Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

"Акаев келет деп Кыргызстан бекер эле чуу түштү"


Аркадий Дубнов
Аркадий Дубнов

Орусиялык журналист, Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов Кыргызстандын мурдагы президенттерине байланыштуу соңку окуялар тууралуу ой бөлүштү.

"Азаттык": Жакында эле мурдагы президенттин агасы Болот Акаев каза тапты. Ага байланыштуу коомчулук Аскар Акаев Кыргызстанга келет-келбейт деп кызуу талкуулады. Экс-президент болсо келбей койду...

Дубнов: Быйыл жетимишке толгон Акаев эки күн мурда агасын жерге узатуу зыйнатына келүүгө даяр эле. Бул кадимки эле адамгерчиликке жаткан акция болмок. Ошол эле убакта ага уруксат бербей коёбуз, же Аида Салянованын Башкы прокуратурага чакырабыз деген коркутуусу бир аз орунсуз болуп калды. Эгер Салянова айым буга чейин аны суракка алууну кааласа, ушунча жылдан бери эмне кылып жүрдү? Акаев жашырынган жок. Аны менен Москвадагы кыргыз элчилиги аркылуу деле байланышууга мүмкүн эле. Менин оюмча ал баш тартмак эмес. Аскар Акаев мамлекеттик кылмышкер деп жарыяланган эмес. Андай болсо, жолу башкача болмок. Мен сыймыктанган жана Борбор Азиядагы эң демократиялуу мамлекет макамына талпынып турган Кыргызстан бул окуя боюнча мындай ызы-чуу кылбай эле койсо болмок.

Акаев Кыргызстанга барган жок. Көп кыргыздардын, интеллигенциянын, басма сөздүн дүрбөлөңгө түшүүсүн эске алганда туура кылды деп эсептейм. Мындан ары бул жөнү жок ызы-чууну ырбатып кереги жок болчу. Эгер бийлик аксакал адам бир тууган агасын жерге бергени келгенде кармап алып, сурак жүргүзүүнү туура көрсө, демек режимдин цивилизациялуулугунун жана өлкөнүн социалдык-экономикалык абалынын деңгээли ошондой. Бул деген Кыргызстанда баары жакшы эмес дегенди билдирет.

"Азаттык": Демек, сиз Аскар Акаевдин Кыргызстанга келишинен эч бир өөн нерсе көргөн жоксуз?

Дубнов: Мен дагы бир жолу кайталайм, эгер Башкы прокуратура өз билдирүүсү менен бул окуяга кийлигишип жибербесе, баары тынч эле болмок. Кыргыздар бардык кайгыларын жетимиш жаштагы аксакалга шылтап, ага баарын үйүп коймок эмес деп ойлойм. Ал бийликтен кеткенине тогуз жыл болду. Бакиевден айырмаланып, ал карапайым адамдарды атууга, күч колдонуп ар кандай акцияларды өткөрүүгө, оппозицияны куугунтуктоого буйрук берген эмес. Акаев жөн эле кетип калган.

"Азаттык": Беларус президенти Курманбек Бакиевге “Эл достугу” орденин ыйгарды. Буга кандай карайсыз?

Дубнов: Бакиев боюнча айтаарга сөз деле жок. Аны Акаев менен салыштыруу кыйын, анткени ал чыныгы кылмышкер деп ойлойм. Курманбектин иниси андан ашкан, колу канга малынган кылмышкер. Ал эми анын орден менен сыйланышын биринчи жолу сизден угуп жатам. Бул деген Минсктин Бишкекке Бакиевдин экстрадициясы жөнүндө унуткула деген ишараты. “Анткени биринчиден, ал беларус жараны, экинчиден, орден ээси, ошондуктан мен силердин дооматыңарды угуп да койбойм”,- дегени. Бул КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги өнөктөштөрдүн, ал тургай келечектеги Евразиялык же Бажы биримдиги боюнча өнөктөштөрдүн мамилесин көрсөтүп турат.

XS
SM
MD
LG