400 сомони жана чек ара кызматына караштуу паспорттук көзөмөл бөлүмү да 400 сомони пара алып жатат. Элестеткиле, жөн эле паспортту текшерип, айдоочунун кылмыштуу чөйрөгө тиешеси барбы жокпу, карап койгон эле кызматкер 400 сомони акчаны алып жатат. Жөн эле өткөрүп жатканы үчүн. 400 сомониси биздин пулга 4 миң сомдой болуп калат, эми ар бир киргенде эле биз ушунча акча бере берип тажадык. Статистика боюнча Тажикстанга бизден канча машине кирип жатканын, анан алар берип жаткан акчаны эсептеп чыктык. Көрсө биз бир жылда эле 4 млн доллар пара иретинде тажик укук коргоо кызматтарына берип коет экенбиз.

Досбаевдин айтымында, оор жүк ташуучу айдоочулардын ассоциациясына мүчө болгон 200дөй кыргыз жарандары тажик тараптын паракорлугунан жабыр тартууда. Алтургай бир айча мурдараак алардын 25и Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигине да кайрылышкан.

Бирок жагдай оңолбогондуктан “Карамык” өткөрмө бекетинин тажик тарабында кыргыз айдоочулар күн-түндөп жатып калып, ондогон унаалар тизилип калышууда:

- Күн 25 градустан ашыкча болуп жылыса, оор жүк ташуучу унаалар Тажикстандын жолдорунда жүрүүгө тыюу салынган. Себеп дегенде, автоунаалар жолду бузат. Ошону шылтоолоп тажик тараптын бажы жана паспорт көзөмөл кызматы бизди документтерибизди бүткөрбөй кечке дейре кармап олтура беришет. Анан кеч киргенде “биз түнү иштебейбиз” деп туруп, ишканаларын жаап коюп кетип калышат. Кыскасы, эптеп эле кыйнап, жүдөтүп, айласыз акча берүүгө мажбурлап жатат. Маңзатка каршы күрөшүү кызматы алгач биздин унааларды ит менен текшерет, анан паспорт көзөмөл кызматы баштан-аяк кайра текшере баштайт. Ал идея жүзүндө алар болгону паспортту гана текшерүүсү керек болчу да, - дейт айдоочу Толубай Досбаев.

Маалым болгондой, кыргызстандык айдоочулар Тажикстанда Кытайдан жүк ташышат. Алар негизинен нефть чыгаруучу заводго керектүү жабдууларды түз Дүйшөмбүгө жеткиришет.

Элчинин жообу

Окуя боюнча Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинен комментарий алуу мүмкүн болгон жок. Бирок Дүйшөмбүдөгү кыргыз элчиси Мирослав Ниязов буга чейин айдоочуларга жөнөткөн катында алардын маселеси боюнча тажик бийликтери кабардар экенин билдирген.

"Кашкар-Эркештам-Сары-Таш-Карамык-Дүйшөмбү” каттамы боюнча жүк ташыган кыргызстандык айдоочулардын кайрылуусу Тажикстандын президентинин аппаратына жөнөтүлдү. Ага ылайык кызматтык тергөө жүргүзүлүп, тажик чек ара кызматынын, бажы кызматынын, ички иштер жана коопсуздук кызматтарынын жетекчилерине Кыргызстандын жарандарынын укуктарын бузбоо тууралуу катуу эскертүү берилген. Эми аталган кызматтар тарабынан мыйзамсыз акча чогултуулар болсо жогорудагы органдардын ишеним телефондоруна чалып, даттанышса аларга карата чара көрүлөт" деп жооп берген кыргыз элчиси Мирослав Ниязов.

Деген менен Тажикстандын чек ара кызматына алардын үстүнөн арыз жазган кыргызстандык 25 айдоочунун тизмеси жетип калган. Ошого карап жүк ташыган айдоочуларды эми аты-жөнү менен тактап, өткөрмө бекеттен азапка салып жаткан экен. Айдоочу Толубай Досбаев кайрадан кепке кошулду:

- Биздин элчиликке арыз жазып, анан алар тажик бийликтерине жагдайды кабарлагандан кийин Тажикстандын башкы прокуратурасы бул ишти бир сыйра тергегендей болгон. Башында тажик күч кызматтарынын бизге мамилеси да анча-мынча жумшаргандай болгон. Бирок кырдаал баары бир жакшы жагына өзгөргөн жок. Бажы жана чек ара кызматкерлери бизди кайрадан мажбурлоого өтүп, дагы деле акча тилеп жатышат. “Арыз жазганды силерге көргөзөбүз”, “бизди айыптаган кандай болорун көрсөтөбүз” деп коркутуп жатышат. Эми алар өчөшкөндөн улам бир күн биздин автоунааларга өздөрү эле маңзат салып, карматып коюшабы деп да кооптонуп турабыз.

"Мыйзам чегинде гана иштейбиз"

Ал эми коңшу өлкөнүн чек ара кызматтары кыргызстандык айдоочуларга карата терс мамиле кылып жатканын четке кагышууда. Тажикстандын “Карамык” өткөрмө бекетинин атын атагысы келбеген өкүлү “Азаттыктын” тажик кызматына буларды айтып берген:

- Биз кыргызстандык айдоочуларга жакшы эле мамиле кылып жатабыз. Аларды текшерүү аракеттери бардыгы мыйзамдын чегинде гана жүрүп жатат. Мыйзамсыз жүк алып кетпеш үчүн биз ар бир унааны өтө дыкат текшерүүгө алуудабыз. Бир унааны текшерүү бир-бир жарым саат созулат, балким ошону үчүн эле кыргыз тарап бизге жалаа жаап жаткандыр. Бизге арызданган айдоочулардын тизмесине карап, аларды атайын терип кыйнап жатат деген маалымат да чындыкка коошпойт.

Кантсе да кыргызстандык айдоочулар бул ишке кыргыз бийликтерин көңүл бурууга чакырып, Тажикстандын расмий органдарына кайрылып, маселени чечүүнү талап кылууда.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG