Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

Раим Салимов: Террорчулар аялдарга басым жасоодо


Раим Салимов
Раим Салимов

Интернетте кыргызча жихад чакырыктары пайда болду. Мындай азгырык чакырыктар кооптуубу? Кылмыш дүйнөсү менен радикал динчилердин биригүүсү эмнеге алып барат? Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын жетекчи орун басары Раим Салимов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Өлкөдөгү диний абал кооптуу деңгээлге жеттиби?

Раим Салимов: Диний абал кооптуу деп айтсак болот. Бүгүнкү күндө бул өтө коркунучтуу нерсе болууда. Диний абал мынчалык кооптуу болот деп эч ким ойлогон эмес.

Баарыбызга маалым болгондой, 2005-жылы биринчи, андан соң экинчи революция болду. Көптөгөн көйгөйлөрдүн айынан дин тармагына көңүл бурулбай калган. Күндө митингдер болуп күч органдары ал мезгилде өзүнө тиешеси жок жумуштарды аткарып калган болчу. Революциядан кийин гана бул тармак менен иштеген органдар өздөрүнүн максатына жараша иш алып барышууда. Өзгөчө эки жылдан бери маанилүү жумуштар жасалууда.

"Азаттык": Өткөн жумада интернет тармагында Кыргызстанда террорчул деп таанылган уюмга тиешелүү делген видео жарык көрдү. Ал жерде жарандарга кыргызча жихад чакырыгы жасалды. Бул мезгилге чейин орусча, арапча жана башка тилдерде чакырыктар жасалып келген болсо, бул жолу кыргызча атайын чакырык жасалгандай. Кыргызча азгырык, чакырыктардын чыгышы кооптуу эмеспи?

Жихадга үндөгөн видеодон алынган сүрөт
Жихадга үндөгөн видеодон алынган сүрөт

Раим Салимов: Бул видеодо кыргыз жараны, кыргыз тилинде, кыргыз элине чакырык жасоодо. Бул аябагандай кооптуу нерсе. Биздин акыркы мезгилде Коопсуздук кызматы менен биргеликте күчөтүлгөн тартипте иштеп, маанилүү иш-чараларды, операцияларды өткөргөнүбүзгө жооп кылып, экстремисттер ушундай нерселерди уюштурууда.

"Азаттык": Сиздер мындай кооптонууларга кандай жооп бересиздер?

Раим Салимов: Биз мамлекеттин кишиси жана мамлекеттик орган болуп эсептелебиз. Ошондуктан мыйзам чегинде иш алып барабыз. Кимдер бул иштерди уюштургандыгы жөнүндө бизде, Коопсуздук кызматында жетиштүү маалымат бар. Булар кимдер экенин биз жакшы билебиз. Оперативдүү иштер жүргүзүлүүдө.

"Азаттык": Радикал уюмдардын интернеттеги үгүт иштерине каршы кандай ыкмаларды колдонуп келесиздер. Интернеттеги азгырыктарга каршы күрөшүүнүн таасирдүү жолун таптык деп айта аласыздарбы?

Интернетке чыккан сүрөттөр
Интернетке чыккан сүрөттөр

Раим Салимов: Кибер коркунучтар менен күрөшүүгө керек каражатыбыз да, күчүбүз да жетиштүү. 10-башкы башкармалыктын ичинде бул боюнча атайын түзүм бар. Экстремисттик уюмдар тарабынан жарыяланган маалыматтык согушка жооп берүүгө кудуретибиз жетет.

"Азаттык": “Ислам мамлекети” террорчул уюмуна кошулам деп Сирияга кеткендер боюнча тенденция кандай өзгөрүүдө?

Раим Салимов: Биз жасаган анализ боюнча кеткендердин саны кичине болсо да азайды. Бул бизди канааттандырбайт. Себеби Орусияга кетип, ал жактан Сирияга өткөндөр да бар. Бирок баса белгилей кетчү жагдай, акыркы мезгилде булар аял кишилерге жана алардын балдарына басым жасашууда. Себеби балдарды согушка даярдаштын кереги жок экен да. Балдар согушту көрүп жүрүп эле даяр болуп калат. Буга атайын каражаттын да кереги жок.

Андыктан ал жакка кеткен аялдар көбөйүп, бүгүнкү күндө алардын саны 105ке жетти. Эки жашар баласы менен кеткендер болгондой эле, жети айлык боюнда бар бойдон кеткендер да кездешет.

"Азаттык": "Хизбут тахрир" сыяктуу Кыргызстандагы радикал диний уюмдардын “Ислам мамлекетине” көз карашы кандай? Ага колдоо көрсөткөндөр барбы?

Рашод Камалов
Рашод Камалов

Раим Салимов: Албетте, бар. Мисал катары Рашод Камаловду айтсак болот. Ал элди чогултуп алып конституциялык түзүмдү күч менен кулатууга чакырган. Буга окшогон мисалдар көп.

"Азаттык": Радикал диний уюмдардын кылмыш дүйнөсү менен биригүүсү кандайча болууда? Өзгөчө жакында Бишкекте күч органдары уюштурган операциялардан кийин түрмөлөрдө радикал динчилдер менен кылмыш дүйнөсү биригүүдө деп айтылып келет.

Раим Салимов: Бул жөн эле айтылган сөз эмес. Мындай учурлар бар. Себеби түрмөлөрдө алар чогуу кармалат, чогуу жүрүшөт. Ал жерде динчилдер кылмышкерлерге сакалдарын койдуруп, радикал пикирлерин үйрөтүүдө. Радикал динчилдер түрмөдөн көбөйүүдө.

"Азаттык": Радикал диний уюмдардын, анын ичинде “Ислам мамлекети” делген уюмдун идеологиясына каршы кошуна мамлекеттерде атайын материалдар даярдалганын билебиз. Кошуна Өзбекстанда жихад жана халифат чакырыктарына каршы китептер жазылган эле. Кыргызстанда радикал диний идеологияларга жооп берүүчү китептер, эмгектер даярдалдыбы?

Раим Салимов: Коопсуздук кызматы жана Ички иштер министрлиги ушул максатта материалдарды даярдап келет. Негизи башка мамлекеттик органдар да чыгарса болот. Мисалы, Билим берүү министрлиги, Жаштар министрлиги да чыгарса болот. Негизи баарыбыз биргеликте иш алып барышыбыз керек. Биздин жетекчилик тарабынан ачылган жер-жерлердеги Коомдук профилактикалык борборлор жарандар менен иштешүүдө тыгыз иш алып барууда.

"Азаттык": Интернетте сиздердин сайтыңыздар барбы?

Раим Салимов: 10-башкы башкармалыктын өзүнүн расмий сайты жок. Бирок бул багытта иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жарандарыбыз Ички иштер министрлигинин расмий сайты аркылуу маалымат алуу жана бизге маалымат берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Биз жарандар менен байланышуу максатында ишеним телефонун ачуунун үстүндө иштеп жатабыз. Ошондуктан биз жарандарыбыздан жардам күтөбүз. Бул жалгыз эле биздин, Коопсуздук кызматынын эмес, жалпыбыздын ишибиз, кызыкчылыгыбыз.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

XS
SM
MD
LG