Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:23

Журтташтар жардам берет


16-январда учак кыйраган кырсыкта каза тапкандардын тизмеси жазылган барак
16-январда учак кыйраган кырсыкта каза тапкандардын тизмеси жазылган барак

Четтеги кыргызстандыктар жардам берүү акцияларын уюштурууда. “Манас” аба майданынын жанындагы учак кырсыгынан каза тапкандардын саны 38ге жетти.

Кубат Кубаналиев, Огайо штаты, АКШ

Америкадагы журтташтар мерт кеткендердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, бул жакта биз дагы кайдыгер болуп жатпай жабыркагандарга акчалай жардам берели деп жатабыз.

Учурда Огайо, Пенсилвания, Нью-Йорк штаттарында, Чикаго шаарында акча топтоо жүрүп жатат. Тиешелүү сумма чогулган соң дароо которобуз. Азыр жардамды “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук уюмуна которуп, ошолор аркылуу жабыркагандарга жеткирсекпи деп ич-ара кеңешип жатабыз. Буга чейин да ушул уюм аркылуу колубуздан келген жардамды муктаж болгон мекендештерге которуп турчубуз. Алар видео, фото аркылуу каражат эмнеге коротулганын так маалымдап турушат.

Жанара Миг, Дубай шаары, Бириккен Араб Эмираттары

Үрөй учурган кабарды уккандан кийин 24 сааттын ичинде 2000 доллар жыйнадык. 10 миң доллар жыйнайлы деп көздөп турабыз.

"Четтеги кыргызстандыктар" тобу жана "Жардам берүү оңой" деген кордун көмөгү менен каражат топтоо уюштурулууда. Бул иште четте калбай жардам берип жаткан бардык кыргызстандыктарга, мындай демилгени көтөрүп, каражат чогултуп жаткан жалпы мекендештерге ыраазычылык.

Улан Кошматов, Москва шаары, Орусия

Москвадагы кыргыз диаспорасынын жаштар канатынын атынан Эмил Жайчиев деген агабызга таандык эсеп кечээ ачылды.

Москвадагылар үч-төрт банктык эсеп ачышты, Фейсбук жана башка социалдык сайттарда топтор түзүлдү. Ар бир топ колдон келишинче ар тараптуу жардам берүүнүн үстүндө аракеттенип жатышат. Мекендештер акчалай жардамын ошол жакка жөнөтүүдө. Кийим-кече жана башка керектүү нерселерди эки жерде атайын пункт ачып, топтоп жатабыз.

Баарынан мурун оор жоготууларга дуушар болгондорго акчалай жардам берсекпи деп, ошону тезирээк топтоп жиберүүнү чечтик. Орусияда иштеп жүрүп Бишкектеги кырсыкта үй-бүлөсүн жоготкон мекендешибиз менен байланыша элекпиз. Кечээ жыйында чогулган жардамды кантип Кыргызстанга жөнөтсөк деген суроону талкууладык. Ушул аптада кырсыкта шейит кеткен туугандарыбыздын арбагына куран окутуп, түлөө кылсакпы деген да планыбыз бар.

Жылдыз Осмонова, Москва шаары, Орусия

16-январда авиакырсык болду деген кабар тарагандан кийн эле картага жардам түшө баштады.

Кечээ жарыялангандан бери 31 миң рубль акча чогулду, ушул тапта да түшүп жатат. Казакстандагы мекендештер дагы чыгып, киви-капчык аркылуу кантип акча которобуз деп сурап жатышат. Жаңы эле Абай деген мекендешибиз 5000 теңге которуптур. Эсепке акча которуу дагы эки-үч күн уланат. Элден чогулган жардамды багыттуу бөлүштүрүүгө аракет кылабыз. Кырсыкта жабыркагандар толук аныкталгандан кийин кимге, кандай бөлүштүрүүнү чечебиз.

Назгүл Тулебаева, Болонья шаары, Италия

​Италияда кыргыздар арбын жана ынтымактуу. Кечээтен баштап эле эжелерибиз Миргүл Өмүралиева, Гүлсана Сарногоеванын демилгеси менен акча чогулта баштадык. ​

Ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө жараша колунан келген суммадагы акчаны жыйнай баштады. Италиянын бардык тарабында активисттерибиз бар, алар өздөрү жашаган жердеги кыргыздарга айтып, социалдык тармактарга жазып, акча жыйнай баштады. Кийин мен укпай калыптырмын дегендер болбошу үчүн интернетке жарыялап атышат. Азырынча акчаны чогултуп атабыз, анан кандай жол менен, кимге беришти чогуу чечебиз. Мен өз оюмду айтсам, Кыргызстанга бараткан бирөө аркылуу көңул айткан катыбызды жазып, топтолгон акчаны берип жиберсек. Анан ал киши кырсыкта жабыркаган адамдардын өз колдоруна алып барса деген туура болчудай.

Инаш Азим, Стамбул, Түркия

Түркиядагы досторум, мамилелеш адамдар акча чогултуп берүүнү чечтик. ​

Мен өзүмдүн жеке банк эсебимди берип, кечээ эле баштадык. Азырынча канча сумма болгонун текшере элекмин. Бир жума каражат топтосок, анан Кыргызстанга берип жиберебиз.

Нурсултан Алтыбаев, Сеул шаары, Түштүк Корея

“Кырсык каш-кабактын ортосунда” дейт эмеспи. Болгон окуя жабырлануучуларга эле эмес, бүткүл элге келген кырсык деп билдик. ​

Анткени баарыбыздын жүрөгүбүз ыйлап отурат. Бүгүн Түштүк Кореяда окуп, иштеген мекендештер жардам көрсөтүү үчүн каражат чогултуу акциясын баштады. 25-январга чейин акча жыйнап, анан Кыргызстанга салабыз. 25-январга чейин улантабыз. Чогулган акчаны кандай тартипте кимдерге беребиз аны уюштуруучулар сүйлөшүп чечебиз.

Камит Савай, Сиэтл шаары, АКШ

Кечээ Кыргызстанда авиакырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү үчүн эсеп ачып, жардам чогулталы деп атабыз.

Америкадагы кыргыздарга, тааныш-досторума айтып мекендештерибизге кыйын учурда жардам берели деп жатабыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG