Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:19

Келишимдер теориясы Нобелге татыды


Нобель сыйлыгынын экономика жаатындагы ээлери.
Нобель сыйлыгынын экономика жаатындагы ээлери.

Илим, адабият жана саясатта айырмалангандарга Нобел сыйлыгын ыйгаруу уланууда. 10-октябрда экономика боюнча Швециялык академиянын сыйлыгы өз ээлерин тапты. Быйыл бул сыйлык британиялык Оливер Саймон д`Арси Харт менен финляндиялык окумуштуу Бенгт Роберт Холмстромго ыйгарылды.

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы быйыл Оливер Харт менен Бенгт Хольсмтремге ыйгарылганы 10-октябрда белгилүү болду. Швециядагы Падышалык илимдер академиясынын баш катчысы Горан Хансондун айтымында, окумуштуулар келишим теориясын өнүктүргөнү үчүн сыйлыкка татыктуу болушту:

- Швециянын Падышалык илимдер академиясы Экономика илими тармагындагы Нобел сыйлыгын Оливер Харт менен Бенгт Холмстромго келишимдер теориясына кошкон салымы үчүн ыйгарууну чечти.

Харт менен Холмстром иштеп чыккан теория экономикалык агенттиктер жана институттар ортосундагы келишимдердин турмушта колдонулушун түшүнүүгө жардам берет. Падышалык академия тараткан билдирүүдө заманбап экономика ар кыл келишимдер аркасында туруктуу болору айтылат.

Маселен, бир компания ичинде акциячы менен жетекчинин же кардар менен сатуучунун ортосунда келишимдер түзүлөт. Мындай иштиктүү мамиледе ар кандай түшүнбөстүктөр кездешүүсү ыктымал. Ошондуктан келишим туура түзүлсө экономиканын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө болот жана бардык тараптардын кызыкчылыгы корголот.

Буга байланыштуу аталган теориянын маанилүү экенин сыйлыкты тапшыруу комитетинин төрагасы Пер Стромберг ырастады:

- Харт менен Хольмстром иштеп чыккан теориялар келишимдердин түрүн жана мекемелерди түшүнүү үчүн абдан маанилүү.

Эки илимпоз дал ушул татаал мамилелерди анализдеген теорияны иштеп чыгышкан.

Нобел сыйлыгына ээ болгон финляндиялык экономист Бенгт Холмстром Массачусетс технологиялык институтунда иштейт. Сыйлык ага 1970-жылдардын соңунда жасаган ачылышы үчүн тапшырылды. Ал “маалымдуулук принцибин” иштеп чыккан. Экономист бул теорияны бир катар иликтөөлөрү аркылуу да өнүктүргөн.

Бенгт Холмстром абройлуу сыйлык ал үчүн күтүүсүз болгонун белгиледи:

- Кыскача жооп берсем, мен, албетте, күткөн эмесмин, өзгөчө бул жолу. Ошондуктан мен үчүн таң калыштуу жана кубанычтуу болду. Менимче, көпчүлүк калп сыяктуу кабыл алышты окшойт.

Финляндиялык окумуштуу Бенгт Холмстром.
Финляндиялык окумуштуу Бенгт Холмстром.

Британиялык экономист Оливер Харт Гарвард университетинде иштейт. Ал толук камтылбаган келишимдер теориясын иштеп чыккан. Аталган келишимде болжолдуу окуялардын баарын камтуу мүмкүн эместиги аныкталган. Окумуштуу өз эмгегинде келишимди бекиткен тараптардын чечим кабыл алуу шарттарын аныктоого аракет кылган.

Өткөн жылы Нобел сыйлыгынын экономика тармагы боюнча Ангус Дитон өзүнүн теңсиздик, жакырчылык боюнча анализдери үчүн алган. Швециянын Улуттук банкы экономика жаатындагы Альфред Нобелдин урматына түзгөн сыйлыкты 1969-жылы негиздеген.

Быйылкы жылга чейин аны 47 илимпоз алган. 2009-жылы экономикалык башкаруунун анализи үчүн сыйлыкка ээ болгон Элионор Остром бул сыйлыкка татыган жалгыз аял.

Лауреаттар акчалай сыйлык катары сегиз миллион швед кронун алышат. Бул болжол менен 925 миң доллар болот.

XS
SM
MD
LG