Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

Шайлоонун тизме санаасы


Парламенттин “Өнүгүү” фракциясы шайлоочулардын тизмесин түзүүдөгү көйгөйлөрдү талкуулап, көз боёмочулуктарды четтетүү жолдорун карады.

Шайлоолорду уюштурууга даярдык боюнча суроолорго жооп берген мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев биометрикалык идентификациялоонун алкагында шайлоочулардын тизмеси толук автоматташтырылып, сапаты жакшырганын билдирди.

Тизмеден карайлаган өнөкөт

Жогорку Кеңештин “Өнүгүү” фракциясы алдыдагы жергиликтүү шайлоого жана референдум өткөрүүгө даярдыктар боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматын укту. Буга чейин шайлоочулардын тизмеси сапатсыз түзүлүп, жарандардын нааразычылыгына алып келген жагдайлар талкууланды.

Аталган фракциянын мүчөсү депутат Зиядин Жамалдинов ошол тизмедеги мүчүлүштүктөр учурда кандайча жөнгө салынып жатканына кызыкты:

- Өткөн парламенттик шайлоодо бир топ жарандарыбыз өзүн тизмеден таппай, кыйналган учурлар болгон. Териштире келгенде алардын айрымдарынын тизмеси такыр эле башка жактан чыккан учурлар аябай таң калычтуу болгон эле. Азыр эми алдыдагы шайлоолордо дагы ошондой мүчүлүштүктөр болбойбу? Шайлоочуларга башка жакка барып добуш берүүгө укук берген “форма-2” деген дагы болбогон нерсе экен. Мурунку шайлоодо партиялар автобустар менен адамдарды шаардан айылга жана айылдан шаарларга ташып, бир топ иштер болду. Бул эми акчалуулардын жасаганы экен да.

Чалкешкен пин-коддор

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, ушул күнгө карата шайлоочулардын такталган тизмеси 2 миллион 805 миң адамды түзөт. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, өлкөдөгү жарандардын 98% биометрикалык маалыматтары чогултулган. Бул мекеме учурда жарандар паспорт алып жатканда берилген пин-коддорду иретке келтирүү иштери менен алектенип жатканын белгиледи. Анткени ушул күнгө карата Кыргызстан боюнча 18 миң адамга эки жолу пин-код берилип кеткен учурлар аныкталган.

Тайырбек Сарпашев
Тайырбек Сарпашев

Шайлоочулар добуш берүүгө келгенде тизмеден аты-жөнүн таппай калган көйгөйдүн себебин Тайырбек Сарпашев ошол жагдай менен байланыштырды:

- Ошол тизмеден таппай калуунун себептерин аныктаганбыз. Ал кезинде башаламан пин-код берүүгө байланыштуу. Мисалы, сиздин пин-кодуңузду Нарындагы бир адамга паспорт берүү учурунда берип койгон. Анан тизмени шайлоо участокторуна таратып бергенде сиздин аты-жөнүңүз Нарындан чыгып жатканы ошондон. Муну биз жапырт паспортторду алмаштыруу менен гана жөнгө сала алабыз. Азыр эми экиден пин-код алгандар боюнча иштер териштирилип жатат.

Тайырбек Сарпашев шайлоочулардын каттоосун аныктоо тутуму толук автоматташтырылып, алардын тизмеси тактоодо бир топ өркүндөтүлгөн жаңылыктар киргизилгенин айтты. Бирок парламент депутаты Исхак Масалиев сайттагы жарандардын электрондук тизмесинин кынтыксыз иштей турганын жеринен текшерип көрдү:

- Мен азыр телефондон силердин сайтка кирип, “Масалиев Исхак Абсаматович” деп терип көрдүм. Бирок тизмеден менин аты-жөнүм чыкпай эле “шайлоочу табылган жок” деп чыкты. Сайтыңар иштебейт же болбосо ал жактан тизмеден менин аты-жөнүм туура чыкпай жатат.

- Негедир сайттан издегенде "Айфондон" жакшы чыкпайт экен. Башка мобилдик телефондордон интернетке кирип, издеп көрсөңүз.

Бирдиктүү базанын ачкычы

Добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоо шайлоочулардын тизмесиндеги көз боёмочулуктардан баштала турганы белгиленди. Мына ошондуктан шайлоого 10 күн калган мезгилге чейин шайлоочулардын тизмесин тактап, электрондук серверге бекиткен эреженин ачыктыгын камсыздоо жагы сунушталды.

“Өнүгүү” фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев тизменин өзгөрүлбөгөнүн камсыздай турган кепилдик болушу керектигин айтты:

- “Мына ушул өркүндөтүлгөн шайлоо тутумуна кыргыз ишенеби эми же дагы деле ишенбейби” деп айттыңар. Кыргыз ишенет. Кыргыз ишениш үчүн шайлоо тизмесин түзүүдө тактык, тазалык жана акыйкаттык болушу керек. Эгерде ошол тизменин бирдиктүү базасынын ачкычын шайлоого катышкан партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда бекитсеңер, ошондо ачык-айкындык болот. Болбосо буга чейинкидей ар кандай сөздөр боло берет.

Мыйзам боюнча шайлоочулардын маалыматы сакталган бирдиктүү база борбордук серверде сакталып, анын конвертке салынган ачкычы шайлоого үч күн калганда шайлоо участокторуна берилет. Мына ошол жараяндын жүрүшү көпчүлүк эксперттерде күмөн саноону жаратып келгени ырас.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрага орун басары Дастан Догоев электрондук базанын коопсуздугу боюнча кепилдик бар деп ишендирди:

- Тизмени тактоо 10 күн калганда бүткөн соң, ал электрондук тизме шайлоо участокторуна бөлүнөт. Бөлүнгөндөн кийинки база атайын ачкыч менен жабылат. Анын ачкычтары атайын пин-конверттер менен тиешелүү жер-жерлердеги операторлорго жөнөтүлөт. Бул жараянды иликтеп чыгып, текшерүү жүргүзүп көрсөңүздөр болот. Биз ага даярбыз. Кандайдыр бир түкшүмөлдөр болушу мүмкүн эмес.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Сарпашев шайлоолорду өткөрүү үчүн техникалык жабдуулар жана алардын тиешелүү программалык камсыздоосу толук даяр экенин белгилеп, шайлоонун жыйынтыгына адам факторунун кийлигишүүсүн четтеткен шарттар түзүлгөнүн билдирди.

XS
SM
MD
LG