Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Айрым абактарда ачкачылык токтой элек


Кыргызстанда айрым абактарда ачкачылык акциясы уланууда. Өкмөт абактардагы абалды иликтөө үчүн атайын комиссия түздү.

Кыргызстандагы абактарда 25-мартта ачкачылык акциясы башталган. Мындай жолго барган абактагылар бийлик алдына жети пункттан турган талап коюшканын жергиликтүү укук коргоочулар жарыялашты. Ал талаптар: "уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү" деп эле кармоону токтотуу, абактардагы коррупцияга чек коюу, шартты оңдоо, медициналык жактан жетиштүү кароого алуу жана өлүм жазасына кесилгендердин ишин кайра карап чыгуу. Булардан сырткары алар мунапыс жарыяланышын да сурап жатышат.

Бийлик башындагылар абактардагы ачкачылыкты уюшкан кылмыштуу топтордун төбөлдөрү уюштурду деген ишенимде турушат. Бирок буга карабастан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш токтотулбасы белгиленүүдө.

Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын жетечиси Шейшенбек Байзаковдун 29-марттагы билдирүүсүнө караганда, көпчүлүк абактарда камактагылар тамак жей башташты. Байзаков беш абакта гана ачкачылык кармоо уланып жатканын белгиледи:

- Азыркы убакытка карай беш эле абакта ачкачылык кармап жатышат. номур 1, 3, 8, 10, 16-колониялар. Калгандары баары тамак ичип жатышат.

Байзаков ачкачылык кармагандар ичинде каза болгондор бар деген сөздөрдү төгүнгө чыгарды.

Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, ачкачылык токтотулганы боюнча маалымат алар тарабынан текшерилип жатат. Ошондуктан ачкачылык тегиз токтой баштады дегенге азырынча эрте.

Акыйкатчынын Жалал-Абаддагы өкүлү Алима Аманова бул шаардагы абакта ачкачылык уланып жатканын айтып, бирок каза болгондор тууралуу маалыматты төгүндөдү:

- Кудай сактасын, каза болгон эч ким жок. Бүгүн эле абактын башчысы менен сүйлөштүм. Кечээ өзүм кирип чыккам. Бирок үч адам ооруу. Бирөө эпилепсия, бирөө кургак учук, бирөөнүн ашказанында жарасы күчөп, ошол үч киши да кармап жатат.

Алима Аманова ачкачылыктан алсырагандарга дарыгерлер дары-дармек берип жатканын көргөнүн кошумчалады.

Акыйкатчынын демилгеси менен абактардагы абалды иликтөө үчүн өкмөт тарабынан комиссия түзүлдү. Анын курамына өкмөт, парламент, жарандык коомдун, абактагылардын туугандарынын өкүлдөрү кире турган болду. Комиссиянын алдында турган милдет тууралуу акыйкатчы Турсунбек Акун буларды билдирди:

- Эми булар абактардагы абалдын начардыгы боюнча он чакты талап коюп жатышпайбы. Ошолордун баарын текшерет. Тамак-ашы кандай, жашаган жери кандай, кандай проблемалар бар, баңги заттарын салып коюп жатабы, камап атабы, сабап атабы - булардын бардыгы текшерилет.

Абактагылардын негизги талаптарынын бири мунапыс жарыяланышы болуп жатат.

Депутат Каныбек Иманалиевдин билдирүүсүнө караганда, мунапыс жарыялоо боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатат. Ал дүйшөмбү күнү парламент комитеттеринин кароосуна берилет.

Тасмада: Абактагылардын жакындары нааразылыкка чыкты

26-мартта Бишкектеги Жаза өтөө кызматына караштуу №1 тергөө абагында камакта отургандарын 50-60 чакты жакындары нааразылык акциясын уюштурду.

Абактагылардын жакындары нааразылыкка чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG