Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:32

Москвада Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине кирүүсүнүн шарттарын караган соңку документтерге кол коюлду. Бирок өлкө үчүн Биримдиктин эрежелери келишимдер ратификацияланып, чек ара ачылгандан кийин гана иштей баштайт.

Орусия, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Армениянын президенттери Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине биротоло кирүүсүнүн шарттарын караган соңку документтерге Москвада 8-майда кол коюшту.

Саммитте сүйлөп жатып, “артка жол жок, мен өзүм үчүн бир топ мезгил мурда эле чечим кабыл алгам”, - деген президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу үчүн бардык зарыл талаптар аткарылганын белгиледи:

- Кыргызстан былтыр декабрдагы кездешүүдөн кийин макулдашууга ылайык Евразия экономикалык союзуна толук укуктуу мүчө болуп кирүүгө зарыл болгон бардык иш чараларды жүргүздү.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгүн башкалардан озунуп жарыялап, “тактоону талап кылган бардык суроолор чечилди. Бүгүн биз кыргыз тарапты биздин союзга толук мүчө катары кабыл алчу документке кол коюп жатабыз. Мен муну менен Кыргызстанды куттуктайм», - деп белгилеп өттү.

Беларус президенти Александр Лукашенко төртилик топ беш өлкөнүн биримдигине айланганга чейин жарым жылга жетпеген убакыт талап кылынганына токтолду.

“Экономикалык кризис кандайдыр бир мааниде бизди ыкчамдатты, бул багытта жылууну дагы улантабыз”,- деди беларус лидери.

Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов Москвадагы саммит аяктагандан кийин кабарчылар менен маегинде Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу боюнча Орусия борборундагы соңку сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын жана кол коюлган документтердин маанисин мындайча чечмеледи:

- Чынында бүгүн [8-май] сүйлөшүүлөр акыркы мүнөттөргө чейин жүрдү. Тараптар баарын канааттандырган мунаса табуу үчүн абдан тыгыз иштешти. Жыйынтыгында биз буга жетише алдык. Кол коюлган эки протокол биздин ЕАЭБге кошулуу боюнча келишимибиздин ажырагыс бөлүгү. Муну менен сүйлөшүүлөр иш жүзүндө аяктады жана эми ратификация жараяны калды. Келишим протоколдор эми беш өлкө тарабынан ратификацияланган соң күчүнө кирет.

Кыргызстан менен ЕАЭБнин калган мүчөлөрү ортосунда Москвада кол коюлчу акыркы эки протокол боюнча пикир келишпестиктер бардыгы өткөн аптада ачыкталган.

Москвадагы саммит, 8-май, 2015-жыл

Москвадагы саммит, 8-май, 2015-жыл

Экономика министри Олег Панкратов бул эки маселе тең Кыргызстандын пайдасына чечилгенин ырастайт:

- Келишимге тиркеме болгон протоколдор бир топ. Сөз ошол протоколдордун биринин эки 45-59-пункттары жөнүндө жүрүп жаткан. Бул эки пункттан башка да 73 пункт бар. Калган көптөгөн позициялар боюнча биз тараптардын баары үчүн ылайыктуу чечимдерди мурда эле тапканбыз. Аягына чыгарууну талап кылган эки гана маселе калган. Эми Кытай менен келишимдердин негизинде келүүчү жабдуулар боюнча маселе толук чечилди. Эч кандай проблема болбойт. Бул биздин экономикабыз үчүн маанилүү экенин баары түшүнүп, президенттер колдоду. Фито-санитардык чаралар боюнча да аудиттен эки сыйра өтүүнүн зарылдыгы жок деп табылды. Чек аралардагы көзөмөлдү алуу үчүн азыр көрүлүп жаткан чаралар аяктагандан кийин эки: чек арадан көзөмөлдү алуу жана биздин системаны (фито-санитардык) таануу жөнүндө чечим кабыл алынат. Бул биздин ветеринардык көзөмөлөгө алынуучу айыл-чарба товарларыбызды тышкы базарга оңой-олтоң чыгаруу үчүн зарыл эле.

Панкратовдун айтымында, Кыргызстан талап кылынган фито-санитардык чараларды аткарууну 80% аяктап калды.

Кыргыз-казак чек арасынан бажы бекеттери менен кошо фито-санитардык жана ветеринардык көзөмөлдү алууга кыргыз тараптын даярдыгы боюнча оң жыйынтык чыгарылышы керек.

Кыргыз-казак чек арасынан бажы бекеттерин жоюу үчүн Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү боюнча бардык документтер уюмга мүчө беш өлкөнүн парламенттери тарабынан ратификациялануусу зарыл.

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегия башчысы Виктор Христенко белгилегендей, Орусия парламенти аларды жазгы сессиясынын алкагында ратификациялайт деген үмүт бар.

Христенко ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн лидерлери “ратификациялык процедураларды создуктурбоо” боюнча каалоолорун билдиришкенин кошумчалады.

Кыргызстан Евразия экономикалык союзуна кирүү үчүн башкы келишимге 2014-жылдын декабрында кол койгон. Мурдагы Бажы союзунун негизинде быйыл январдан тарта иштей баштаган Евразия экономикалык биримдигинин бешинчи өлкөсү болуп калды.

Кыргызстанда калктын канчасы Орусия, Беларус, Казакстан, Армения мүчө ЕАЭБге кирүүнү колдой турганы, канчасы каршы экени тууралуу так маалымат жок. Ишенимдүү социалогиялык сурамжылоор жүргүзүлгөн эмес.

Калк ичинде, ишкерлер арасында үмүт менен катар кооптонуу да бар. Талдоочулар ЕАЭБге киргенден кийинки алгачкы айлар, а балким алгачкы жылдар инфляция менен коштолорун эскертишет.

Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү бул бирикмедеги башкы өлкө - Орусиянын экономикасы Батыштын украин кризисине байланышкан санкцияларынан жана мунайдын баасы арзандап, кризиске кабылган учурга туш келди.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG