Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Египет борбор калаасын алмаштырат


Каир.
Каир.

Египет өкмөтү борбор калааны башка аймакка көчүрөт. Учурда өлкө борбор Каирге жакын жерге 7 миллион тургунга ылайыкталган жаңы шаар курууну пландап жатат.

13-март күнү Каирде өткөн экономикалык өнүгүү боюнча эл аралык жыйында Египеттин курулуш министри Мустафа Мадболи ушул план тууралуу баяндама жасады.

Анын айтымында, соңку 40 жыл аралыгында Каирде элдин саны өсүп, экономикалык-социалдык жактан көйгөй жарала баштады. Айрыкча, унаа тыгыны негизги маселеге айланды. Мадболи белгилегендей, жакын арада Каирде жашагандар эки эсе көбөйүп, 20 миллионго жетиши мүмкүн.

Каирдин түндүк тарабындагы жаңы борбордун курулушу Египетте күчөп бараткан жумушсуздук көйгөйүн азайтууга негиз болору айтылууда. Учурда жаңы шаарга алып баруучу жол курула баштады.

Жаңы борбор калаа эмне деп аталары азырынча маалым эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG