Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:52

Жергеталдык улакчы, жамакчы, кошокчу жана бизнесмен, 75 жаштагы Алдакул аксакал менен сүрөттүү маекти сунуш этебиз.

Алдакулдун атасы атактуу улакчы болгон экен. Улак тартып жүрүп, уулу 11 жашка чыкканда сууга чөгүп кетет. Алдакул жетим өсүп, турмуштун каатчылыгын көп тартат. Энеси менен Ферганада жан сактап, ар кимдин коюн багып чоңоет. Байбичеси Ташкемпир экөө азыр Жерге-Талдын чыгышындагы Сары-Кенже деген айылда турушат. Тогуз уул-кызы бар, «небере-чөбөрө 50-60тан көп, эсебин да таппай калдым» дейт өзү. 75 жашка чыкса да кайраттуу, уул, неберелери менен терек отургузуп сатат. Тамашакөй, Жерге-Талда музей ачкан өзүнө теңтуш Хамид Бороновдон тартып, азыр качып жүргөн чоңалайлык Алмахмат байды мактап ырдап, Ош окуяларында «бул кыргыз чокол, урушчаак экенбиз» деп кабыргасы кайышкан экен.

Маекти бул жерден угуңуз:

Алдакул Тайыров: Биз тажиктердин арасындагы кыргыздарбыз, жашоо - шартымды өзүң көрүп тургандай, өз колум менен ар нерселерди өстүрүп, ушул жерде жашаймын. Картошка, алма-өрүк, теректерди өстүрөмүн. Уулдарым, неберелерим жардам берет. Неберелеримдин эсебин таба албайм, элүү-алтымышка жакын, чөбөрөлөрүм да бар. Мен Сары-Кенже айылында жайлоодо, Кара-Суу деген жерде 1941-жылы фронт (согуш) жылдары төрөлгөм. Ушул жерде чоңоюп, он бир жашымда атам өлүп, кийин Ферганада кой багып жүрүп чоңойдум. Жыйырма бир жашымда кайра кайтып келип, ал убакта мына бул байбичем кыз кези эле, баш кошуп жашап калдык. Алты уул, беш кызым бар. Кемпиримдин аты Сангин, кыргызчасы Ташкемпир. Ата-энеси перзент көрбөй жүрүп, анан перзенттүү болушкан экен. Кемпир болсун, көпкө жашасын деген ой менен атын Ташкемпир коюшат.

Алды менен, эл оозунда калган кептен сөз кылайын. Биздин Кара-Кенже деген жерибизде Абрахман Чач-кеп деген киши өткөн. Чач-кеп деген бул кыргыздын кийими болгон. Мурунку убактарда аял кишилер - байбичелер, энелер, келиндер кийген. Бир сөз менен айтканда, ал кишиге ошол аял кишилер кийген чач-кепти кийгизип койгондугу үчүн Абдрахман Чач-кеп деп лакап болуп элдин эсинде калган.

Абдрахман Али датка деген кишинин небереси болгон, ал киши Кокон хандыгынан даткалык наам алган экен. Абдрахман өмүр бою перзенти жок өтөт. Ал киши менден болжол менен 90-100 жаш жогору улук (улуу) киши болгон. Өзү катта (чоң) чабан, канча жылдан бери ат минип, кой кайтарып жүрө берген, ырдоо өнөрүн өрчүткөн эмес.

Ошол киши минтип жазган экен:

Перзентимдин жоктугу,

Молдо менин шоктугум.

Чач-кеп деген наам алдым,

Абдумомун күндүлүк,

Коноктуу үйгө кош коном,

Доо кылбас эрге дос болом.

Алты күндөп ырдасам,

А да болбос аягы,

Аалы датка небереси,

Абрахман мен болом.

Өзүм Бостон уулумун,

Бир кудайдын кулумун.

Жазайын деп кагаз тапсам, калем таппайм,

Андижандын Аксысынан ата-бабам...

Бул кишинин ырлары узун ырлар китебимде жазылуу.

Алдакул аксакал байбичеси Ташкемпир, небереси менен

Алдакул аксакал байбичеси Ташкемпир, небереси менен

Жаңыл Жусупжан: Сизди ушул жактын ырчысы дешти. Кандай ырларды ырдайсыз? Ошолордон бизге бир шиңгил таштап койсоңуз?

Алдакул Тайыров: Күндөрдүн биринде Жайылган айылында жүрсөм, бир агай:

- Сен бир ашыктык ырын ырдабайсыңбы? - деп калды.

- Мен ашыктык ырын ырдайын десем картайып калыптырмын, - десем,

- Картайсаң деле жетимиш, сексен, токсон жаштагы кишиге мүмкүн, ырдай бер, - деп кыстап калды.

Күндөрдүн биринде бир иним менен базарга кой алайын деп барып, койду алып, бир ашкананын бурчуна байлап, ал жерде иштеген бир келинге:

- Ай, айланайын карындашым, бул койду карап тургун! - десем, ал келин:

- Койду ал жерден алып, мына бул жерге байлаңыз! - деди. Анан мен койду которуп байлап:

- Карап көз салып тур, жоголуп кетпесин, мени тааныйсың ээ десем:

- Ээ байке, сизди тааныбаган киши барбы?! - деди.

- Сен кимсиң? - деп сурасам, Жайылгандагы Каландардын келини, Ысмайылдын кызы экен. Ашканага шеригимди издеп артынан кирип барсам, мен айтып өткөн агайым шеригимдин жездеси болот, экөө сүйлөшүп турган экен, мени ырда деп калды.

Жакшы дешет эзели,

Жайылгандын элини.

Таттуу кылат тамакты,

Каландардын келини.

Тапкан экен Каландар,

Токтор жандын теңини.

Бир кыз дешет бир ашы,

Ширин дешет гүл ашы.

Кофесини айтпаңар,

Көп кошот дейт кантыны,

Маза кылат жегендер.

Майлуу дешип мантысы,

Желип-жортуп жүргөнүң.

Жерде тору кашкача,

Той-тамаша күндөрү.

Торт кыласың башкача... деп эле көп ырдап койдум.

Жаңыл Жусупжан: Кошуп ырдап кое берет турбайсызбы, сиз менен сүйлөшкөндө сак болуш керек экен да?!

Алдакул Тайыров: Туура келсе ырдап кое берем.

Жаңыл Жусупжан: Кимди дагы кантип тамаша кылдыңыз?

Алдакул Тайыров: Башка көп деле тамаша кыла бербедим.

Алдакул аксакал ырларын жердешине көрсөтүп жатат

Алдакул аксакал ырларын жердешине көрсөтүп жатат

Жаңыл Жусупжан: Кандай ырларды ырдайсыз? Үн кошуп ырдайсызбы же кара сөз менен ырдайсызбы?

Алдакул Тайыров: Өзүм жазган ырларым бар, аларды ырдадым, кишилер өлгөндө аларды айтып ырдадым. Мөкө айылыбызда Айдараалы деген ырчы бар эле, кыргыздардын баш көтөргөн кишилери дүйнөдөн өткөндө, ошолорду кошуп жазып, дептерге жазып, кыргыз айылдарга келип ырдап калчу. Күндөрдүн биринде Разык ака деген балбан киши дүйнөдөн өткөндө Айдар айылыбызга келбей калды. Анан Айдар ырдабаса, мен ырдап коеюн деп аксакалдарга ырдап бердим эле. Ошондон бир аз ырдап берейин.

Ээй, көңүл айтам Ысмайыл,

Көп ойлонуп кайгырбаң.

Айланып келээр күндө жок,

Ак жолборс кетти айлыңдан.

Тууганың жөнөп акырет,

Туман каптап айланаң.

Энең төрөп жаңыдан,

Разык келбейт кайрадан.

Узун бойлуу кең далы,

Көргөндүн көзү тойгондой.

Кудайым сүйгөн пенде элең,

Кол менен жасап койгондой.

Жекеге чыкчың буйдалбай,

Душманга болчуң туугандай.

Колтуктан алган душманга,

Коргошун элең куйгандай... деп өтө көп ырдадым, азыр таба албай калдым.

Өзүм ырчы экениме деле көңүл бурбай ат чаап, кой багып жүрө бериптирмин.

Жаңыл Жусупжан: Ат чаап жүргөн ырлардан ырдаңыз анда.

Алдакул Тайыров: Разык аканы өтө көп ырдадым эле ошондон:

Көңүл айтам көбүңө,

Көңүл бур айткан сөзүмө.

Разык балбан өтүптүр,

Ыраазы журтум өзүңө.

Канышаң кийген караңа,

Көңүл айтам балаңа.

Алланы алдың диниңе,

Кыйылдың ажы иниңе.

Көз чаптырдың калкыңа,

Насыят айттың балаңа.

Сен мени кылдың кайыр кош,

Оронгон кепин шайыңыз,

Кут болсун барган жайыңыз... деп абдан күчтүү ырдагам, азыр көбү эсиме келбей жатат.

Алдакул улакчынын кол жазмасы

Алдакул улакчынын кол жазмасы

Алдакул Таиров: Дагы айтсам, уккандырсың! Чоң Алайда Альмахмад деген киши бар эле, ал киши болуп өткөн козголоңдо (2010-жылдагы Ош окуяларынан кийин) башка жакка качып кетти. Ошол Альмахмад илгерки Манастын убагында берилген тойлорго окшотуп, атасына аш берген, ал ашка он алты миң киши келген. Болжол менен төрт-беш жыл мурун. Мен ошол тойдо болдум, бирок ырдайын десем мага кезек тийген жок. Ошондон бир аз ырдап коеюн.

Ээй, чокусу бийик Ала-Тоо,

Чоң Алай сиздин жериңиз.

Элге минтип аш берген,

Эзели кыргыз элибиз.

Ата уулу Альмахмад

Жүз жашка чыгың ылайым.

Ырыскыңды ашырып,

Көбөйтө берсин кудайым.

Үйүлсүн иним үрөнүң,

Жети күн дешти сүрөөнүң.

Азия элин айттырдың,

Экөөбү иним жүрөгүң.

Айта берсем узартып,

А да болбойт жомогуң.

Алтымыш өргөө тигилип,

Сыйкырып курсаң коногуң.

Өнүп-өсүп көгөргүн.

Көптөн алган батаңа,

Алтындан айтуу сөз калды.

Сени тапкан атаңа,

Тойду баштап калыпсың.

Келип калып чемеңе,

Келгендер рахмат айтышты.

Сени тууган энеңе.

Байгенин алган башыны,

Балбандар курсант тоюңа.

Баракелде баатырым,

Бакайдан ашкан оюңа.

Токтотуп башка акылың,

Той башкарсын жакының.

Арак кор ичип куспасын,

Акылсыз тойду бузбасын.

Аламан сүйлөп аксымдар,

Ажытпасын ээсин.

Сый көргөнү келгендер,

Сыйласын тойдун ээсин.

Байгеге мөөрөй сайылсын,

Кунандан баштап кулжасар.

Күлүктөр чубуп күтүрөп,

Күнчүлүк жолго чабылсын...

Жаңыл Жусупжан: Катуу мактаптырсыз го.

Алдакул Тайыров: Анда аркысы бул:

Турулук сөздү башчы айтсын,

Уруу-уруу келгендер.

Улуу-кичүү дебестен,

Урматың менен эл кайтсын,

Балбандар чарчап алышсын,

Өнөрлүү жигит өлбөсүн.

Жамандык эч ким көрбөсүн,

Сынчылар жылкы сындасын.

Ырчылар топ-топ ырдасын,

Кылымдардан кылымга,

Кымыз ичип кыйкырып,

Кыргызым ойноп жыргасын... деп бир жерге токтодум.

Ошол кишиге арнаган ырларыман, бирок башкасын ырдап берейин.

Келтирбегиле эч нерсени оюңарга,

Келип калдым жакшылык жак тоюңарга.

Эсен-аман оюн өтсүн,

Эл аралай эртең кайтам.

Алыс-жакын келгендериң,

Ак ниеттен айылыңа конок болсун,

Альмахмад бай берген тоюң,

Канча жылга калган элге жомок болсун.

Берген жерге белек менен элдер келген,

Мындай тойду кыргыз жерге кудай берген.

Баатыр уулу балбан чыксын,

Бактылуунун аты чыксын.

Канча оюн түрлөрүнү,

Келбегендер келгендерден сурап уксун.

Аманчылык токчулукту айылыңа Алла берсин,

Өкүм сүрүп өкүмөтүң күчкө келсин.

Дүнүйөдө даңкы чыккан кыргыз десин,

Жараткандан тилегеним кыргызыма ырыс берсин,

Жараткандан тилегим - бул оо жаштарыма өмүр берсин... деп бир жерге токтодум.

Жаңыл Жусупжан: Ал киши азыр кайсы жакта?

Алдакул Тайыров: Азыр башка бир мамлекетте дешет. Чоңалайлык Альмахмад деген жигит.

Жаңыл Жусупжан: Эмнеге качыптыр?

Алдакул Тайыров: Ким билет! Эмне болуп качканын биз деле билбейбиз, Бакиевдерге кошулуп калган го. Биз эми кыргыз чоң той берет десе кубанып барып, ырдадык да.

Жерге-Талдык кыргыздарды чакырды, бардык. Он алты миң кишинин он беш миңи Кыргызстандан болсо, калган миңи башка жактагы кыргыздар болду.

Алдакул аксакалдын жаш кези

Алдакул аксакалдын жаш кези

Жаңыл Жусупжан: Кыргызстанга канча жолу бардыңыз?

Алдакул Тайыров: Кыргызстанга иштер чыкса барып-келип турабыз. Бул жактагы кыргыздардын жарымынан көбү Кыргызстанга кетип калышты.

Жаңыл Жусупжан: Ошол туура болуп жатат деп ойлойсузбу?

Алдакул Тайыров: Бир жагынан туура болуп атат жана туура болбой деле жатат. Мажбур да туурабы!

Жаңыл Жусупжан: Аларды кубалап жатышабы?

Алдакул Тайыров: Жок кубалабайт. Дүнүйө ушундай экен, кыргыздар жер которуп кете беришет турбайбы.

Жаңыл Жусупжан: Кубалагандар деле бар деп угуп жатабыз го.

Алдакул Тайыров: Жок, кубалаган деген жалган. Бул жакта согуш болду, согуш болгондон кийин нан таап жеш кыйын болду.

Жаңыл Жусупжан: Өлтүрүп койгондор, өрттөп койгондор болду деп айтып жатышат. Элдин баары эле Кыргызстанга кетебиз дейт. Сиз дагы ошондой ойдосузбу?

Алдакул Тайыров: Мен деле көп ойлондум. Согуш убагында көп кыйынчылыктарды көрдүк. Кыргыз чокол (урушчаак) эл экенбиз.

Жаңыл Жусупжан: Жерге-Талда тынч эле жашап жатыптырсыңар, кыргыздын баары эле чокол болбосо керек да!

Алдакул Тайыров: Кыргыз чокол келет экенбиз, аз гана байысак тентип кетет экенбиз, бир жерге тура албай көчөт экенбиз. Болбосо мына тарыхчылардын айтуусу боюнча, биздин ушул жерге келгенибизге алды төрт жүз жылга жетип баратат. Сизди мингизип жүргөндөр Чегитик деген уруу болот, булар үч жүз жетимиш жыл мурун Сөгөт деген айылга келип калышкан. Кыргыздар согуштун айынан ушундай сонун жерден кетип калышты. Мен да кетип калсам деп көп аракет кылдым, бирок байбичем көнбөдү.

Алдакул аксакал терек өстүрүп сатат

Алдакул аксакал терек өстүрүп сатат

Жаңыл Жусупжан: Бул жерлер тоонун этегиндеги сонун жерлер экен. Бактарды өзүңүз отургуздуңузбу?

Алдакул Тайыров: Өзүм отургузганмын. Теректерди беш жылдан кийин ар бирин жүз доллардан сатам.

Жаңыл Жусупжан: Миллионер болосуз го.

Алдакул Тайыров: Чоң Алайда бир досум бар, Кыргызстанга, Чоң Алайга барсам мага ушундай жерди береби?

Жаңыл Жусупжан: Кыргыздар жердин баарын бөлүп алышты деп угуп жатабыз, жайлоодон бери, Көлдүн жээгин, токой баарын бөлүп алып, эми абаны кантип бөлүп, сатабыз деп чатакташып, урушуп жатабыз.

Алдакул Тайыров: Тажиктер гектар-гектар жерлерди мага берип койгон. Ата-бабам бул жерде жашап өткөн, эч ким бул жерди бизден алалбайт го!

Алдакул Тайыров: Өзүңдү көрүп сүйүнүп кеттим, коондум (кубандым).

Жаңыл Жусупжан: Эмомали Рахмон келет экен, ага арнап ыр чыгарып жатыптырсыз. Ал кандай ыр болду?

Алдакул Тайыров:

Конуш кылып Лакшыны,

Кудай бизге берген жер.

Ырыскыңар ыңкысын,

Чор-Гүл көчүп келгендер.

Тамак жесек табакташ,

Таалим алсак сабакташ.

Тажик-кыргыз аралаш,

Тага-жээн тууган биз.

Бирибизге бирибиз,

Ок өтпөгөн калкан биз.

Он кабаттап өрүлгөн

Үзүлбөгөн аркан биз.

Калың элет калбастан,

Чор-Гүл келип тойдо биз,

Эмомали эл башым,

Сизди күтүп жолдо биз,

Эл агасы эч тартып,

Кош келипсиз жол болду.

Коргондорго эл толуп,

Чор-Гүл жаңы шаар болду.

Эмомали, эл башым,

Элдин камын ойлогон.

Канча кылым жыл өтүп,

Сиздей адыл аз болгон, - деп арнап жаздым.

Жаңыл Жусупжан: Жакшы ыр болуптур. Мурда болгондо Ленинге арнамак экенсиз.

Алдакул Тайыров: Сүйлөмөкмүн ошол кишиге да! Чоңдордон Эмомалини эле ырга коштум. Башкаларды мактаган жокмун.

Жаңыл Жусупжан: Дагы кимдерге арнап ырдадыңыз?

Алдакул Тайыров: Сарталачы Разык акага арнап жазган, Тойчубай Курман уулу өлгөндө аны жоктоп ырдаган ырым бар. Жайылган айылынан Найманбай Эшанкул уулу деген бир кедей киши болгон, ошого арнап ырдап койдум. Мен өлгөндө кызым ырдасын деди, бирок кызына тапшырбай, өзүм ырдап койдум. Алып барып, музейге бердим. Каршы кыштакта Зыявидин деген мерген мени ырда деди, анан ошондо минтип ырдадым:

Той тамаша күндөрү,

Токто десең турбайын.

Толубайдай Зыявидин,

Тулпар атты тааныган.

Сынчылыгың айтайын,

Айт, айт десең турбайын.

Ары басып келгенге,

Атамтайдай Зыявидин,

Аш бергениң айтайын.

Ата уулу Зыявидин,

Мергендигиң айтайын.

Аркар-кулжа, текесин,

Тергениңди айтайын.

Мал кетирип, дос топтоп,

Жыйнаганың айтайын.

Дос-кудаңды жаныңдай,

Сыйлаганың айтайын.

Жалама зоодо жалаңдай,

Жүргөнүңдү айтайын.

Доору келип өткөрүп,

Көргөнүңдү айтайын.

Базар күндөр аралап,

Базардагы малдардын,

Баасын сурап, көңүл бөлүп,

Балдар шаар үйүңдө,

Алганың менен тең карып,

Балдарыңдын күнүн көр... деп кете берет. Бул өтө көп узун ыр, ушинтип кете берет. Көп түрдүү, башка-башка.

Алдакул аксакалдын неберелери

Алдакул аксакалдын неберелери

Жаңыл Жусупжан: Сиз жазып коюп, анан жаттайсызбы же айтып туруп анан жазып коесузбу?

Алдакул Тайыров: Айтып, айтып, анан жазып кое берем, болбосо жоготуп жиберем.

“Киргенде музей түшүңө”

Бул ыр болсо Хамид (Боронов) агайыңа арнагам. (Жайылган айылындагы музейди негиздеген тарыхчы, ардагер агартуучу):

Алдакул Тайыров:

Калчасы өзүң калкымдын,

Кадырман агай алтыным.

Кудай берген билимиң,

Короодон озгон күлүгүм.

Калчы сөздү ойлосоң,

Кадалат тең көңүлгө.

Кудай берген Абдихамид,

Курсан өткүн өмүрдө.

Жыйнадың эски калкыңа,

Жетээр жаштар баркыңа.

Абдихамид, сенин келечек,

Жыйганың нуска артыңа.

Балбан десем элдесиз,

Бир кудайга пендесиз.

Сайра булбул жеримде,

Эсен жүргүн элимде.

Музейиңе бурулуп,

Көрүндүк берип көрүшкө,

Каржы жок белде курубуз.

Таалайлуу балбан Абдихамид

Тартуу сизге ырыбыз.

Кубанып минтип ырдадым.

Куру кол кедей өзүбүз

Түшүнгөнгө Абдихамид

Төрдөн да кымбат сөзүбүз... деп бир жерге токтодум. Жакшы жазылыптырбы?

Жаңыл Жусупжан: Сонун!

Алдакул Тайыров: Мунун баарын ырдап отура берсем убакыт жетпейт го.

Жаңыл Жусупжан: Башкаларга арнаган ырларыңыз, дагы башкача ырларыңыз болсо ошолордон ырдаңыз.

Алдакул Тайыров: Бул Сук Молдо деген ыр.

Жаңыл Жусупжан: Кайсы молдого арнагансыз?

Алдакул Тайыров: Молдолордун бардыгы эле сук болот экен.

Жаңыл Жусупжан: Азыр деле ошондойбу?

Алдакул Тайыров: Азыр деле ошондой болбой анан... Молдо деген өзү падышадан бери башын айландырган киши болот. Молдо кыштактагы бригадир, раис жана башкалардын бардыгынын башын айландырат. Бул заман санжырада ушундай келген.

Жаңыл Жусупжан: Анан ошону ырга салдыңызбы?

Алдакул Тайыров: Өзүмчө ырдап койдум.

Жаңыл Жусупжан: Өзүңүз уялып жатасызбы?

Алдакул Тайыров: Молдолорду ырдаш болбойт, кокустан айылдагылар ырдап калса, мага айып.

Жаңыл Жусупжан: Эмнеге айып, айыбы жок адам болсо, анын айыбы жок.

Алдакул Тайыров:

Ээй, атаңар айтпас насаатты,

Акындар айтып токтолот.

Айыгышсаң ага-иним,

Аз гана кыргыз жок болот.

Кежирлер келиң токтойлу,

Ачууну элим соттойлу,

Жаман ойду чемеңер,

Ыйлабасын энелер.

Өлүмгө тартып тууганды,

Ашыкча мына катаңар.

Тополоң салбай токтойлу,

Курсан жүрсүн аталар.

Кагылайын кыргызым,

Кас болуп өткөн калмактар.

Кагылышсаң ага-иним,

Ыраазы болбос арбактар.

Хандар өткөн канчалар,

Кимдер көрдү пайдасын.

Акылмандар эбин таап,

Тынчытыштын айласын.

Жардамы жок болсо хан,

Хандыгыңдан кимге таң.

Тынч болбосоң кыргыз эл,

Ага таандык селдей хан.

Алдыңкыдай Акай жок,

Насаат айтаар Бакай жок.

Аламанга калыппыз,

Баштагыдай Манас жок.

Колтук ачмак Кошой жок,

Копол кыргыз кор болот.

Ата-энеден ажырап,

Бала-чака зар болот... деп кичине ырдап койгом, бирок ошол убакта кыргызыма бере албай калдым.

Алдакул Тайыров: Кыргыздардын тополоңунда.

Жаңыл Жусупжан: 2010-жылы болгон Оштогу тополоңдобу?

Алдакул Тайыров: Ооба, Бакиев качкандагы согуштарда.

Жаңыл Жусупжан: Кайгырдыңызбы?

Алдакул Тайыров: Кайгырдым, кыргыздарга барып, ошол жерде ырдап берейин деп, анан бирөө-жарымы сен кандай кыргызсың деп айтабы деп чочуп, бул дептериме жазып койдум.

Жаңыл Жусупжан: Кыргыздар тополоңду кичине көбүрөөк салып койду деп кайгырдыңызбы?

Алдакул Тайыров: Ырымдын мааниси ошого барып такалат. Мени энем чоңойтту, ал киши өтө кыйын, акылдуу киши эле. Энем картайганда “Балам мен 37 жашымда күйөөдөн жаш калып, силерди жалгыз чоңойтом деп сени окута албай, сабаты жок кылып койдум, чоң агаларыңа таштап күйөөгө тийип кете бергенимде, алар сени окутуп, билимдүү киши болмок экенсиң",- деп айтып калчу. Бирок билимдүү болбогонум жакшы болуптур, Хамид агайым “Сен билимдүү болгондо согушта өлтүрүп коюшмак”,- деп айтып калаар эле.

Жаңыл Жусупжан: Тажик согушунда аман калган турбайсызбы.

Алдакул Тайыров: (Күлүп) Билимдүү болгонуңда тажик согушунда өлүп жок болмоксуң деп калчу. Кичине кызыктуу сөздөрдөн сүйлөп коеюн да!

АЯГЫ

Алдакул аксакалдын байбичеси сайган сайма

Алдакул аксакалдын байбичеси сайган сайма

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG