Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Бетон - дүйнөнүн түркүгүнө айланды


Кытайдагы ири курулуштардын бири
Кытайдагы ири курулуштардын бири

Кытай дүйнөдө бетонду эң көп колдонгон жана экспорттогон өлкө болуп табылды.

"Кытайда 2011-жылдан бери жол салуу жана курулуш тармагында колдонулган бетондун көлөмү Америка Кошмо Штаттары жыйырманчы кылымда, атап айтканда 100 жыл бою имарат менен жолдорду салууга короткон көлөмдөн ашып түшүп, Билл Гейтс сыяктуу кыраакы аналитиктерди таң калтырды" деп кабарлайт The Economist журналы.

1900-жылдан 2000-жылга чейин Америка 4,4 гигатонна цемент (1 гигатонна цемент – 1 миллион метр кубга барабар) колдонгон. Ал эми экономикасы өнүгүү жолуна түшкөн Кытайда цементти пайдалануу көлөмү артып, акыркы үч жылдын ичинде эле 6,4 гигатонна бетон курулуш иштерине жумшалган.

Окумуштуу тарыхчы Вацлав Смилл цивилизацияга жана экономикага баа берүүдө бетондун орду чоң экенин белгилейт. Кытай жакынкы коңшуларына цемент экспорттоо жагынан дүйнөдө биринчи орунда турат. Маселен, 2008-жылы Кытайдын бетон экспортунан 1 миллиард 180 миллион 621 миң доллар киреше түшкөн. Таиланд Кытайдан ар бир тонна цементти 32 доллардан сатып алат. Ал эми Жапония менен Кореяда бир тонна цементтин баасы 34 доллар.

Европада цементтин баасы Азияга салыштырмалуу эки эсеге кымбат. Маселен, 2008-жылы Америка Кошмо Штаттары 2 миллиард 553 миллион доллардык цемент сатып алган.

Кытайда кыштактан шаарга көчкөндөр көбөйүүдө

АКШнын кошунасы Канадада бир тонна бетондун баасы 66 доллар, Европанын экономика лидери болгон Германияда 71 доллардан сатылууда. Кытайда цементтин дүйнөдө колдонулган өлчөмүнөн да көп көлөмдө пайдаланылышын аналитиктер тынымсыз өскөн калктын саны менен түшүндүрүшүүдө. Маселен, 2011-жылдан бери жыл сайын Кытайда 20 миллиондон ашуун калк айыл-кыштактардан шаарга көчүүдө. Баарын чогултуп келгенде Нью-Йорк, Лос-Анжелес жана Чикагонун элине барабар жаңы шаар тургундары пайда болду. Мындай массалык өзгөрүү акыркы жылдары эле болууда.

Мындан 50 жыл мурда эле Кытай калкынын 45 проценти гана шаарда жашачу. 2020-жылга чейин бул сан 60 пайызга көтөрүлөрү күтүлүүдө. 2000-жылдан бери азыркы заманбап Кытайдын темир жол, кара жол каттамдары, аба майдандары, көп кабаттуу имараттарынын жарымынан көбү курулду. Цемент баасынын жылдан жылга жогору болуусу элдин саны көбөйгөндөн улам дешет аналитиктер.

Кыргызстан да курулушта цементти көп колдонот

Бишкекте курулуп жаткан имараттар
Бишкекте курулуп жаткан имараттар

Кыргызстанда да азыр курулуш иштери арбып, бир метр куб бетондун баасы үч жарым миң сомдон беш миң сомго чейин көтөрүлүп жатат.

Бизде цементке альтернативдүү Америка же Жапониядагыдай темир, жыгач көп болгондо курулуш сапаты артмак, бирок темир кымбат болгондуктан, айла жок андан арзаныраак цементти колдонууга туура келүүдө дейт архитектор-долбоорчу Кабылбек Үмөталиев:

- Бизде цементтен башка кайсы курулуш материалын колдонобуз? Тандоо жок да. Себеби темир бизге чет элден алынып келинет. Жыгач да импорттолгондуктан аябай кымбат. Буларга салыштырмалуу цемент өзүбүздөн чыгып, кичине арзаныраак. Өнүккөн өлкөлөр эбак эле темир менен жыгачты, анан экологияга зыяны азыраак материалдарды колдонууга өткөн. Мисалы, Жапониянын сейсмикалык абалы биздикинен кыйла начар. Алар эчак эле темир конструкциялар менен үй курууга өткөн. Эгерде биз да темирди колдонсок, убакытты да сарамжал пайдаланып, сапатын да арттырмакпыз. Тилекке каршы, бизде азырынча мындай мүмкүнчүлүк жок.

1950-жылдары дүйнөдө цемент жана темир өндүрүшү теңтайлашып турган. Бирок 2010-жылы темир өндүрүмү 8 процентке, ал эми бетон 25 процентке жогорулап, темир доорун артка калтырды. Америка жана Европада элдин дээрлик басымдуу бөлүгү жыгач, темир конструкциялар менен салынган үйдө жашаса, Кытайдын бай же орто жашаган үй-бүлөлөрү экономикалык статусуна карабай цементтен салынган тамдарда жашашат.

Цементтин экологияга да терс таасирин адистер тынбай белгилешүүдө. Ал эми азыр дүркүрөп салынып жаткан Кытайдагы кооз, бийик бетон имараттар 20-30 жылдан кийин жарактан чыгып, талкаланып кайра салынса, цемент өндүрүп сатуу жана анын баасы азыркыдан бир топ эсе жогору болору күтүлүүдө.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG