Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:08

"Батыровду тезинен кармоону талап кылам"


Исмаил Исаков "Азаттыктын" студиясында. 10-октябрь, 2016-жыл

Исмаил Исаков "Азаттыктын" студиясында. 10-октябрь, 2016-жыл

К.Батыровдун 6-октябрда «Азаттыкка» берген «Мени Кыргызстандан алдап чыгарышкан» деген маегиндеги мен жөнүндө айтылган сөздөрүнө тактоо киргизип кетким келет.

Кадыржан Батыровдун айтканы боюнча «19нан 20-майга оогон түнү таңда И.Исаков, Б.Алымбеков жана А.Сабировдор келишти, чогуу сүйлөштүк... Кадыржан, бизге кыйын болуп жатат, мына ипподромдо болгон нерсе беделибизди түшүрдү, бизге бир мүмкүнчүлүк бериңиз, Кыргызстандан үч-төрт күн чыгып туруңуз, биз кыргыз жарандарын бириктирип алалы, анан кайра келесиз, андан кийин чогуу иштешебиз» деп, андан сураныптырбыз. «Кепилдик сурасам, сиз камсанабай чыга бериңиз, посттордун бардыгына айтылды, эч кандай тоскоолдук болбойт» деп, анын чыгып кетишине кепилдик да бериптирбиз. «Андан кийин Исаков менен Бекназаров жаңжалга аралашканын уктум» деп, К.Батыров (өзгөчө мен жөнүндө) логикага, чындыкка таптакыр туура келбеген, бурмаланган жогорудагы маалыматтарды бериптир.

Биринчиден, «19нан 20-майга оогон таңда И.Исаков, Б.Алымбеков, А.Сабировдор келишти, чогуу сүйлөштүк» деген сөзү боюнча.

2010-жылдын 19-майында мага «Жалал-Абадда К. Батыровдун тарапташтары менен кыргыз тараптагы адамдардын кагылышуусу болуп жатат» деген маалымат түшкөндөн кийин, мен Роза Отунбаева менен сүйлөшүп, Б.Алымбековду алып, саат кечки бешке жакын Жалал-Абадга тик учак менен учуп бардым. Барганда учак менен шаардын үстүнөн айланып карасак, К.Батыровдуку деп мага көрсөтүшкөн университеттин короосунда 600-700дөй чогулган адамдарды жана тышында университетти курчап алган топторду көрдүк. Шаарга конорубуз менен аскерлер жана милиция кызматкерлери менен тараптарды эки жакка ажыратып, тирешүүлөрүн токтотуп, күч органдарына окуяны иликтөө боюнча тапшырма берип, кечки саат 8ден эртең мененки 6га чейин коменданттык саат киргизип, кайсыл жерде кандай постторду коюу жана элге коменданттык саатта жарандардын укуктарынын чектелүүсү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча областтык жана шаардык бийлик өкүлдөрүнө тапшырма берип жүргөм. Ошол маалда мага «Эртең саат 10.00дон тартып "Телтору" ипподромунда 10 миңдей адам митинг өткөрүп, өз талаптарын коет экен, көпчүлүк эл Сузак районунан келишет» деген маалымат беришти. Маалымат алгандан кийин шаарда дагы кагылыш чыгып кетпесин, митингдин тынч өтүшүн камсыз кылуу менен шаардын, митингчилердин коопсуздугун сактоо маселелеринин үстүнөн иштерди баштап, Сузак районунун акимине айыл өкмөттөрүн, депутаттарын чогултуп мени менен жолуктурууну тапшырдым. Алар 20-майда эртең мененки саат 4кө чогулушту (ошол учурдагы аким жана жолугууга катышкандар менин сөзүмдү тастыктап беришер). Алар менен 40 минутадай жолугушуу өткөрө коюп, эртең мененки 5ке жакын Жалал-Абад областынын Ички иштер башкармалыгынын имаратына келсек, кабинетте А.Сабиров менен дагы бирөө туруптур, ал "ИИМдин полковнигимин" деп өзүн тааныштырды. Мен алардан «Силер бул жерде эмнеге турасыңар, эмнеге келдиңер?» десем, А.Сабиров «Бизди Бишкектен жөнөтүштү, сизге жардам бергенге» деп жооп берди. Анда «Абдан жакшы болот экен, силер өзбек туугандар менен жолугуп, түшүндүргүлө, тирешүү, кагылышуу болбосун, ага жол берилбесин...» деп айткандан кийин А.Сабиров «Исмаил Исакович, кечээги окуяга түздөн-түз тиешелүү далил видео тасмалар бар, ошону көрүп койбойсузбу» деди. Мен ага «Жакшы болот, көрсөткүлө» десем, ал «Бул жерде көрсөтө турган аппаратура жок экен» деди. «Анда кереги жок, кийин көрөбүз» деп, Б.Алымбековдон тапшырмалардын аткарылышын, шаардагы акыбалды сурай баштаганда А.Сабиров мага кайрылып, «Исмаил Исакович видео тасманы көрүп койсоңуз, беш эле мүнөттүк жол, аппаратура даяр, убакыт деле кетпейт» деп суранды. Атайын Бишкектен келип, мени эртең мененки саат 5ке чейин күтүп турганын эске алып, эч жаман ой жок макул болдум. Чындыгында жакын эле жер экен, машина менен бир аз баргандан кийин чоң дарбаза аркылуу кирдик.

Машинадан Б.Алымбеков экөөбүз чыксак, эки киши тосуп алды, бири Кадыржан Батыровмун деп таанышып, кол алышты. Ошентип, мен аны менен өмүрүмдө биринчи жолу ушундай кырдаалда кокусунан жолуктум. Биз киргенде аппаратурасы көп комната экен «Менин убактым тар, кана тасманы көрсөткүлө» деген сөзүмдөн кийин даяр тасманы көргөзө башташты. Тасмада алар менен кагылышкан экинчи тараптын таш ыргытып жатканы, айнектердин сынгандарын көрсөтүштү. Көрүп бүткөндөн кийин ал «Исмаил Исакович мына өзүңүз көрдүңүз, бизде күнөө жок, имаратыбызга зыян келтиришти, бизге негизсиз дооматтар коюлууда, чет жакка эле чыгып кетсем окшойт, мен эмне кылышым керек?» - деп суроо менен кайрылды. «Эгер күнөөң жок болсо, четке чыксаң чыгып кет! Орусияга барасыңбы, башка жакка барасыңбы - өз эркиң, анан кайра келесиң» деген сөздөр менен жооп бергем. Андан соң «Тирешүүгө аралашпай жүргүлө. Азыркы көрсөткөн тасмаңар укук коргоо органдарына бергиле, биз экинчи тарапты дагы угуп, окуяны терең изилдеп көргөндөн кийин жыйынтыгы чыгарылат» деп чыгып кеттик. Болгону ушул. Ушунун баары жарым саатка жетпеген убакытта болгон. Ал эми Б.Алымбеков сөз деле сүйлөгөн эмес. Баса белгилеп кетчү нерсе, ошол кокусунан жолукканга чейин менде жана комендантта ага кылмыш иши козголгону же козголбогону жөнүндө бир дагы маалымат болгон эмес.

Ал эмес, ошол жолугушуудан кийин ипподромдогу митингди өткөрүп, элди тынч таратып, кечинде күч, укук коргоо органдарынын жетекчилерин чогултуп өткөргөн жыйында менин суроомо областтык прокурор «К.Батыровго кылмыш иши козголгон эмес» деп жооп берген. Ал жыйында тергөө процесстерине көзөмөл кылган Башкы прокурордун орун басары Рыскул Бактыбаев да бар болчу.

Батыровдун айтканындай эмес, Б.Алымбеков экөөбүз А.Сабировдун 19-майдагы тараптардын кагылышуусуна тиешеси бар далил видео тасманы көрүп коюу өтүнүчү менен барып, аны менен кокусунан ошондой кырдаалда жолукканбыз. Андан кийин мен аны бир да жолу көргөн жокмун.

Дагы бир маанилүү факт - 22-майда анын университетинин короосунда өзбек аксакалдардын суранычы менен эки миңге жакын чогулган өзбек туугандар менен жолуккам. Алар «К.Батыровдон колуңду тарт!» деген плакаттарды көтөрүп алышыптыр. Катышуучулардын баары сүйлөп бүткөндөн кийин алардын койгон маселелерине жана суроолоруна жооп берип жатып, «Туугандар, К.Батыровдон колуңду тарт деген плакат менен турасыңар, эгерде анын күнөөсү жок болсо келип, далилдеп бербейби? Эмнеге качып жүрөт...?» деп аларга кайра берген суроомо жанымда турган бир тууган агасы (мага ага чейин кулагыма шыбырап агасы деп айтышкан) эле эмес, ошол жердеги элдердин бири дагы жооп бере албай, унчукпай калышкан.

Экинчиден, «Кадыржан, бизге кыйын болуп жатат, мына ипподромдо болгон нерсе беделибизди түшүрдү, бизге бир мүмкүнчүлүк бериңиз, биз кыргыз жарандарын бириктирип алалы» деп мени айтты деген сөзү боюнча.

Бүткүл кыргыз эли билсе керек, эч качан кыргыз жарандары бири-бири менен тирешкен эмес. Ким билет кыргыз жарандарынын көчө-көчө, айыл-айыл болуп тирешкендир? Андан «үч-төрт күнгө чыгып кетиңиз кийин кайра келесиз, бизге мүмкүнчүлүк бериңиз» - деп суранып, жалынгандай ал мен үчүн ким эле? Тирешүү болгон күндө дагы анын бары же жогу мен үчүн «до фени» болчу. Анын үстүнө ал ошол учурда келтек жеген адамдай кирерге «ийин» таппай, эмне кылышын билбей эки көзү жалдырап айласы кетип, университетинин имаратынан чыга албай турган учур эмес беле. Аны ал унутуп калса керек. 2010-жылдын 19-майында мен учуп барып тараптарды ажыратып, «кагылышты» жөнгө салганга чейинки акыбалды элестетип көрсөңөр. Ар тараптан курчалып, анын келмеси оозуна келбей калган. К.Батыров өзү менин жардамыма муктаж болуп турса, мен андан жардам сурап жалынамбы? Эмненин негизинде, кайсыл максат менен «үч-төрт күнгө чыгып кетиңиз, кийин кайра келесиз» деп андан суранмакмын? Бул абсурд эмеспи!

Ал эми «Ипподромдогу окуя беделибизди түшүрдү» - деген сөзү анын супер жомогу, ал убакта ипподромдогу митинг боло элек болчу, ипподромдо митинг кийин, тагыраак айтканда саат 10дон кечки 4кө жакын убакытта болгон. Аны мейли мен унутайын, мейли башкалар унутсун, ошол митингге катышкан жети миңге жакын адамдын жок дегенде миңи, же жүзү унутпаса керек. Анан болбогон нерсени болду, беделибиз түштү деп психикасы чатак адам дагы айтпаса керек. Ушул жалгандан эле анын сөздөрүнүн чындыкка такыр дал келбегенинен толук жыйынтык чыгарса болот .

Үчүнчүдөн, «Кепилдик сурасам, сиз камсанабай чыга бериңиз, посттордун бардыгына айтылды, эч кандай тоскоолдук болбойт, анан кайра келесиз, андан кийин чогуу иштешебиз» деген сөздөрү боюнча.

Бул дагы катардагы анын жалганы. Себеби, андай сөз айтылыш үчүн менде кандайдыр бир мотив болуш керек болчу. Эч бир мотив болбосо, өмүрүмдө аны тааныбасам, мурун такыр билбесем, каяктагы кепилдик? Алар, өзгөчө илгери мени менен бирге депутат болгон А.Сабиров менин позициямдын өтө катуулугун жана мыйзамсыз, сепаратисттик иштерге такыр барбаганымды жакшы билишкен. Ошондуктан А.Сабиров «анын фамилиясын мага айтпай туруп, видео тасманы эле көрүп коюңуз» - деп башка мотив менен мени жолуктурганга мажбур болушкан.

Менин оюмча алар 20-майда эртең мененки саат 4кө чейин ким экендигим жөнүндө сөзсүз сүйлөшкөн болуш керек. Алар менен кепилдик тууралуу сөз эмес, жыты дагы чыкпаганын жана келечектеги аны менен бирге эч качан «колтукташып» иштебешибизди так жана ачык билишкен. Анан эмнеге мен ага кепилдик берип, кийин иштешебиз деп айтышым керек эле? Ошондуктан, өзүмдүн түздөн-түз милдетимди аткаруу учурунда А.Сабировдун «19-майдагы тараптардын кагылышуусуна тиешелүү далил видео тасманы көрүп коюңуз» деген суранычы, өтүнүчү менен барып, кокустуктан өмүрүмдө биринчи жолу жолуккан адамга кантип кепилдик берип, кийин бирге иштешүү жөнүндө келишим түзмөкмүн, бул дагы анын катардагы ЧОҢ апыртмасы.

Төртүнчүдөн, «Исаков менен Бекназаров жаңжалга аралашкан деп уктум» дегени боюнча.

Мен ошол май жана июнь окуялары боюнча түштүк регионунда бардык мамлекеттик органдардын иштерин координациялап, стабилдиликтүү орнотуу үчүн бекитилген өкмөттүн өкүлү болсом, анан тескерисинче кантип жаңжалга аралашайын? Аралашыш үчүн өз милдетимди таштап коюп, тараптардын биринин арасында жок дегенде таяк көтөрүп жүрүшүм керек эле, же болбосо түштүк регионунда стабилдүүлүктү орнотуу үчүн иштеп жаткан мамлекеттик органдардын жетекчилеринин бирине «бир тарапка жардам» бер деген көрсөтмөм болуш керек эле. Анан менин көрсөтмөм эң аз дегенде үч-төрт баскычтан өтүп, андан кийин гана аткаруучуларга жетиш керек. А.Бекназаров жөнүндө да ушундай эле айтмакмын. Ошондуктан, анын «жаңжалга аралашкан деп уктум» - деген сөзү чындыка жатпаган, жалган, эл арасына атайылап чачкан «үрөндөрүнүн» жана биз жөнүндө айткан апыртмаларынын бири.

Ошентип К.Батыровдун мен жана башкалар жөнүндө берген маалыматтары жогорудагы конкреттүү факттардын жана далилдердин негизинде чындыкка жатпаган, жалган жана атайын бирөөлөр тараптан каралоо максатында пландаштырылып, уюштурулуп жаткан иш-аракет.

Албетте, ушундан негиздүү суроолор жаралат.

Эмне үчүн К.Батыров күнөөсү жок болсо өлкөгө келип, ачык сот процессинде өзүнүн актыгын далилдөө боюнча чараларды көрүүгө аракет кылбайт? Эмнеге бир гана чыгып кеткендиги жөнүндө маселени көтөрөт? Аны мамлекеттик маанилүү нерседей жогорку деңгээлде кырааттап алып чыгышат?

Эмне үчүн соттун аны күнөлүү деген чечимдерин, Жогорку Кеңештин К.Батыровду издеп таап келүү боюнча токтомдорун бүгүнкү күнгө чейин аткарбаган, элдин салыгынын эсебинен жашап, өз милдеттерин так аткарбаган тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жазалоонун ордуна эч майнап чыкпаган негизги эмес, мааниси жок маселелер көтөрүлөт?

Менин жеке оюмча, бул ызы-чуунун чын-төгүнүн аягына чыгыш үчүн бүгүн өлкөдө жана бардык массалык маалымат каражаттарында бир гана маселе көтөрүлүшү зарыл. Кыска мөөнөттүн ичинде тиешелүү мамлекеттик органдар К.Батыровго кишен салып, керек болсо «уурдап, капка салып» Кыргызстанга алып келүүсү керек. Соттолгонуна, улут аралык кастыкты козутууга, ар-намысты басмырлоого багытталган жана сепаратисттик аракеттери менен мамлекеттин коопсуздугуна түздөн-түз зыян келтиргенине байланыштуу К.Батыровду тез аранын ичинде ким болбосун кармап келиши керек. Аны кармап келгендерге мамлекет тарабынан өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасынын негизинде жок дегенде миллион доллар сыйлык берилери жарыяланыш зарыл. Аны Кыргызстанга алып келгенден кийин гана азыркы көтөрүлүп жаткан жана башка маселелерге чекит койгонго толук мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мен бардык тиешелүү бийлик бутактарынан К.Батыровду кармап, тез аранын ичинде Кыргызстанга алып келишин талап кыламын.

Исмаил Исаков,

2016-жылдын 9-октябры

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.​

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG