Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:55

Сокур намыс аял өмүрүнөн кымбат дүйнө


Бир тууганынын колунан өлгөн Кандел Балоч
Бир тууганынын колунан өлгөн Кандел Балоч

Өткөн жумада 14 жаштагы ооган келин Зара өрттөн алган жараатынан каза тапты. Ал эми 26 жаштагы пакистандык модел жана блоггер Кандел Балочту бир тууганы “ариет-намысты сактайм” деп өлтүрдү.

Пакистандык модел жана таанымал блогер Кандел Балоч өткөн аптада бир тууганы тарабынан “үй-бүлөнүн ариет-намысына шек тийгизди” деп өлтүрүлдү.

26 жаштагы Кандел Балочтун азан чакырып коюлган аты - Фузия Азим болчу. Ал Фейсбукта абдан активдүү эле.

Кандел Балочтун күн сайын жазган куш тилиндей ойлорун же кайсы бир нерсеге, окуяга байланыштуу пикирин Фейсбукта бөлүшкөн 800 миңге чукул окурманы жана Твиттерде 40 миң күйөрманы бар эле.

Интернет ааламында мынча күйөрмандуу болуу үчүн ширелүү да, данектүү да, башкалар кызыккандай да жазуу, элден бөлөкчө ойлорду айта билүү керек. Же улуу-кичүүнү кызыктырган видео жана фотолорду жарыялап туруу абзел. Мунун баары жеңи чолок жана жакасыз көйнөк кийип, чачын эркин тараган Кандел Балочтун колунан келчү.

Балоч өлөрүнөн бир нече күн илгери өлкөдөгү белгилүү диниятчылардын бири менен чылым тартып турган сүрөттөрүн жарыялаган. Анын көпчүлүк пакистандык келин-кыздарга окшобой, өз дүйнө таанымын, өзүнүн эстетикалык табитин жалпыга жараян кылып, жылдыздай жанып жүргөнү консервативдүү эскичил чөйрөдө тарбияланып чоңойгон бир тууганы Уасим Азимге жаккан эмес.

Уасим Азим карындашынын берегидей жүрүм-турумун адепсиздик деп баалап, ата-энесинин үйүндө тындым кылды жана полицияга “үй-бүлөсүн шермендечиликтен коргоо үчүн”, “ариет-намыс үчүн” ушуга барганын айткан. Андан журналисттер: ”Сенде кандайдыр бир өкүнүч барбы?” деп сураганда, “Эч кандай өкүнүчүм жок” деп жооп берди.

Бир тууган карындашын өлтүргөн Уасим Азим
Бир тууган карындашын өлтүргөн Уасим Азим

Кандел Балочтун кайгыга баткан апасы кызын өлтүрүүгө түрткөн деп муфтий Абдул Кавини жана мурдагы күйөөсүн күнөөлөдү.

Бул сыяктуу “ариет-намыс” коргойбуз деп же салт менен динге сыйбаган иш жасады деп аялдарга кол салуу Пакистанга коңшулаш Ооганстан үчүн да болуп жүргөн окуя.

Кандел Балоч өлтүрүлгөн жумада коңшулаш Ооганстандын алыскы Гора провинциясында 14 жаштагы келин Зара Мухаммед да бейажал өлдү.

Зара 11 жашка чыкканда экинчи аял алмак болгон атасы кызын калыңга деп атап коёт жана эки жылдан кийин шартка ылайык кудаларыныкына жеткирип берет. Кыздын атасы Мухаммад Азамдын сөзүнө караганда, боюнда бар Зара апийим талаасында иштегенден баш тарткандан кийин кайындары келинди сабап туруп, бензин чачып өрттөп жиберген.

Маалыматтарга караганда, Заранын боюнда төрт айлык баласы болгон. Бирок күйөө баланын туугандары Зара өзүн өзү өрттөп жиберген деп ырасташууда жана Зара келин болуп келгенде “шаардык болуп, салттан чыгып кеткен” дешет. Көрсө Зара салт деп, эркектердин айтканы менен болгон жана ур-токмогуна “кыңк” дебей чыдаган аялдарга окшобой, өз оюн тайманбай айтып, адамдык насилин коргочу экен.

Мухаммед Азам кызынын азаптуу өлүмүнө сыздап, бийликтен адилеттик издеп жатканда, анын туугандары өз жамаатынын абийирин сактап калуу үчүн Заранын жашын улуу кылып айтып, ал салтка ылайык күйөөгө берилген деп, окуяны элге шардана кылбай жапканга аракет кылышты. Ооганстандын мыйзамына ылайык, кыздар 16 жашка толгондо күйөөгө чыкса болот. Мухаммад Азам адам укугун коргоочулардын жардамы менен 18-июлда Кабулда Адилеттик министрлигинин алдында чатыр тигип, Заранын өлүмүнө жоопкерлерди соттоону талап кылды.

Англис тили курсунда окуп жаткан Ооган аялдар. Март, 2016
Англис тили курсунда окуп жаткан Ооган аялдар. Март, 2016

Мухаммед Азамдын Ажы Абдул Калык деген жакын тууганынан полициянын тергөөчүсү "11 жаштагы кыз өз тагдырын өзү чече алабы?" деп сураганда, “Эмнеге муну менден сурайсың. Пайгамбардан сура” деп жооп берген. Ушинтип шариятка шилтеп, аялдар менен кыз-келиндерди адепсиздик кылды деп, уруп-сабоо жана кол салууларды токтотуу үчүн ооган өкмөтү акыркы жылдары адам укугун коргоочу эл аралык уюмдардын кысымы астында бир катар аракеттерди көрдү. Бирок борбордук бийликтин аракети жер-жерлерде жана коомчулукта кенен колдоо таппагандыктан, салтка жана динге жамынып, “өзүн сот жана бий” түшүнгөн күнөөкөрлөр менен чоң муштумдар көп учурда жазасыз калат.

Жогорудагы эки окуя, равалпинидилик серепчи, доктор Фараз Талаттын сөзү менен айтканда, береги кыз-келиндер алар үчүн коом жасап койгон кутуга батпай, өз табияттарына ылайыктуу мейкиндик издегени үчүн өмүрү менен жооп беришкенин күбөлөйт.

Ал эми дубайлык өнөрпоз-куудул Жунайид Акрам пакистандык эркектерге кайрылып: "Бул коомдо ариет-намыс эмне үчүн аялдардын бутунун ортосунан орун алганын мен түшүнбөйм. Эркектер бардык жамандыкты жасай берсе болот экен, бирок аялдар социалдык нормадан чыгып кетсе, каны менен жооп берет”, - деп жазды Фейсбукта.

XS
SM
MD
LG