Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:11

Совет мамлекетинин түзүүчүсү Владимир Лениндин: “Социализм массалардын ою менен тилегине айланса гана ишке ашат” деген таамай сөзү бар. Анын сыңары улуттук көз карандысыздык, мамлекеттин эгемендиги деген нерсе улуттун бир ууч элитасынын же интеллигенциянын эле эмес, жумурай журттун сыйынган туусуна, жан-дили менен берилген идеясына айланмайынча куру сөз бойдон кала бере турганын турмуш көрсөттү го.

“Азаттык” радиосунун Кыргызстандын эгемендигинин 23-жылдыгына арнаган "Элге кайрылыңыз" конкурсу ушул чындыкты дагы бир жолу шардана калды сыяктанат. Маселен, азыркы кайрылуулардын маани-мазмуну мындан 23 жыл баштагы кайрылууларга караганда асман менен жердей айырмалуу. Элдин саясий жактан алда канча жетилгени, көп нерсеге көзү эми жеткени ачык эле көрүнүп турат. Мамлекеттин тагдыры, анын эгемендүүүлүгү эң биринчи кезекте элдин колунда экендиги, аны бир ууч саясатчылардын колуна салып берүү - бери болгондо опурталдуу көрүнүш экенин сезүү - биздин коомдук аң-сезимдеги чоң жетишкендик деп айтсак аша чаппайбыз го.

Эгемендик идеясына айрыкча жаштардын, студенттердин улам терең сугарылып баратканы кубандырат. Демек, Кыргызстандын мамлекет катары келечеги сөзсүз бар. “Бир идеянын тегерегине биригели, ал үчүн ниетибизди, пейилибизди оңойлу, текеберчилик, ичи тардык, көрө албастык, бут тосмой деген жаман сапаттардан арылалы”,--дейт элге-журтка кайрылуусунда “Азаттыктын” угарманы Шайлообек Өмүралиев. “Келиңиздер, бири-бирибизге ишенели, себеби ишенимсиз турмуш жок. Келиңиздер, мамлекетке болгон ишенимди кайтаралы, себеби ишенимсиз жана ынтымаксыз эгемен мамлекет жок” деген ойду айтат экинчи бир угарман Гүлжигит Исаков.

Шүгүрчүлүк, кийинки учурда бийликти эле сындап отуруп албай, өзүбүзгө да сын көз менен караганга үйрөнүп келатабыз. Буга дале болсо кайрылуулар конкурсу күбө. “Жакшы жашоону алып келүү үчүн эл тараптан да чоң аракет, жардам керек”, дейт Исмаилжан деген угарманыбыз.

Дегинкиси, биздин жаштар, орто муундун өкүлдөрү чоң мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө билгени айрыкча кубандырат. “Кийинки жылдары мени ойлонткон олуттуу маселе - түндүк-түштүк маселеси,-деп кооптонот Бишкек шаарынын тургуну Өмүралы Тойчиев. - Аны чечүү үчүн билерман юристтер менен кеңешип, атайын жазалоо мыйзамын иштетүү керек го, антпесе бул кыргыздын чекесине чыккан чоң чыйкан болуп турат. Интернеттеги Фейсбук, Твиттер сыяктуу байланыш тармактарын карасаң, кыргыздар түндүк-түштүк болуп бирин-бири жеп жиберчүдөй тытышат. Андайларды ачыкка чыгарып, элге-журтка шермендесин чыгарууга мезгил жетти” - дейт угарман.

Ырасында да жан кейиткен маселе. Акыйкат да, адилет да сөз. Бул эбак мамлекеттик деңгээлде козгой турган маселе болчу. Ушуну адеп баштаган саясатчыларды эбак көзгө сайып көрсөтүү керек болчу. Андайларды саясатка же мамлекеттик кызматка эмес, жазалоо кодексинин беренелерине такап, соттош керек эле. Бирок ушул маселени аттуу-баштуу саясий ишмерлер, депутаттар же министрлер эмес, катардагы угарман кырынан коюп отурганы кантип кубандырбайт. Демек, маселе эбак бышып жеткен. Бышмак тургай кулгуна жарадай ириңдей баштаган, бирок аны биз көрсөк да көрмөксөнгө салып келебиз.

Азыркы кыргыз коомчулугунун дагы бир оорусу - бири-бирибизге ишеним жок, мээрим жок, жапакечтик жок. Кийинки учурда регионализм оорусу, уруучулдук илдети, жалган динчилдик, керек болсо бүтүндөй аймактын элин кордомой, мазактамай мамлекеттик деңгээлге чыгып, бийлик бутактарын былкылдаган сормо саздай каптап кетти. “Ойгонгула, кыргыз элим, ойгонгула! Бейиштей болгон жерибиздин кадырын билелик. Эртең кеч болуп калбасын. Бир кыргыздын айынан бардык кыргызстандык азап тартып калбасын”, - дейт Нуралы Арзыматов, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 2-курсунун студенти.

Дагы бир маанилүү көрүнүш, кайрылуулардын көпчүлүгүндө кыргыз элитасына карата сын-пикирлер көп экен. Албетте, анын өз жүйөсү бар. Айрыкча аксакалдарыбыз көп эле көйгөйлөрдү көрсө да көрмөксөн, билсе да билмексен болуп жатып алганы калппы? “Адегенде кыргыз интеллигенциясынын каймактары, силер бириккиле! Эки диплому бар, академик деген наамы бар, бирок мээсине топтогон билими элине пайда бербесе ал - өлүк билим. Өлкөнү туңгуюктан чыгара турган, элге туура багыт берчү силерсиңер”, деп жазат кайрылуусунда дагы бир угарман.

“Азыр элет өстү, элита өсө албай жатат” дейт Ак-Талаанын кулуну Марат Эдигеев. - Акыркы мезгилдерде элет турмушу кадыресе ирденди. Төгөрөгү жайлоо менен жаздоосуна жарашкан төрт түлүккө айланды. Шаардан ордун таба албагандар элетке кача баштады. Көз тийбесин, бул жакшынын белгиси. Алдыга умтулуучулугубуз, кулчулукту жериген, ага баш ийбеген намыскөйлүгүбүз бар экенин 21-кылымдын турмушу көргөздү. Мындай элге даанышман башчы жана мамлекеттик даанышман саясат туура келген болсо өлкө ойгонот эле, бутуна турат эле”, - дейт Марат.

Мына, чыныгы элдин үнү, улуттун үнү, келечекте мамлекеттин, анын суверенитетинин эгеси болгон уул-кыздарыбыздын пикири.

Акырында катардагы угарман эмес, мамлекеттик ишмер айта турган сөздү Шербол Жапаралиев айтыптыр: “Эң эски Конституциясы бар АКШ да демократияны орнотуу процессинде көп кыйынчылыктарга туш болгон экен. Алма өзү эле бышып, оозубузга түшө койбостур. Ошон үчүн, бул күнү мен кыргызстандыктарга бекемдикти тилемекчимин. Азыркы мезгилде бул биз үчүн тилене турган тилектердин эң керектүүсү”.

Эмне демекчибиз, тилектер кабыл болсун. Эгер эгемендик эмне экенин, мамлекет эмне экенин эл өзү ойлоп, ага жаштар демөөрчү болсо, аларга акыл сөзүн аксакалдар айтса, тажрыйбасын бөлүшсө мамлекет болбой, улут болбой кайда барабыз?

Улут да болобуз, мамлекет да болобуз, эгемендик да колдон эч качан кетпейт. Анткени өзүн мамлекеттин бирден-бир эгеси катары сезген эл бар, журт бар. Кыргыз эли бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG